Чүй облусунда логистикалык борбор ачылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 17, 2017 14:11

Чүй облусунда логистикалык борбор ачылды

6 Чүй облусунда логистикалык борбордун ачылышы – айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн инфраструктураларды түптөөдөгү маанилүү кадам. Экендигин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев «Кыргызцентрпродукт»  ЖЧИ тарабынан курулган логистикалык борбордун ачылышында билдирди.

«Биздин өлкөнүн экономикасында айыл чарба маанилүү ролду ойнойт. Калктын 65% дан ашыгы айыл жеринде жашап, айыл чарба тармагында эмгектенет. Муну эске алуу менен Өкмөт айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл буруп, экспортко багытталган азыктарды колдоп, импортту алмаштыруучу ишканаларга жеңилдетилген насыяларды берүүдө», – деди ал. Заманбап айыл чарбасы- азыктарды өндүрүү, өстүрүү, кайра иштетүү жана маркетинг боюнча салымдардан турган уюшулган система экендигин белгиледи.

«Чүй облусунда логистикалык борбордун ачылышы аймактагы дыйкандарга айыл-чарба азыктарын өстүрүп  сорттоого, топтоп сатууга даярдоого,  аларды сактоого жана аны ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Бул борбор Чүй облусунун дыйкандарына өсүмдүктөрүн өндүрүүнү жогорулатуу үчүн стимул болот жана айыл-чарба секторун өнүктүрүүгө салым кошуп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы экспортту көбөйтүүгө жана сатууга жакшы жардам берерине ишенем», – деди Дүйшөнбек Зилалиев.

Айта кетүүчү жагдай, Логистикалык борбор бир эле убакытта 4 200 тонна айыл-чарба азыктарын (картошка, сабиз, капуста, пияз) жууп, сорттоп сактай алат.Ишкана заманбап үлгүдө курулуп, жергиликтүү азыктардын ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгуусуна шарт түзөт.Учурда«Кыргызцентрпродукт» ЖЧИ Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусунун дыйкан-фермерлеринен айыл чарба азыктарынын 6 түрүн сатып алууну пландаштырууда.

Гүлсүн Аманалиева

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 17, 2017 14:11

Парламент

Элдик медицина