Чүй облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белек тапшырылды
-Тактап айтсак, Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров Аламүдүн районуна тийиштүү айылдарга барып, бөбөктөрдү жаңы-жылы менен куттуктап келди.
Ошондой эле Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечими менен ар бир райондо бөбөктөр үчүн белектер таркатылып жатат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Региондорду ѳнүктүрүү, ѳлкѳнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жѳнүндѳ» ПЖ №1 Жарлыгын аткаруу максатында жана ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын колдоо үчүн, Жаӊы жылга карата белектерди берүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондусунан 1000 балага таттуу белектер ошондой эле 18 балага планшет берилди.