Чүй облусу боюнча балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу жөнүндө буйрук

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 9, 2019 16:05

Чүй облусу боюнча балдардын укуктарын жана таламдарын  камсыз кылуу жөнүндө буйрук

14 Кыргыз Республикасы боюнча балдарга карата зомбулук фактылары көбөйгөндүгүнө байланыштуу, балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо үчүн, алардын өмүрүн коргоо, ден-соолугун сактоо жана балдарга ырайымсыз мамилелерди болтурбоо максатында:

  1. Чүй облусу боюнча балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо штабынын курамы тиркеме ылайык бекитилсин.
  2. Райондук мамлекеттик администрацияларда, мэрияларда жана айыл өкмөттөрүндөбалдардын укуктарын жана таламдарын коргоо штабдары жетекчилердин төрагалыгында түзүлсүн.
  3. Райондук мамлекеттик администрация башчылары жана Токмок шаарынын мэри тийиштүү жергиликтүү органдарынын башчылары менен биргеликте:
  • балдардын жашоо-турмушун аныктоо максатында ар бир үйгө кыдыруу уюштурулуп, балдардын бирдиктүү базасын түзүү уюштурушсун;
  • турмуштун оор кырдаалына кабылган балдары бар үй-бүлөөрдү, балдарга карата ырайымсыз мамиле же зомбулук көрсөтүлгөндүгү боюнча шектенүүлөрдү жараткан үй-бүлөөрдү тийиштүү жергиликтүү органдары тарабынан бекитилген графикке ылайык жума сайын кыдыруу уюштурулсун;
  • балдардын суу, жол-унаа кырсыктарына кабылуусун жана өз өмүрүнө кол салган учурларды болтурбоо, балдардын эмгегин эксплуатациялоо, эрте турмуш куруу, ала качуу жана жашы жете элек балдардын арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча чаралары көрүлсүн;
  • туугандарынын же башка адамдардын багуусунда турган эмгек мигранттарынын — Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары өзгөчө көзөмөлгө алынсын;
  • ата-энелердин балдарга болгон жоопкерчилиги элдик жыйындардын жүрүшүндө талкуулансын жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
  • окуудан тышкары кошумча ийримдерди ачуу уюштурулсун, ошондой эле балдарды спортко болгон кызыгуусун арттыруу боюнча чаралар көрүлсүн.
  1. Райондук мамлекеттик администрация башчылары жана Токмок шаарынын мэрибалдарга карата көрсөтүлгөн ырайымсыз мамилелердин, зомбулуктун ар бир аныкталган учурларын тыкыр иликтөөсүн жеке көзөмөлгө алышсын.
  2. Массалык маалымат каражаттары:

-балдарды тарбиялоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча атайын репортаждар, макалалар даярдалып чагылдырсын;

— балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулук көрсөтүлгөндүгү боюнча шектенүүлөр жөнүндө кабарды компетенттүү органдарга токтоосуз билдирүү боюнча маалыматты калк арасына жеткирүү уюштурулсун.

  1. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнүөзүмө калтырам.

 

Ыйгарым укуктуу өкүлү                                                     Т.Абдраимов

 

Биринчи орун басары Э. Аширбаев
Аппарат жетекчисининмилдетин аткаруучу -уюштуруу-инспектордукиштержанаконтролдоо

бөлүмүнүн башчысы

 

 

Ж.Шамыралиев

Социалдык мониторинг жанаөнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Г. Мамбетисаева
Документтик камсыздоо жанакоомчулук менен байланышбоюнча бөлүмүнүн башчысы Д. Ормушова 
Башкы адис – юрист Б. Руслан уулу
Аткаруучу С.Чериева

При признаках жесткого обращения к детям необходимо позвонить по телефонам: 

Телефон штаба Ф.И.О. ответственного Должность Контактные телефоны Регион  
1 60-95-47 Мамбетисаева Гульнура Эрнисовна Заведующая отделом социального мониторинга и развития  АПППКРЧО 0557 755714 Чуйская область
2 03135 50236 Курманалиева Айгуль Зарылбековна Заместитель главы Кеминской районной государственной администрации 0703 752745 Кеминский район
3 03138 38009 Караев Бакыт Омурбекович Заместитель главы Чуйской районной государственной администрации 0556 477477 Чуйский район
4 03138 62950 Ступников Сергей Викторович Вице-мэр г.Токмок 0552 322449 г.Токмок
5 03132 50020 Орозобекова Айша Джекшалиевна Заместитель главы Ысык-Атинской районной государственной администрации 0550145409 Ысык-Атинский район
6 0312 338918 Кулубаев Айбек Долотбекович Заместитель главы Аламудунской районной государственной администрации 0554 107474 Аламудунский район
7 0312 607524 Ракимбаева Токтобубу Жээнбаевна Заместитель главы Сокулукской районной государственной администрации 0555922424 Сокулукский район
8 03131 51751 Кененсариева Аида Заманбековна Заведующая сектором социального развития  Московской районной государственной администрации 0550 550904 Московский район
9 03133 37256 Телекматов Максат Эркебекович Заместитель главы Жайылской районной государственной администрации 0551 131531 Жайылский район
10 03137 51131 Суйналиев Сартпай Жапарович Заместитель главы Панфиловской районной государственной администрации 0557 377339 Панфиловский район

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 9, 2019 16:05

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина