Чүй облусунда эки көчмө кабылдама ишке киргизилди

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2019 11:18

Чүй облусунда эки көчмө кабылдама ишке киргизилди

13 Чүй облусунда 2019-жылдын 18-июнь күнүнөн тарта жайкы туристтик мезгилге карата чет өлкөдөн келген жана жергиликтүү эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында милициянын 2 көчмө кабылдама пункту ишке кигизилди. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги милициянын көчмө кабылдамасы менен кезметке чыккан кызматкерлерге нускама өткөрүп, жарандарга сылык мамиле жасоого, эс алууга келген туристтердин жана ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоого чакырды. Бул көчмө кабылдамаларда үчтөн кызматкерлер нөөмөттө турушуп, өздөрүнө бөлүнгөн жол карталар боюнча иш алып барышат. Көчмө кабылдама жарандардан түшкөн арыз-даттанууларды кабыл алып, аларды ыкчам түрдө чечүүнү колго алып, жардам сурагандарга кеп кеңештерди берүүнү жүзөгө ашырышат. Аталган пункттар жайкы эс алуу мезгили аяктаганга чейин бир автоунаа Аламүдүн районундагы Ленин айылынан тарта “Гавайи” эс алуу борборуна чейинки аймакта күзөттө жүрсө, 2-көчмө кабылдама “Гавайи” эс алуу борборунан Ысык-Көл облусуна чейинки айланма жолдогу коопсуздукту камсыз кылышат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2019 11:18

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина