Чүй облусу өнөр жай тармагында 86,5 млрд.сом продукция өндүрдү

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 15, 2019 10:27

Чүй облусу өнөр жай тармагында 86,5 млрд.сом продукция өндүрдү

 3 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы       № 194 токтому менен бекитилген «2018-2022-жылдардын мезгилине Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 23-апрелинде “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” ылайык 2019-жылга карата түзүлгөн иш-аракеттер Планын бекитүү жана “2018-2023-жылдарга карата түзүлгөн иш-аракеттер планы бекитилген.

2019-жылдын 9-айдын жыйынтыгы боюнча, Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары болуп өнөр жай, айыл чарбасы, курулуш жана башка тармактарды өнүктүрүү болуп саналат. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевге суроолор менен кайрылдык.

-Алтынбек Абдысаламович, Чүй облусу мамлекетибиздин өнөр жай тармагындагы “локомотиви” катары карасак болот. Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыктары туралуу айта кетсеңиз?

2019-жылдын  9 — айдын ичинде Чүй облусунун өнөр жай секторунда 86 млрд. 546,9 млн. сомго продукция өндүрүлгөн, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу (75775,5 млн.сом.) 10 млрд. 117,4 млн.сомго көбөйгөн же 104,3 % ды түздү десек болот.

Тактап айтканда, январь-сентябрь айларында өнөр жай продукциясын 2018-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу, кайра иштетүү өнөр жайы 5,5 эсеге, электр жабдууларын өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү 2,3 эсеге, текстилдик жана тигүү өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү 1,8 эсеге, металлдардын жана даяр металл буюмдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү 29,9 эсеге, химиялык затты өндүрүшү — 19,8 %га өсүшү менен шартталган.

Ошол эле учурда аткарылбай калган же өндүрүштү артка тартып жаткан ишканалар дагы бар да…

 Ооба, бүгүнкү күндүн көйгөйү катары өндүрүштүн көлөмүнүн төмөндөшү тазаланган мунай затт — 61,3 эсеге, резина жана пластмасса буюмдарын, башка металл эмес минералдык азыктарын 9,0%га төмөндөгөн. Ушуну менен катар суу менен камсыздоо, агын сууларды тазалоо, таштандыларды жок кылуу жана зыянсыздандыруу калдыктарды кайра иштетүү боюнча кызматтар — 24,7%, жана электр энергиясы, газ, буу жана кондиционерленген  аба – 2,7 пайызга, пайдалуу кен казып алуу 1,2 пайызга төмөндөгөнүн айтсак болот.

Чындыгында, республикадагы өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнө карата Чүй облусундагы продукциясынын салыштырмалуу салмагы 44,1 %ды түздү. (маалымат катары : Ысык-Көл –  23,7%, Джалал-Абад – 9,9%, Баткен – 1,0 %, Ош – 4,1 %, Нарын – 0,8%, Талас – 0,6 % областары жана Бишкек ш.  – 14,2 %, Ош ш.–1,6 %) айта кетсек болот.

9 айдын жыйынтыктары боюнча өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмү бардык райондорунда аткарылды, бирок Панфилов жана Ысык-Ата райондорунда аткарылган жок. Анын аткарылбай калган себептери:

Панфилов району боюнча “Кайынды-Кант” ачык акционердик коом өндүргөн продукциянын көлөмү 365,7 млн.сом түздү. 2018-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 696,2 млн. сомго аз, же номиналдык өсүү темпи камсыздалбай  34,4 % түздү. 2019-жылы ишканада сезон январь айы менен аякталса, 2018-жылы февраль айында ишкана иштеп жаткан. Андан тышкары 2018-жылы июль айында тростник-чийки зат иштетилип, өндүргөн продукциянын көлөмүнүн көрсөткүчтөрү жогору болгон. 2019-жылдын 1- октябрына карата 69,1 миң тонна кызылча кабыл алынып, 46,9 миң тоннасы кайра иштетилип, 5,96 миң тонна кумшекер чыгарылган.

Ысык-Ата районунда ААК «Кант цемент заводу» өсүү темпинин төмөндөшүнүн себеби, Жалал-Абад областында бул жылы цемент төмөнүрөөк баада импорттолуп баштады. Ошондой эле, казак теңгесинин нарксызданышынын себептеринен улам, казак цементи бир кыйла төмөн баада биздин базарда сатылып жатат.

Чүй облусундагы өнөр жай тармагы туралуу токтоло кетсеңиз?

Чүй облусу боюнча 140 ири өнөр жай ишканалары бар. Алардын ичинде 61 ишкана туруктуу иштейт.

Ошону менен бирге, 56 өндүрүштүк ишканалар тарабынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнүнүн өсүү темпи аткарылган жок.  Ал эми 17 ишкана сентябрь айында убактылуу иштеген жок.

Негизги себеби катары чийки заттарды жана материалдарды сатып алууга каражаттардын жетишсиздиги, жабдыктардын эскириши, буйрутмалардын жоктугу  жана атаандаштыктын ар кандай себептери менен   Чүй облусу боюнча 6 ири  ишкана  токтоп турат турат. Алар: Кемин районундагы «Ак-Таш» ААК  акиташ чыгаруучу заводду, Жайыл районунда «Кара-Балта-Килем» ЖЧК —  килем  чыгаруу  ишканасы жана «Бакай-Инпак» БИ —  мешкотара чыгаруу  ишканасы.

Токмок шаарында «Токмокский завод КСМ» ААК , Чүй районундагы «ККБФ» ААК –гигиеналык кагаздарды чыгаруучу ишканасы. Москва районунда «Ак-Суу Вита» ЖЧК – заводдору.

Андан сырткары, Москва районундагы токтоп турган ЖАК “Булак-Аби” – дубал материалдарын чыгаруучу ишканасында ЖЧК “Дан Агропродукт” логистикалык борбордун даярдык иштери  жүргүзүлүп жатат, ЖЧК “Пиво Беловодское” токтоп турган ишканасында  жаңы ЖЧК “Дары земли” айыл чарба продукциясын (томат) кайра иштетүүчү заводдун курулушунун 1-баскычы аяктап ишке берилди. Токмок шаарында 2010-жылдан бери токтоп турган “СССР-АС” ЖЧК — сүттү кайра иштетүү ишканасы Россия Федерациянын ЖЧК “Компания “МолПродукт” тарабынан сатылып алынды. Азыркы учурда  ишкананы кайра иштетүүгө даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй облусу боюнча 2019-жылдын январь-сентябрь айларында жеке ишкерлер тарабынан  жаӊы 114 кичи жана орто ишканалар ачылып, 736 иш орун түзүлүп, 1213,8 млн. сом сарпталды.

        Чүй облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги  тармактары  камтылган иш-аракеттер  планы бекитилген эле. Канчалык деңгээлде ишке ашты? 

         2019-жылдын  9 айынын жыйынтыгы менен бекитилген иш-аракеттер  планына   киргизилген долбоорлордон 1 млрд 3 млн  сомду түзгөн 91 долбоор аткарылды.

Мисалы, өнөр жай тармагы боюнча  5 долбоор  377,9 млн.сомго  аткарылды. Анда,

Сокулук районунун Шопоков шаарында “Ак-Кайыӊ” кагаз фабрикасына жеке инвестиция   220 млн.сом  сарыпталып, курулушу аяктады;

-Фрунзе айыл өкмөтүнүн Комсомольское айылында Cool Bross   текстиль тигүү фабрикасын   курууга жеке инвестиция   68,0 млн.сом,   ЮСАИД фондунан 40,8 млн.сом же жалпы суммасы 108,8 млн.сомду түзгөн инвестиция тартылып,  ишке берилди;

-Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жел-Арык айылында   темир-бетон буюмдарын чыгыруу заводдунун биринчи   этабын курууга 36 058,0 миӊ сом сарпталып, ишке берилди.

— Ысык-Ата району Кант шаарына ЖЧК «АНАН-Сары-Таш» ишканасын кенейтуу боюнча ташты кайра иштетип чыгуу цехинин 2-чи линиясын курууга 3,0 млн сом жеке инвестиция   тартылып, ишке киргизилди.

— Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында сүттү кайра иштетүү ишканасын курууга   “Кант-Сүт” ЖЧК  тарабынан 10,0 млн. сом каржыланып, учурда ишканада сүттү кабыл алуу  суткасына 20 тоннага чейин муздатуу менен башталды.

-2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында аймактарда кандай иштер жүргүзүлдү?

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы №2-чечими менен жактырылган “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-июлундагы №245-б буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы №20-б буйругу менен бекитилген “Санарип Кыргызстан    2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча “жол картасынын” аткарылышын координациялоочу облустук штаб түзүлгѳн.

Чүй облусунун ар бир районунда жана Токмок шаарында “Санарип Кыргызстан    2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча “жол картасынын” аткарылышын координациялоочу райондук жана шаардык штабдар түзүлгѳн жана алардын иш пландары бекитилип бүгүнкү күндѳ медиа-пландарга ылайык массалык маалымат каражаттарынын жардамы менен эл арасында санариптештирүү тууралуу иштер жүргүзүлүүдѳ. Ар бир райондук шаардык кеңешмелерде, жыйындарда санариптештирүү алкагында маселелер талкулоого алынууда.

Бүгүнкү күндө облустун аймагында 19 инновациялык билим берүү мекемелерин интернет менен камсыз кылуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлдү. 2018-2019 окуу жылдын башында 251 мектеп интернет менен камсыз болсо (же 77%), 2019-жылдын 9 айына карата Чүй облусу боюнча жалпы 317 билим берүү мекемеси интернет менен камсыз болду, же 98% түздү.  Калган 8 мектепте ААК «Телеком» аркылуу интернетке кошуу жүргүзүлүп жатат (бирок модем аркылуу интернет байланышы бар).

Чүй облусунун 105 айыл өкмөттөрүндө жана 7 шаарында 100% интернет тармагына туташтырылып иш алып барууда анын ичинде 47 айыл өкмөтү жана 5 шаар оптоволокондук интернет тармагы менен колдонууда.

Чүй облусунун облустук жана райондук ички иштер башкармалыктары бүгүнкү күндө 100% интернет тармагына туташтырылган.

- e-kyzmat тутуму боюнча дагы токтоло кетсеңиз?

-Азыркы учурда, Чүй облусунун райондук мамлекеттик администрациялары жана Токмок шаарынын мэриясы e-kyzmat тутуму боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Электрондук документ алмашуу тутуму жөнүндө: 2019-жылдын            30-сентябрында жана 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Чүй облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын жана Токмок шаарынын мэриясынын кызматкерлерине “Infodocs” электрондук документ алмашуу тутумун ишке киргизүү жөнүндө окутуу семинарын уюштурган.

-Чүй облусунда инвестиция тартуудааткарылган иштер туралуу дагы айта кетсеңиз?

  -Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү максатында USAID долбоору аркылуу  6  өндүрүштүк ишканага 312,0 миң АКШ доллар инвестиция тартылып, ишке киргизилди (өндүрүштүү кеңейтүүгө 3 долбоор, жаны ишкана ачууга 3 долбоор).

Орус-Кыргыз өнүгүү фонду тарабынан:

— айыл чарба өндүрүшүнө жана кайра иштетүү ишканаларына  259 долбоорго инвестиция 54,2 млн АКШ доллар;

— өндүрүш тармагына 36,3 млн АКШ долларды түзгөн 94 долбоор;

-транспорт тармагына 23 долбоор 3,5млн АКШ доллар;

— инфраструктураны өнүктүрүүгө  5 долбоор  459,0 миң АКШ доллар;

-туризм 14 долбоор 3,9 млн АКШ долларды жана башка тармактарга 1,1 млн  АКШ   долларга 10 долбоор  аткарылды.

-2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып жаткан учурда 22 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылат — деген сөз болду эле. Жыйынтыгы кандай болду?

 -Чүй облусунда  жалпысынан 105 айыл аймактарынын ичинде 68 айыл өкмөтү дотацияда, 2019-жылдын 5-февралындагы №1 – коллегия чечими менен 2019-2022 жылдардын ичинде дотациядан 22 айыл өкмөттөрдү чыгарууну пландаштырылса, 2019-жыл ичинде 12 айыл өкмөтүн чыгаруу   пландаштырылган. Учурда  Кемин районунда Ак-Тюз айыл өкмөтү дотациядан чыкты, калган дотацияда турган айыл өкмөттөрдүн чыгуусу финансалык жылдын жыйынтыгы менен Финансы министрлиги тарабынан аныкталат.

-Чүй облусу 9 айдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба продукциясын 102%ка аткарылганын уктук…

Ооба, айыл чарба продукциясын дүңүнөн өндүрүү 44631,2 млн. сомду же былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 101,9 % түзгөн.

Республиканын жалпы көлөмүнө карата Чүй облусундагы айыл-чарба продукциясынын салыштырмалуу салмагы 26,6 % түзөт. Анын ичинен талаачылыктын 58,4 %, мал чарбасы 39,1 %, токой жана балык чарба 0,1 %, башка кызмат көрсөтү 2,4 %.

Чүй облусу боюнча баардыгы 427,4 миӊ га айдоо жерлери бар. Анын ичинен 320,0 миӊ га сугат 107,4 миӊ га кайрак айдоо жер.

2019-жылдын түшүмү үчүн Чүй облусу боюнча баардыгы болуп 419100 га жерге айыл чарба өсүмдүктөрү себилди, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 253 га көп. Жалпы дан эгиндер 248018 га, анын ичинен буудай 106588 га, арпа 109184 га, сулуу 581 га, жүгөрү 31504 га.

Облус боюнча колдонулбай калган жерлер жылдан-жылга азайып баратат. Эгерде 2018-жылы колдонулбай калган жерлердин жалпы аянты 5413 га болсо, 2019-жылы 4930 га түздү, болбосо кыскарган аянт 483 га болду.

Ошол эле учурда пайдаланылбай калган жерлердин бар экендигин билебиз. Себептери  эмнеде?

Туура айтасыз, бүгүнкү күндѳ колдонулбай калган жерлердин эӊ кѳбү Сокулук районунда 1408 га жана Москва районунда 780 га.

Токмок шаарында кѳп жылдардан бери колдонулбай калган аянт 108 га болуп турат.

Айдоо аянттардын пайдаланылбай калуусунун негизги себептери, калктуу конуштан алыс болгондугу ошондой эле экономикалык негизсиздик, продукция алуу үчүн жумшалган акчанын кайтарымы жок болгондугу. Мына ушул жагдай пайдаланылбаган жердин 80-90 пайызын түзѳт.

Колдонулбай калган жерлер боюнча эӊ кѳйгѳйлүү маселе бул –облустун дээрлик бардык райондорунда мыйзамсыз салынып кеткен үйлѳр ээлеп турган жер тилкелери. Бүгүнкү күндѳ ошондой жерлер отчёт боюнча айыл чарба багытындагы жерлер категориясында турат.

-Айыл чарба тармагыпайдаланылбай калган жерлерди ишке киргизүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында ички каналдарды реабилитациялоо ошондой эле айыл чарба жерлерин сугат суулары менен камсыз кылуу, күнөсканаларды ветеринардык тейлөө борборлорун,  кичи фермаларды  куруу  жана бодо мал асыл тукум чарбаларды  түзүүгө   жергиликтүү бюджеттен 1,6  млн сом, республикалык бюджеттен 2,7 млн сом, Кемин районунун өнүктүрүү фондунан  13,8 млнсом, жеке инвестиция 23,0 млн.сом жана АРИС  программасынын негизинде  97,8 млн сом тартылып, жалпысынан 138,9 млн сомду түзгөн 10 долбоор аткарылды.

Чүй облусунда күздүк айдоо иштери эми башталат эмеспи, канча жер аянтына күздүк айдалат?

Күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүүдө урук муктаждыгы 18222 тн, анын ичинен 16090 тн буудай уругу, 2132 тн арпа уругу.

Күздүк айдоо иштерин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн техникалар жетиштүү. Облус боюнча: трактор 6458 жарактуусу(оӊдолгону) 5849, же 90%; соко 1925 жарактуусу 1602,  же 83%, тиштүү мала 6778 жарактуусу 6213 же 92%,  жер семирткич чачуучу 176 жарактуусу 141 же 80%, сеялка 1034 жарактуусу 877 же 84%, трактор прицеби 3734 жарактуусу 3309 же 89%. Дан оруучу комбайн  саны 891 жарактуусу 712 же 80%.

Жалпысынан жерди айдоочу жана себүүчү техникалардын даярдыгы 91% түзөт. Колдо болгон техника менен күздүк айдап себүү иштерин агротехникалык мөөнөттө бүтүрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.

2019-жылдын тогуз айына карата Чүй облусунда 881,3 миӊ тн тоют даярдалган. Анын ичинен чөп-763,1 миӊ тн, сенаж жана силос 38,3 миӊ тн, саман- 79,9 миӊ тн түзөт.

-Президентибиз Сооронбай Жээнбеков максатында калктуу конуштарды ичүүчү суу менен  камсыз кылуу туралуу баса белгиледи эле. Бүгүнкү күндө канча айылдар таза суу менен камсыз болгондугун айта кетсеңиз?

 -Кыргыз Республикасынын Президенти Сооробай Жээнбеков тарабынан 2019- жылдын 23-майында “Региондор үчүн таза суу” форумунда көтөрүлгөн маселелерди аткаруу максатында калктуу конуштарды ичүүчү суу менен  камсыз кылуу жана агындылоо тармактарын 2026 жылга чейин өнүктүрүү боюнча  Чүй облусунда алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.

Чуй облусунда суу түтүкчөлөрүнүн жалпы узундугу 3566,6 км түзүп, анын ичинде 268 суу бөлүштүрүүчү жайлар, 203 кудуктар, 43 тосулган булактар жана 11 ачык суу түйүндөрү бар. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун аймагында 331 калктуу конуш катталган,  бул конуштар Чүй облусунун 8 районунун аймагында жайгашкан.

Бүгүнкү күнгө Чүй облусунунда  жайгашкан  жогоруда аталган айылдардын ичинен; 55 айылдагы ичүүчү суу түтүктөрү жана курулмалары өткөн кылымдын 50-60-жылдары курулган, 190 айылда 80-жылдардын аралыгында курулган, 2001-2010 жылдары 82 айылда куруу жана реабилитациалоо жумуштары жүргүзүлгөн, ал эми 4 айылда  суу түтүктөрү таптакыр курулган эмес.

Булар: Жайыл районунан Суусамыр айыл аймагынан 1-май жана Кайсар айылдары, Аламүдүн районунан Лесное жана Восток айылдары. Бирок Араб фонддорунун жардамы менен ушул аталган 4-айылга бир нече терендикте казылып суу чыгаруучу колонкалары курулуп берилген.

Чүй облусунда 2019-жылдын 30-майга  карата  Чүй облусунун шаарларынын жана айылдарынын  ичүүчү суу сектору үчүн аталган  жумуштарды улантуу максатында, II-фаза жумуштары белгиленип 15,2 млн. евро акча каражат каралган.  Ушундай эле иш-чаранын натыйжасында Кант шаарына 5,0 млн. евро акча-каражаты тартылып долбоор ишке ашууда. Азыркы учурда 3,47 млн. евро суммасында жумуштар аткарылып 68,0 пайызды түзөт. Токмок шаарына 5,1 млн. евро акча-каражат тартылып долбоор 2018-жылдын февраль  айынан баштап  тендер өткөрүлүп, келишимдердин негизинде курулуш иштери башталууда.

Ал эми Кара-Балта шаарында  5,1 млн.евро акча-каражат каралган,  4-жылдан бери Кара-Балта шаарынын депутатарынын шайланбагандыгынын кесепеттинен ишке ашпай келген. 2018-жылдын апрель айынан баштап тендер өткөрүлүп долбоордун негизинде иштер башталууда.

Бүгүнкү күндө, тартыла турган инвестиция өлкөбүздүн 140 айылын камтыган жаӊы “Ала-Тоо булагы” долбоору 2017-2023 жылдардын аралыгында үч этап менен ишке ашырылышы белгиленген.

 -Бүгүнкү күндүн талабы туризмди өнүктүрүү эмеспи. Чүй облусунда иш аракеттерибиз кандай өнүгүүдө?

Чүй облусу өзүнүн географиялык жайгашуусу боюнча жагымдуу климаттык шарттары бар өзгөчө бир потенциалына ээ болуп, туризм чөйрөсүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар аймак болуп эсептелинет.

Бүгүнкү күндө Чүй облусунун аймагында 13 тоо-лыжа базалары, 7 жаратылыш парктары жана корголуучу зоналары, ошондой эле 3 тарыхый-археологиялык жайлары жана 8 музей бар.

2019-жылдын 9 айда Чүй облусунда келген туристтердин саны 51976 адам болсо, туристтик ишмердиктен  түшкөн салык төлөмдөрү  13  млн. 722 миң 200 сомду түздү.

Чүй облусу өзүнүн географиялык жайгашуусу боюнча жагымдуу климаттык шарттардын потенциалына ээ, туризм чөйрөсүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар аймак болуп эсептелинет.

Учурда Чүй облусунун аймагында туризимди өнүктүрүү боюнча уюштуруу комитетинин  курамы бекитилип, иштер жүрүп Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын көзөмөлүндө турат.

Мындан сырткары, Чүй облусунун бренди боюнча райондук мамлекеттик администрация башчыларына жана Токмок шаарынын мэрине тапшырма берилген.

  1. “Туристик объектилердин инфраструктурасын жакшыртууга көмөк көрсөтүү” жана “Туристик объектилерге баруучу инфраструктураны оӊдоо” — туристтик инфраструктураларды жана туристик объектилерге баруучу жолдорду эл аралык стандарттын талабына ылайык, мейманканаларды, мейман күтүү үчүн эс алуу жайларды жакшыртуу боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан чаралар көрүлүүдө;

2 “Кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү” — элет жеринен чыккан кол өнөрчүлөрдү колдоо максатында, кол өнөрчүлөрдүн жасаган буюмдарын туристтер үчүн  көргөзмөлөр уюштуруулуда. Мисалы, Чүй облусуна келген туристтер үчүн  көргөзмөлөр Аламүдүн, Кемин жана Панфилов райондорунда уюштурулган;

3 “Кымыз менен дарыланууну уюштуруу” — облустун аймагында  25ке  жакын  кымыз менен дарылоочу жайлоолор бар, дайыма туристтерди кабыл алышып өз кызматтарын көрсөтүп келишет.

4“Кемпинг борборлорун уюштуруу” – облустун аймагында кемпинг борборлорун  Аламүдүн районунун Байтик жана Таш-Мойнок айыл аймактарында, Жайыл районунун Сосновка айылында,  Кемин районунун Бишкек-Каракол автоунаа жолунун трассасына ачуу жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Аламүдүн районунун Байтик жана Таш-Мойнок айыл аймактарында  кемпинг борборлорун ачуу үчүн жер тилкелери  аныкталып, тиешелүү иштер жүрүп жатат.

Нурзада Акмат

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 15, 2019 10:27

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина