Чүй облусу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарына даяр

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 30, 2018 10:24

Чүй облусу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарына даяр

2 -Чүй облусу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарына даяр жана 29-августа бардык райондор Кырчын жайлоосуна көчүп кетээри жана облуст боюнча 49 боз үй тигилээри  туралуу Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Буга чейин ар бир райондо даярдыктар катуу болуп, 24-августа райондордо Ализа Карыпбековнанын катышуусу менен даярдыктарды көрүп, канаттандыраарлык деңгээлде болгондуктан, Кырчынга көчүүгө уруксат берилген.

Эң негизгиси, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарына алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн, Кыргызстандын жети дубанынан келген меймандардын бары Сары-Өзөн Чүй аркылуу өткөндүктөн, биринчи орунга коопсуздук маселесин жана тазалык, тейлөө кызматына өзгөчө көңүл бурулууда-дейт  Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.

Ошондуктан, Бишкек-Чолпон-Ата трассасынын жээгинде жайгашкан айыл өкмөттөргө дагы кайрылып кетээрибиз жогоруда айтылган маселелерине өзгөчө көңүл буруулары зарыл — деп эсептейбиз.

Окурмандарыбызга III Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарына карата төмөндөгү маалыматты сунуш кылмакчыбыз.

Ак илбирс III Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарынын талисманы

Ак илбирс алдыда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун талисманы болуп кабыл алынды. Бул тууралуу уюштуруу катчылыгынан билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, ак илбирсти жана алардын экосистемаларын сактоо Кыргызстан үчүн мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү тапшырма болуп саналат. Талисмандын көркөм образынын автору — режиссер-аниматор Төлгөбек Койчуманов. Ал ак илбирсти оюндун талисманы катары киргизүү демилгеси бул жаныбарды коргоо маселеси менен байланыштуу экенин белгиледи.

“Ак илбирсти бир топ позитивдүү меймандос, тынчтыктын жана жакшылыкты алып жүрүүчү каарман катары бердик.  Сүрөт үстүндө иштөөдө биз бир катар Олимпиада жана башка эл аралык спорттук иш-чаралардын талисмандарынан түрткү алдык” – деди Койчуманов.

Белгилей кетсек, ак илбирс Кыргызстандын борбор шаары Бишкектин желегине жана гербине символ катары түшүрүлгөн.

Кырчын жайлоосунда даярдык иштери соңуна чыгып калды

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлө турган Кырчын жайлоосунда даярдык иштери соңуна чыгып калды. Оюндарды өткөрүү учурунда ар бир кызмат өз милдеттерин так жана атайын бекитилген тартипте алып барышы керек. Эң негизкиси оюндар өтүп жаткан учурда ар бир кызмат коопсуздука көңүл буруп, ар бир боз үйдө, соода түйүндөрүндө, тамактануучу жайларда өрткө каршы жабдыктар коюлушу шарт экендиги белгиленди.

Мындан сырткары электр энергиясы, таза суу менен камсыздоо үзгултүкө учуратпоо тапшырмалары берилди. Маданий иш чаралар өтуп жаткан убакта көрүүчүлөрдүн саны белгиленген ченемден көп болушу мүмкүн. Мындан улам коомдук тартипти сактоо жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду.

Көчмөндөр оюндарынын соңку даярдыктары

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде көрүүчүлөр кошо манас айтышат. Бул үчүн эпостун үзүндүсү жазылган баракчалар салтанаттуу иш-чарага келген ар бир адамга берилет. Сценарийге ылайык соңку саптар артисттер менен бирге миңдеген көрүүчүлөр тарабынан да жаңырышы керек. Учурда Көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгүнө карата даярдыктар кызуу жүрүүдө. Ачылыш аземден сырткары “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалына да өзгөчө маани берилүүдө. Ага катышуу ниетин 27 өлкөнүн өкүлдөрү билдирди.

Көчмөн оюндарынын Чолпон-Атадагы ат майданда өтө турган ачылыш аземине 1 жарым миңдей артист жана атайын даярдалган студенттер катышаары кабарланган. Бул ирет көчмөн турмуштун философиясы, кыргыздар көкөлөткөн өзгөчө белгилер даңазаланат. Азем манас айтуу менен жыйынтыкталат.

Бостери айылында өтө турган “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалына да өзгөчө даярдык көрүлүүдө. Ал чет элдик меймандарга, туристтерге жана жергиликтүү элге төрт күн бою рахат тартуулайт. Этномоданы, ар элдин маданиятын, ыр-күүлөрүн көрүүнү каалагандарга 4-7-сентябрь күндөрү кечки саат сегизден 11ге чейин эшик ачык.

Этнофестивалга катышаарын 27 өлкөнүн өкүлдөрү бышыктады. Бирок бул чек эмес. Кайрылуулар дагы болот деп болжолдонууда.

Бул кыскача гана берилген маалыматтар. Уюштуруучулар көчмөндөр оюндарынын алкагында боло турган салтанаттардын жүрүшү сыр бойдон калсын деп толугураак айтуудан карманып турушат. Эң негизгиси деңгээли биринчи жана экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кем болбойт деген ишенимде.

“Көчмөндөр ааламы” фестивалында театрлаштырылган программа көрсөтүлөт

“Көчмөндөр ааламы” эл аралык этномаданий фестивалы Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы “Nomad” амфитеатрында 3-сентябрдан 7-сентябрга чейин өтөт. Фестивалдын программасына “Этнохит”, “Этнобий”, “Этносаркеч”, “Этнобазар”, “Этноүй” жана айтыш искусствосу боюнча конкурс камтылган.

Мындан сырткары, этнофестивалга катышкан өлкөлөр тарыхын, элинин турмушун жана маданиятын чагылдырган улуттук маданий программаларын көрсөтүшөт. Ошондой эле дүйнөлүк эпосторду ооз эки айтуу чеберчилигин өнүктүрүү жана жайылтуу максатында айтыш искусствосу боюнча конкурс өтөт. Катышуучулар иш-чарада улуттук кийим менен өздөрүнүн аткаруучулук, импровизатордук жана чечендик чеберчилигин көрсөтөт.

Мындан тышкары, “Этнобазар” көргөзмө – жарманкесине коюлат. Анда көчмөндөр доорунда колдонулган башка тарыхый экспонаттарды жана убактылуу жашоочу улуттук жеңил турак жайларды көрө алышат.

Белгилей кетчү жагдай “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этномаданий фестивалы үчүн атайын өзүнчө театрлаштырылган программа даярдалууда. Анын өзгөчөлүгү – сахнанын артында көл көрүнүп турат жана артисттер суу үстүндө жүргөндөй сезилет.

Миңге жакын көрүүчү жаркыраган жана түркүн түстүү көрсөтүүгө күбө боло алышат. 16-августка карата “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этномаданий фестивалына катышуу үчүн 24 өлкөдөн 200дөн ашык өкүлдөр катталышты.

Көчмөндөр оюндарында спортчулардын саны боюнча Кыргызстан алдыда

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 53 өлкөсүнөн эки миңге жакын спортчунун келиши күтүлүүдө.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, иш чарага катыша турган спортчулардын саны боюнча Кыргызстан алдыда турат. Кийинки орундарда 235 спортчусу менен Орусия жана 195 спортчусу менен Казакстан турат. Эске салсак, Кыргызстандан 458 спортчу ат салышат.

Көчмөндөр оюндары: VIP-конокторго 1,75 млн сом жумшалат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келе турчу VIP-меймандар үчүн Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция 1,75 миллион сом жумшайт. Бул мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Бир жана эки орундуу бөлмөлөргө 50 конок жайгаштырылат. Мындан тышкары, 200 адамга ылайыкташтырылган банкет залы болушу керек.

Маалымат боюнча, төлөмдөр катышуучулардын санына карата жүргүзүлөт. Мейманканада жарыктандыруу системасы мыкты болуп, жеңил унаа жана автобустар үчүн чоң унаа токтотуучу жайы болушу керек. Мындан тышкары, эл аралык келишимдерди түзүүгө, конференция өткөрүүгө жай болуп, ат майданынан алыс эмес жайгашуусу абзел.

«Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы” фестивалы өтөт

2-6-сентябрь күндөрү III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы” аталышындагы фестиваль өтөт.

Ага 108 мамлекеттин ашпозчулары чакырылган. Алардын ичинен 10 өлкө -Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Монголия, Сербия, Якутия, Түштүк Корея, Сауд Аравия өлкөлөрү фестивалга катышаарын ырастаган.

Бул тууралуу Кыргызстан ашпозчулар ассоциациясынын төрагасынын орун басары Берик Эгинбаев билдирди.

Фестиваль түрдүү номинациялар менен өткөрүлүп, ашпозчулар көчмөн элдердин рецеби менен эт, балык, тоок этинен улуттук тамактарды жасашат.

Ашпозчулардын эмгегине баа берүү үчүн чет өлкөлүк калыстар келет. Алар жасалган тамактарды эл аралык стандарттардын негизинде баалашат.

Фестивалдын атайын коногу бүткүл дүйнөлүк кулинария жамааттарынын биримдигинин төрагасы Томас Андреас Гуглер келет. Ал 90 өлкөдө болуп, көптөгөн континенттерде иштеген.

Көчмөндөр оюндарында бекер каттамдар уюштурулат

Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү ачылыш жана жабылыш аземдерине коноктор үчүн автобус шаттл-бастары каралды. Алар ат майдандын аймагына жүргүнчүлөрдү акысыз жеткиришет. Бул тууралуу уюштуруу катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар Чолпон-Ата шаарындагы эски аэродромдун батыш тарабынан Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын чыгыш тарабына чейин каралган. Мындан тышкары, жеке унаалары менен барган коноктор үчүн акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жай каралган.

Автобустар 2-сентябрда саат 13.00дөн  23.00гө жана 8 сентябрда саат 15.00дөн 23:00гө чейин иштешет.

Мындан сырткары, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш, жабылыш аземдерин өткөрүүдө Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийине кайрылыштан, Бактуу-Долоноту айылындагы мечиттен негизги жолдор жабылат.

Ал эми Чолпон-Ата шаарын кесип өтүүчү жеңил унаалардын кыймылы өзгөрүп, шаар ичиндеги альтернативдик жол аркылуу өтүшөт.

Беттин даярдаган Гүлсүн Аманалиева

 

 

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 30, 2018 10:24

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина