Чүй облусу борбордук Азия чөлкөмүндө кызылча өстүрүү боюнча лидер …

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 11:44

Чүй облусу борбордук Азия чөлкөмүндө кызылча өстүрүү боюнча лидер …

10 Ааламда

Коронавирустан корунуп жатканыбызга көп болду, маалыматтын барында бул илдет жөнүндө сөз болгондуктан көнүмүш нерсе болуп баратат. Өткөн жумада башталган «Charlie Hebdo» журналындагы Мухаммед пайгамбарга каршы тартылган карикатура, Франция президенти Макрондун сөзү, ага каршы Түркия президенти Эрдогандан айтылган сөз, дүйнөдөгү бир жарым миллиард өкүлү бар мусулман дүйнөсүнүн көтөрүлүп чыгышы, ааламга оор кесепеттерди алып келди. Ниццанын Нотр-Дам-де-Ницца чиркөөсүндө мусулман террористтери бирөөнүн башын кесип, бир кишини чала мууздап, бир кишини өлтүрүп кетишкен.

Казакстанда дарыгерлер аялдарга кош бойлуулукту коронавирус пандемиясы аяктаганга чейин жылдырууга кеңеш беришет. Бул пандемия учурунда энелердин өлүмү төрт эсеге көбөйгөндүгүнө байланыштуу деп билдиришет казакстандык басылмалар. Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын тогуз айында Казакстанда 136 кош бойлуу аял каза болгон. Себеби алар пандемия учурунда өз убагында жардам алышкан эмес. Эксперттер коронавирустун экинчи толкуну болгон учурда дагы ушундай кырдаал кайталанышы мүмкүн деген божомолдорду айтышкан. Учурда Казакстанда беш миңге жакын кош бойлуу аял COVID-19га анализ тапшырган. «Дарыгерлердин айтымында, коронавирус эркектердин ден соолугуна олуттуу коркунуч алып келиши мүмкүн. COVID-19дун жеңил формасы менен жабыркаган эркектердин биринчи айларында дарыгерлер сперманын жоктугун байкашкан. Алардын калыбына келүүсү үчүн эки-үч ай убакыттагы дарыланууну талап кыларын айтышкан. Эми дарыгерлер COVID-19 төрөлө элек балдардын абалына кандай таасир этерин аныкташы керек», — деп айтылат маалыматта.

Ала-Тоодо

Ички дүң өндүрүмү боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстандын экономикасы дүйнөлүк экономиканын 0,01% ээлеп, 189 өлкөнүн ичинен 144-орунда турат. Ички дүң өндүрүмү канчалык жогору болсо, өлкөнүн өсүп-өнүгүшү да ошончолук жакшы болот. Товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнүн төмөндөшү, мамлекеттик бюджеттин кемиши менен элдин да жашоо деңгээли төмөндөгөнүн билдирет. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен ички дүң өндүрүмүнүн төмөндөшүнүн эң чоң пайызы, атап айтканда минус 3,8% Кыргызстанда байкалганын Евразия өнүктүрүү банкынын талдоочулары жарыялашкан. ЕАЭБ мүчөлөрүнүн арасында ички дүң өндүрүмүнүн төмөндөшү — Казакстанда — 0,2%; Орусияда — 1,9%, Арменияда — 1,7%, Беларусияда — 3,3% болгон. 2020-жылдын тогуз айында Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү 405 млрд. сом болгон.

Коронавирус илдетинен карантин болгонуна карабай эң чоң салымды, дээрлик 47%, тейлөө тармагы кошкон. Бул соодада, мейманканаларда, ресторандарда иштегендер, автоунаа оңдоо, маалымат жана байланыш жана башка акы төлөнүүчү кызматтарда эмгек кылгандар. Экинчилерден болуп ички дүң өндүрүмүнө кошкон салымынын көлөмү боюнча, тактап айтканда 39% жакын, куруучулар, айыл чарба жана өнөр жай товарларын, электр энергия жана кайра иштетилүүчү материалдарды жана башка товарларды чыгарган өндүрүүчүлөр киргизген. Ички дүң өндүрүмүнүн калган 14% — бул ошол эле өндүрүлгөн товарларга чегерилген салыктар түзгөн.

Аймакта

Чүй аймагы совет маалында Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова сыяктуу кереметтүү кызылчачылары менен даңазаланып келген. Былтыркы жылы кызылчага болгон баанын түшүшү, быйыл көптөгөн кызылчачылардын бул тармактан дыргаяктап качышына түрткү болду. Эгер Чүй облусу боюнча былтыркы жылы 4072 гектар жерге кызылча айдалган болсо, быйылкы жылы 2300 гектар жерге гана кызылча эгилген. Ысык-Ата районунун агрардык жактын өнүктүрүү башкармачылыгынын начальниги Турдубек Андашевдин айтуусунда, кызылчачылар айдоо жерлерин кыскартып жатышат, анткени былтыр кант заводдору кызылча төккөндөрү үчүн бериле турган накталай акчанын баасын түшүрүп жиберишкен.

Кызыгы, быйылкы жылы күзүндө кызылча өстүргөндөрдүн кубанычына былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик кызылча алуунун баасы эки эсеге өсүп кетти. Эгер былтыркы жылы 28 сомдон алынса, быйылкы жылы 50 сомдон алына баштады. Ысык-Ата району боюнча эки жерде кызылча алынат, бири Кант шаарында алынса, экинчиси Ивановка айылында. Кант кызылчасын алуу иштери үч жума мурун башталган, ал эми 7-ноябрга карата кабыл алуу мөөнөтү аяктайт. Ар күн сайын бул жакта Ысык-Ата району толугу менен жана Аламүдүн районун кээ бир дыйкан чарбалары 200-220 машина кызылчаларын төгүүдө. Быйылкы жылы кызылчачылар гектарына болжол менен 50 тонна кызылча алышкан, бирок гектарына 110-115 тонна алгандар да болду.

Жакында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө 96 жылдыгына карата иш-чара белгиленди. Аталган майрамдык салтанатта Чүй облусунун ИИББнын начальнигинин милдетин аткаруучу милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович, Чүй облусунун ИИББнын өздүк курамды жана ардагерлерди кесиптик майрамдары менен куттуктап, кызматкерлерде акыйкаттуулук, кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана жарандар менен сылык мамиледе болуусу, коомчулуктун милиция кызматына болгон ишенимин жогорулатаарын кошумчады. Кызматкерлерге бекем ден-соолук, чыдамкайлык ошондой эле үй-бүлөлүк бакыт каалап, түйшүктүү жумуштардын арты ийгиликтер менен коштолуусуна тилектештигин билдирип, ар бир кызматкер өз милдеттерин так аткаруу менен ИИОнун кадырын дагы да арттыра берээрине ишеничин билдирди.

Учурда ИИОдо реформалоо жүргүзүлүп, анын алкагында милиция кызматкерлери замандын талабына ылайыктуу кызмат өтөөгө шарттар жакшырып жатканын айтылды. Иш-чарада өздөрүнүн мыкты жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге медалдар жана атайын наамдар ыйгарылды. Мындай салтанатуу иш-чаралар Чүй облусундагы бардык райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө да белгиленип, татыктуу кызматкерлерге сыйлыктар жана мактоо баракчалары тапшырылды.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 11:44

Приемная кампания 2020

Элдик медицина