Чүй облусунда адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн кординациялык кеңешмеси өттү

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 13, 2018 10:28

Чүй облусунда адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн кординациялык кеңешмеси өттү

9 Бүгүн Чүй облусунда адам сатуунун алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешинин иш отуруму болуп өттү.

2017-жылдын 15-ноябрында чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №743 программасына ылайык, Адамдарды сатууга каршы күрөшү боюнча Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү 2017-жылдын 18-декабрында № 296-б буйрутмасын чыгарган.

Буйрутмада “Адамдарды сатууга каршы күрөшүү” боюнча Чүй облустук Координациялык кеңеш түзүү, анын курамын бекитүү жана облустук  деңгээлдеги иш-чараларды иштеп чыгуу белгиленген.

 

Бүгүнкү координациялык кеңешке Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова, Чүй облустук сот, прокуратура, УКМ башкармалыгы, Чуй ИИББ, бажы кызматы, Чек ара, Чүй облустук Эмгек жана социалдык- өнүктүрүү министрлиги, Саламаттыкты сактоо башкармалыгы, Билим беруу, акыйкатчы, ММК, жарандык жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Чуй облусу боюнча “Адамдарды сатууга каршы күрөшүү” координациялык кеңештин төрагалыгына  Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Солтонбекова А.К., төраганын орун басарлыгына Чүй ИИББнын жетекчиси жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башкы адиси кеңештин катчылыгына, ошондой эле  Кеңештин мүчөлөрүн шайлоо болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө Кеңештин төрагасы мындай иш-чаралар район, айылдарга чейин толук кандуу жеткирүү үчүн билим берүү мекемелерин тартуу менен карапайым калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендигин баса белгиледи.

“Мындай иш-чарага Чүй облусунун ар бир жараны кайдыгер карабайт деген ойдомун. Адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн 100 күндүгү башталып отурат.  Координациялык кеңештин курамынан тышкары облустун бардык жарандары кайдыгер карабай, түшүндүрүү иштерине жардам берет деген үмүтүм бар. Маалыматтын жетишсиздигенен канчалаган атуулдарыбыз алданып калган учурлар кездешет. Ошондуктан, ушул иш-чара ийгиликтүү жыйынтык берээрине ишенем”-деди А.Солтонбекова.

Гүлсүн Аманалиева 

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 13, 2018 10:28

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина