Чүй облусу боюнча Военно-Антоновкада эӊ көп талапкер катталды

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 31, 2021 13:56

Чүй облусу боюнча Военно-Антоновкада эӊ көп талапкер катталды

12 Чүй облусу боюнча эӊ көп талапкер Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл аймагында катталды. БШКнын маалыматына караганда, 7 мандат үчүн 38 талапкер ат салышууда (13 аял).

Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы Расул Садыковдун айтымында, бул аймакта ички мигранттар көп.

«Айыл аймакка каттоодо 20 миӊден ашык киши бар. Каттоодон тышкары жашаган кишинин саны мындан көп. Анын үстүндө бизде Восс деген жаӊы конуш бар. Албетте, талапкерлердин көп болгону жакшы деп ойлойм. Атаандашуу, айылдын жашоосун жакшыртуу үчүн чуркагандар көп болот. Бирок ат чуркабай, бак чуркайт деген кеп бар эмеспи. Арасынан эл татыктууларын шайлап алат деп ишенем», — деди ал.

Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн бир жылдык бюджети 34-35 млн сомду түзүп, райондо алдыңкы айыл өкмөттөрдүн бири катары сыпатталып келет.

Райондук аймактык шайлоо комиссиясынын берген маалыматы боюнча, Сокулук районунда жалпы 338 мандат бар. Учурда район боюнча жалпы 1035 талапкер катталса, анын ичинде 301 аял бар.

Сокулук району боюнча эӊ аз талапкер Саз айыл аймагында катталды. Анда 11 мандат үчүн 17 талапкер ат салышууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул жерде ички миграция жокко эсе.

«Бизде көбүнчө жергиликтүү тургундар жашап келет. Ошол себептен эл өздөрү жыйын кылып, «баарыӊ эле талапкер боло бербей, татыктууларыӊ гана чыккыла» деген бир кеӊешке келишкен», — деди алар.

Сокулук райондук аймактык шайлоо комиссиясынын берген маалыматы боюнча, аталган райондогу 19 айылдык кеӊештин ичинен 18 айылда шайлоо өткөрүлөт.

Асылбаш, Төш-Булак, Саз, Камышановка, Кайназарова айылдык кеӊешинде 11 мандат болсо, калгандарында 21 мандат бар.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, ар бир шайлоодо Новопавловка, Военно-Антоновка, Ат-Башы, Крупская, Фрунзе, Жаӊы-Жер, Жаӊы-Пахта айылдык кеӊештеринде атаандашуу көп болот.

«Талапкерлер үч жаат, төрт жаат болуп бөлүнүп, тирешкен убактар болуп келет. Себеби аталган аймактарда эл көп жашайт жана ички миграция агымы күчтүү», — деп билдиришет жергиликтүүлөр.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 31, 2021 13:56

Приемная кампания 2020

Элдик медицина