Чүй облусунда отунга үнөмдүү мештерди көбүрөк колдоно башташты

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 26, 2018 11:41

Чүй облусунда отунга үнөмдүү мештерди көбүрөк колдоно башташты

21 Чүй облусунун аймагында отунга үнөмдүү болгон очокторду салуу акыркы күндөрү  эл арасында тез жайылып, кызыккандар көбөйдү. Бул тууралуу очок менен мештерди салган уста Максат Абакиров билдирди. Максаттын айтымында ал жыл башынан бери 180ге жакын очок салган. Заказдар ушунчалык көп болгондуктан үйгө барган учурларым деле аз болуп калды деп белгилейт.

Уюштуруу иштерин “Айылдык жаштарга кесип үйрөтүү”  коомдук фонду аткарууда. Алардын айтымында мындай очоктор отунду эки эсе аз коротуп, кожоюндун капчыгына бир топ эле пайда алып келет. Очокту бир, эки, үч көздүү кылып, түрдүү кылып жасап алса болот. Өзгөчөлүгү буга чейинки очоктордо оттун жалыны негизинен морго кетип, казанга бир аз бөлүгү (40-50%) гана тийип калса, бул очоктордун жалыны казанга толук тиет.

Анткени очокту салганда тегерете туюк кылып көтөрүп, тулганы коёрго жеткени калганда тегерете (жарты кирпичтин эниндеги бир нече тешиктер) тешиктер чыгарылат. Иш жүзүндө очокто жагылган отун дароо эле негизги мор аркылуу “асманга сорулуп кетпейт”, жалын толугу менен казанды ысытып, таманына тегиз тиет. Ашкан жалын казанды ысыткандан кийин тулганын алдындагы бардык тарапка кеткен тешиктер аркылуу тегиз чыгат. Натыйжада казан тез ысып, чакан эле чырпыкка тамак бышырып алса болот.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 26, 2018 11:41

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина