Чүй облусунда 1-класска баруу үчүн 23 миңден ашык бала катталды

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 29, 2020 02:32

Чүй облусунда 1-класска баруу үчүн 23 миңден ашык бала катталды

5 Чүй облусунда 1-класска баруу үчүн 23655 бала катталды. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Аширбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, балдардын, мугалимдердин жана ата-энелердин ден соолугу үчүн кооптуу абалды алдын алуу максатында 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегин дистанттык формада өткөрүү каралган. Ал эми биринчи класстар салттуу түрдө окутулат.

«Жумушчу комиссия түзүлүп, билим берүү мекемелеринде текшерүү жүргүзүлдү. Окуу процесси бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өтөт», — деди ал.

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 29, 2020 02:32

Приемная кампания 2020

Элдик медицина