Чүй облусу биринчи кварталды ийгиликтүү жыйынтыктады

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 26, 2019 11:00

Чүй облусу биринчи кварталды ийгиликтүү жыйынтыктады

5 Чүй облусунун I кварталын жыйынтыктоочу коллегиясы болуп, аныӨкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов жетектеп, коллегиянын курамы жаңы жетекчилер менен толукталгандыгын айтып, катышуучуларды Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын башчысыЗайнидин Жумалиев менен тааныштырды.

КоллегиядаЧүй облустагыжазгы-талаачылык иштеринин жүрүшү жана вегетациялык сугатка даярдыктар тууралуу  Бек Жекшенбаев айтып берди. Ал өз сөзүндө айткандай, жаздын бир күнү бир жылга тете демекчи, Чүй облусунун баардык аймактарында талаачылык иштери кызуу жүрүп жаткан мезгил. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-февралындагы № 10-б буйругун аткаруу максатындаоблусаймагында талаачылык жумуштарын, жазгы айдап-себүү боюнча штаб түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 27-февралында № 21-б буюрмасы чыккан.

Чүй облусу боюнча 418,0 миӊ га айдоо жерлери бар. Жалпысынан алганда  90,2 миӊ га айдоо аянтына күздүк кылкандуу дан эгиндери, анын ичинен 78,2 миӊ га күздүк буудай, 12,0 миӊ га күздүк арпа себилген.

Облус боюнча 329,3 миң га аянтка жазгы талаачылык жумуштарын жүргүзүү каралып,анын ичинен  жазгы кылкандуу дан эгиндерин 121,7 миң га аянтка, 31,9 миң га жүгөрү, 14,8 миң га кант кызылчасы, 19,9миң га жашылчалар, картошка 11,1 миң га, май өсүмдүктөрү 10,1 миӊ га, бакча өсүмдүктөрү 4,2 миӊ гектарга айдалган.Бүгүнкү күндө облус боюнча программадагы көрсөтүлгөн 191,2 миң га жазгы айдалуучу айдоо аянтынын 182,5 миң га айдалды, бул 95 % түзөт, божомолдонгон 54,4 миң га күздүк эгиндин 45,4 миң га минералдык жер семирткичтер менен азыктандырылды, бул 83 %, программадагы 121,7 миң га себилүүчү кылкандуу дан эгиндеринин 113,6 миң га себилди, бул 93% түзөт, анын ичинен программадагы 27,0 миң га буудайдын 24,8 миң га себилди, бул 92 %, ал эми программада 94,6 миң га арпа себүү каралган болсо, иш жүзүндө 88,7 миң га айдоо аянтына себилди, бул 94 %. Учурда облустун баардык райондорунда жазгы айдап-себүү иштери кызуу жүрүп жаткан мезгил. Программада каралган 31,9 миӊ га дандык жүгөрүнүн 6,0 миң га себилди, бул 19 %, 11,1 миң га картошканын 3,3 миң га себилди, бул 30 %, 4,2 миң га бакча өсүмдүктөрүнүн 0,7 миң га себилди, бул 18 %, 10,1 миң га май өсүмдүктөрүнүн 4,4 миң га себилди, бул 44 %, жана 19,9 миң га жашылча өсүмдүктөрүнүн 5,3 миң га себилди, бул 27 % себилди.

Быйылкы жылы 14,8 миң га жер аянтына кант кызылчасын айдап-себүү болжолдонууда. Аныничиненрайондорбоюнча:

Өлкөнүн ишкер субъекттерине жана жеке адамдарына 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү жана айыл чарба кооперациясын мындан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Айыл чарбасын каржылоо-7” долбоору аркылуу жеӊилдетилген насыялар берилип жатат. 2019-жылдын 4-апрелине карата талаачылыкка 241 кардар 139,7 млн.сом, мал чарбасын өнүктүрүүгө 685 кардар 306,5 млн.сом жана кайра иштетүүгө 23 кардар 241,0 млн.сом жеӊилдетилген насыялар берилген. Баардыгы болуп 949 кардарга 687,2 млн.сом берилди.

Чүй облусу боюнча 6980 км сугат түйүндөрү бар. Анын ичинен чарба аралык сугат түйүндөрү 1600 км, ички чарбалык сугат түйүндөрү 5380 км.

Ошондой эле 20977 суу чарба курулмалары жана 1586 суу өлчөөчү посттор жайгашкан.

Облуста 243 суу сактагыч бар. Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгынын курамында 58 күнүмдүк суу сактагычтар, он күндүк жөнгө салуучу бассейн (БДР) жана көлмөлөр бар, айыл өкмөтүнүн карамагында 94 даана, СПАларда 73 даана жана башкалар 18 даана.

Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгынын вегетация мезгилине иш-чараларынын аткарылышы жөнүндө:

Бүгүнкү күндө суугат сууларын өз учурунда дыйкан жана фермерлерге берүү максатында оӊдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Чүй өрөөнүндө 20дай сугат суу булактары бар. Анын негизгилери Чу дарыясы, Орто-Токой суу сактагычы менен жөнгө салынып турат. Кышкыубактасууагымдарынжөнгөсалууүчүнирисуусактагычтаркурулган. Аларга Орто-Токой, эки Ала-Арча, Спартак, Сокулукжанабир катар майдасуусактагычтаржанадекадалыкжөнгөсалуучубассейндеркурулган. КеминрайонундаЖылтырнасостукстанциясы бар. Сугаруужөндөмдүүлүгү 502га түзөт.

2019-жылдын сугаттарамдарыноңдоп-түзөөиштеринежалпысынан 33541,0 миң сомкаралган. Аныничинен 2018-жылдын күзмезгилинде 24 % калыбынакелтирүүиштериаткарылып, 2019-жылдын апрель айынын 20сына чейинмамлекеттикбюджеттен 27452,0 миңсомгожанаатайыкаражаттан 6089,0 миңсомго,жалпысынан 33541,0, миңсомгокалыбынакелтирүүиштериаткарылды.

2019-жылдын капиталдыккалыбынакелтирүүжанаоңдооиштерибоюнчаЧүйбассейндиксуучарбабашкармалыгынаМамлекеттикбюджеттинэсебинен 44956,8 миң сом каражатымерчемгекаралган.

Биринчичейреккемамлекеттикбюждеттинэсебинен 18300,0 миң сом каралып,бөлүнгөнкаражат 100% га аткарылды.

 

Суупайдалануучуларассоциациялары (СПА) боюнча:

Облусбоюнча 110 СПА бар. Быйылкыжылыжалпысынаноңдоп-түзөөиштери 6 173,6 миңсомгокаралып, бүгүнкүкүндө 5 948,4 сомго же 96% иштераткарылды.

Кеминрайонунда 10 СПА болсо,алардын 6 СПАсынаганаоңдоп-түзөөиштеринекаражатбөлүнгөн.Чүйрайонунда 9 СПА болсо, 6 СПАсынаганаакчакаражатыбөлүнгөн.Аламүдүнрайонунда 15 СПА болсо,алардын 12 СПАсынаакчакаражатыбөлүнгөн.Сокулукрайонунда 19 СПА болсо, 17 СПАсынаакчакаражатыбөлүнгөн. Москва районунда 10 СПА болсо, 7СПАсынаакчакаражатыбөлүнгөн.Жайылрайонунда 15 СПА болсо, 7 СПАсынаакчабөлүнгөн, ал эми Панфилов районунда 15 СПА болсо, 4 СПАсынаганаоңдоп-түзөөиштеринеакчакаражатыбөлүнгөн.

КалганСПАларбоюнчаоңдоп-түзөөгөакчакаражаттарыбөлүнбөсөаларкандайшарттаэлдерсепкенайылчарбаөсүмдүктөрүнөзучурундасуумененкамсыздашат, булчоңмаселе. Ошондуктанрайондукмамлекеттик администрация жанажергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарынынбашчыларыбулмаселегеөзгөчөкөңүлбуруусуабзел.

2- маселе: Чүй облусундагы үрөн, асыл тукум мал чарбаларынын жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик фондусунун айыл чарба жерлерин ижарага берүү тууралуу Бек Джекшенбаев баяндама жасады. Доклад расмий тилде даярдалгандыктан окурмандарга өзгөртүүсүз сунуш кылабыз.

— О деятельности семеноводческих и племеноводческих хозяйств Чуйской области и предоставление земель ГФСУ в аренду органами МСУ.

Общая концепция семеноводства Кыргызстана в советский период предусматривала перевод семеноводческой отрасли на промышленную основу, поскольку выращивание семян требовало соблюдения всех необходимых стандартов для получения посевного материала с высокими биологическими, урожайными и технологическими свойствами. Такую работу могли осуществлять только специализированные семеноводческие хозяйства с соответствующей материально-технической базой для выращивания, уборки, послеуборочной доработки, протравливания и хранения семян.

В 2018 году на основании постановления Правительства Кыргызской Республики от 9 августа 2018 года № 373 «Об утверждении Перечня семеноводческих хозяйств Кыргызской Республики, государственных сортоиспытательных станций и государственных сортоиспытательных участков Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики, прошедших государственную переаттестацию по итогам работы за 2012-2016 годы» по Чуйской области прошедших аттестацию семеноводческих хозяйств составило 32 и 2 государственных сортоиспытательных участков.

Практика показывает, что семеноводство может быть эффективным только в том случае, когда семхоз имеет специализированный семеноводческий севооборот, а это возможно только при наличии как минимум 300 га орошаемой пашни. Согласно положения «О семеноводческих хозяйствах Кыргызской Республики» существуют требования, предъявляемые к семеноводческому хозяйству, одно из которых «иметь в наличии площадь орошаемых пахотных угодий – по Чуйской области – не менее 300 га».

Под урожай 2019 года планируется высеять зерновых колосовых на 246367 га, при средней норме высева 200 кг/га необходимо 49273 тонн.

По итогам 2018 года семхозами Чуйской области было произведено 5730 тонн семян зерновых колосовых, что составляет 11,6 %. от необходимого объема, удельный вес семенных посевов к пашне составил 13,8%, семеноводческие хозяйства по существу, перешли на семенную монокультуру зерновые колосовые, катастрофой может обернуться резкое сокращение посевов многолетних трав. Многие семхозы вообще не имеют у себя посевов люцерны и эспарцета, что грозит полным истощением почвенного плодородия. Вялый характер приобрела работа по организации семеноводства ранее пользовавшихся широким спросом как в республике, так и за ее пределами сортов люцерны и эспарцета, практически прекратилось производство семян гибридной кукурузы, овощей и других значимых культур.

Проблемы существуют и в племенном животноводстве по сохранению и рациональному использованию генетических ресурсов. По Чуйской области согласно постановления Правительства Кыргызской Республики от 14.06.2016 года № 312 «О присвоении статуса племенного завода и племенной фермы субъектам племенного дела Кыргызской Республики» действуют племенных заводов 11 из них 1 государственный и племенных ферм 32.

На ряду этих проблем и для более глубокого изучения данного вопроса, распоряжением от 9 апреля 2019 года № 38-б полномочного представителя Правительства Кыргызской Республики в Чуйской области была создана рабочая группа по проведению анализа деятельности и мониторинга состояния семеноводческих и племеноводческих хозяйств Чуйской области и предоставление земель ГФСУ в аренду органами МСУ

3-маселе: Чүй облусунун аймагындагы инерттик материалдарды казып алуу боюнча чарба субъектилери тарабынан мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө баяндаманы Өкмөттүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Аширбаев баяндама жасады:

— В целях выявления фактов нарушения природоохранного законодательства хозяйствующими субъектами, занимающимися разработкой карьеров по добыче инертных материалов на территории Чуйской области, рационального использования природных ресурсов, а также обеспечения сохранности и охраны автомобильных дорог общего пользования, было издано распоряжение полномочного представителя Правительства Кыргызской Республик в Чуйской области № 35-р от 8 апреля 2019 года, согласно которому в настоящее время проводятся рейды по проверке хозяйствующих субъектов и автотранспортных средств занимающимися разработкой, добычей и перевозками инертных материалов.

Так, в ходе комиссионного выезда в Ысык-Атинский район, были проверены транспортные средства перевозившие грузы из карьеров расположенных в с. Интернациональное и ст. Ивановка, по результатамкоторых выявлены факты перегруза транспортных средств от 10 и более тонн. Аналогичные рейды будут проведены и по другим районам Чуйской области.

Как известно, чрезмерный перегруз осей транспортного средства влечет за собой повреждение и разрушение дорожного полотна, к вероятности аварийной ситуации при передвижении по мосту старой конструкции, а также к удлинению тормозного пути, приводящего к аварийной ситуации.

Практика показывает, что большинство организаций, деятельность которых направлена на добычу, разработку и перевозку инертных материалов не соблюдают требования Закона Кыргызской Республики «Об автомобильных дорогах», что негативно влияет на состояние автомобильных дорог и является причиной разрушения дорожного полотна.

Грузовладельцы в погоне за сокращением количества рейсов и стоимости доставки хотят максимально загрузить машину, а перевозчики, боясь потерять контракт, идут на это, что в итоге приводит к ускоренному износу транспортных средств и соответственно дорог.

Согласно ст.19 Закона Кыргызской Республики «Об автомобильных дорогах» от 2 июня 1998 года №72 за проезд транспортных средств, осевая нагрузка и габариты которых превышают нормативные (в том числе сезонные), с владельцев этих средств дорожными органами Министерства транспорта и дорог Кыргызской Республики взимаются специальные сборы, которые имеют целевое назначение и не освобождают пользователей от возмещения причиненного материального ущерба.

В случае несоответствия весогабаритных параметров допустимым значениям, а также отсутствия грузосопроводительных документов, транспортное средство направляется с определением места для временной парковки.

Однако на практике, сотрудники уполномоченного органа в сфере весогабаритного контроля не применяют меры административного воздействия согласно ст.5 вышеуказанного порядка, а взымают только штрафы, что не оказывает действенных мер воздействия на перевозчиков или владельцев груза.

На сегодняшний день, водители, зная о таком положении дел, выплатив минимальные штрафные санкции, продолжают свою деятельность и наносят огромный ущерб государству путем разрушения автомобильных дорог.

На основании вышеизложенного, а также в целях недопущения избежание ответственности правонарушителями грузовых транспортных средств, пополнения финансовых средств в республиканский бюджет, сохранения автомобильных дорог предлагается значительно увеличить штрафные санкции, как на юридических, так и на физических лиц.

В целях минимизации человеческого фактора, а также обеспечения прозрачности деятельности пунктов весогабаритного контроля, ускорить реализацию проекта по внедрению электронного контроля централизованного сервера в онлайн режиме.

Другим из вариантов исключения перегрузов автотранспортных средств является оборудование территории загрузки специальными весами, (т.е. обязать хозяйствующие субъекты), что позволит избежать перегрузов и положительно отразится на безопасности дорожного движения и сохранности дорожного полотна.

4-маселе: Чүй облусунун шаарларынын жана калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү тууралуу Жыргалбек Шамыралиев баяндама жасады.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 «2019-жылды региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы №37-буйругун аткаруу максатында Чүй облусунун шаарларынын жана калктуу пункттарынын социалдык инфраструктураларын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу максатында:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 9-апрелинен №36-буйругу менен Чүй облусунун калктуу пунктарынын санитардык жана экологиялык абалын, инфраструктуралык объектилеринин көрктөндүрүү иретин, жашылдандыруу, иригация системаларынын калыбын текшерүү максатында ведомство аралык жумушчу комиссия түзүлгөн.

Ведомстволор аралык комиссия Чүй облусу боюнча төмөндөгүлөрдү маалымдайт:

Кемин району боюнча 2019-жылдын 7-мартындагы №65 буюрмасы менен Кемин районунун шаарларынын жана калктуу пункттарынын социалдык инфраструктураларын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана кѳрктѳндүрүү үчүн үч айлыгы жарыяланды.

Райондун калктуу пунктарынын инфраструктураларын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндөрүү ниетинде, айыл аймактар боюнча – 3, шаарлар боюнча – 1, жалпысынан Кемин районунда 4 парктар, скверлер, бакчалар жасалды. Көчөлөргө түнкү жарыктандырууну, чырактарды коюу боюнча: айыл аймактар боюнча — 57 км, район боюнча — 57 км орнотулду; бак, көчөт отургузуу иштери (даана) айыл аймактары боюнча-6110 даана, шаарлар боюнча-2065 даана, жалпы район боюнча-8175 даана бактар тигилди. Ички жолдор жана тротуарлар айыл аймактарда-4 км, шаарларда-12 км, жалпы район боюнча-16 км ремонттолду.

Чыгаруу иштери боюнча (тонна): айыл аймактарында-137 тонна, шаарларда-599 тонна, жалпы район боюнча-736 тонна таштандылар чыгарылган. Арыктарды тазалоо иштери боюнча (км): айыл аймактарында-86,5 км, шаарларда-7,4 км, жалпы район боюнча-93,9 км тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Аткарылган иштердин болжолдуу наркы (миң.сом): айыл аймактары боюнча- 242,3 миң сом, шаарлар боюнча-229,5 миң сом, жалпы район боюнча- 471,8 миң сомду түздү.

2019-жылдын 17-апрелинде облустун Кемин, Чүй райондорунун жана Токмок шаарынын калктуу пунктарынын санитардык жана экологиялык абалдары, инфраструктуралык объектилерин көрктөндүрүү, жашылдандыруу, ирригация системаларынын калыбын текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Токмок шаары жана Чүй району толугу менен таштандыларды Чүй районунун Искра айыл аймагындагы Искра айылындагы “Таштанды таштоочу жайына” (мусорный полигон) чыгарары маалым болду. Аталган таштанды чыгаруучу жайы Токмок шаардык мэриясынын балансында. Чүй районунун айыл аймактары Токмок шаарынын муниципалдык ишканасы менен келишим түзүшүп, таштандыларын чыгарышууда экени белгилүү болду.Ошондой эле сейил багынын санитардык абалы начар, ишембиликтер тийиштүү деңгээлде өткөрүлгөн эмес. Бактар тигилген, бирок ички арыктары тазаланган эмес.

Чүй районунда ички жолдордун, ирригациялык системасынын, арыктардын абалдары начар.

Токмок шаары боюнча:

Токмок шаарында үч айлыктын алкагында ишембиликтер өткөрүлүп, катышкан уюмдардын саны: 350 уюм; катышкан кишилердин саны 3900 киши; бак, көчөт отургузуу иштери боюнча-360 даана көчөттөр отургузулган; санитардык тазалоо, таштанды чыгаруу иштери боюнча — 485 тонна чыгарылган; арыктарды тазалоо иштери боюнча 6,3 км, аткарылган иштердин болжолдуу наркы: 510,3 миң сом.

Токмок шаарынын социалдык инфраструктураларынын, санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруусу боюнча кылган иштери канааттандырарлык эместигин баса белгилеп кетсе болот.

2019-жылдын 1-кварталына карата шаар боюнча парктарды, скверлерди оңдоп-түзөө боюнча тиешелүү иш-аракеттер көрүлгөн эмес.

Ошондой эле Токмок шаарынын ички жолдорунун абалдары дагы өтө начар. (Гагарин, Ленин жана Совет көчөлөрү), ички арыктарды тазалоо иштерине дагы көзөмөл жүргүзүлбөй, тазалоо иштери аткарылбагандыгы белгилүү болду. Имараттардын фасаддарын тазалоо, тартипке келтирүү боюнча Токмок шаары тарабынан аткарылган иштери дагы аныкталган жок. Бул багытта дагы эч кандай иш-аракеттер көрүлгөн эмес.

Ысык-Ата району боюнча:

Ысык-Ата районунун шаарларынын жана калктуу пункттарынын социалдык инфраструктураларын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана кѳрктѳндүрүү үчүн үч айлык жарыяланып, иш-чаралар планы бекитилген.

Ишембиликтер өткөрүлүүдө, айыл аймактары боюнча-109 уюм, шаар боюнча-138 уюм, жалпы район боюнча-247 уюм катышкан. Айыл аймактары боюнча-8838 киши, шаар боюнча-2430 киши, жалпы район боюнча-11268 киши өткөрүлгөн ишембиликтерге катышкан. Парктар, скверлер, бакчаларды жасоо боюнча, айыл аймактарда, Кант шаарында жана Ысык-Ата районунда 1-кварталга карата иштер кылынган эмес. Көчөлөргө түнкү жарыктандырууларды орнотуу же оңдоо иштери: айыл аймактар боюнча – 5,50 км, жалпы район боюнча-5,50 км жүргүзүлгөн. Бак, көчөт отургузуу иштери: айыл аймактарда-8696 даана, шаарда -1950 даана, жалпы райондо-10646 даана бак-дарактар менен көчөттөр отургузулган. Ички жолдор жана тратуарларды оңдоо боюнча шаар боюнча-1,5 км, район боюнча-1,5 км иштери жүргүзүлгөн. Санитардык тазалоо, таштанды чыгаруу иштери боюнча: айыл аймактары-400 тонна, Кант шаары-175 тонна, жалпы район боюнча-575 тонна чыгарылган.Арыктарды тазалоо иштери (км): айыл аймактарында-67,5 км, шаар боюнча-1,2 км, жалпы район боюнча-68,7 км жүргүзүлгөн. Аткарылган иштердин болжолдуу наркы, айыл аймактары боюнча-883,8 миң сом, шаар боюнча-289,0 миң сом, жалпы район боюнча-1172,8 миң сомду түздү.

Аламүдүн району боюнча:

Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан райондун калктуу конуштарынын социалдык инфраструктураларын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн 2019-жылдын 25-февралындагы №53-б буюрмасы кабыл алынган.

Жалпы район боюнча-630 киши. Көчөлөргө түнкү жарыктандырууларды орнотуу же оңдоо иштери (км), айыл аймактарда – 31,0 км, жалпы район боюнча-31,0 км жүргүзүлдү; бак, көчөт отургузуу иштери (даана), айыл аймактары тарабынан-1500 даана, жалпы район боюнча-1500 даана отургузулду. Ички жолдорду ондоо (км) боюнча айыл аймактарда-380,0 км, жалпы район боюнча-380,0 км иштери жүргүзүлгөн. Санитардык тазалоо, таштанды чыгаруу иштери, айыл аймактары тарабынан-260 тонна, жалпы район боюнча-260 тонна чыгарылган. Аламүдүн районунун айыл айактары чогулган таштандыларды Бишкек шаарындагы Таштанды чогултуучу жайына чыгарышат. Айыл аймактар менен Таштанды чогултуучу мекемеси менен келишим түзүшкөн. Арыктарды тазалоо иштери, айыл аймактарда-15,0 км, жалпы район боюнча-15 км жүргүзүлгөн. Аткарылган иштердин болжолдуу наркы: айыл аймактары боюнча- 310,0,0 миң сом, жалпы район боюнча-310,0 миң сомду түздү.

Аламүдүн районунун Маевка айыл аймагындагы “А365 айланып өтүүчү жолдун” боюндагы башаламан таштандылар орун алган.

Ошондой эле көрүнүш Пригород жана Лебединовка айыл аймактарындагы “А 365 айланып өтүүчү жолдун” боюндагы таштандылардын орун алганы байкалууда.

Ирригациялык системалары, ички арыктарынын абалдары жакшы эмес.Бул багыттарда иш аракеттер тийиштүү деңгээлде аткарууга алынган эмес.

Сокулук району боюнча:

Сокулук районунун шаарларынын жана калктуу пункттарынын социалдык инфраструктураларын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана кѳрктѳндүрүү үчүн 2019-жылдын 12-мартындагы №82 буюрмасы менен үч айлык жарыяланып, иш-чаралары бекитилген.

— жалпы район боюнча-8224 киши. Парктарды, скверлерди, аллеяларды жасалгалоо иштери айыл аймактары боюнча-1 даана, шаар боюнча – 1, район боюнча 2 даана жүргүзүлгөн. Көчөлөргө түнкү жарыктандыруу орнотуу жана ондоо иштери айыл аймактар,Шопоков шаары жана район тарабынан 1-кварталга карата жүргүзүлгөн эмес. Айыл аймактарында-13954 даана, район боюнча-13954 даана бак-дарактар, көчөттөрдү отургузуу боюнча иштер жүргүзүлсө, ал эми Шопоков шаардык мэриясы тарабынан бул багытта иштер жүргүзүлгөн эмес. Ички жолдорду оңдоо багытында, айыл аймактар, Шопоков шаардык мэриясы тарабынан тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлгөн эмес. Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ички жолдорду оңдоо маселеси көзөмөлгө алынган эмес. Имараттардын фасаддары боюнча айыл аймактарда-45 даана, Шопоков шаары боюнча-5, жалпы район боюнча-50 даана тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Санитардык тазалоо, таштанды чыгаруу иштери айыл аймактарында-1422,9 тонна, шаар боюнча-148 тонна, жалпы район боюнча-15,0 тонна жүргүзүлгөн. Арыктарды тазалоо иштери айыл аймактары боюнча-159,4 км, шаар боюнча-0,6 км, жалпы район боюнча-160,0 км жүргүзүлгөн. Аткарылган иштердин болжолдуу наркы (миң сом): айыл аймактары боюнча- 183,0 миң сом, шаар боюнча-9,0 миң сом, жалпы район боюнча-192,0 миң сомду түздү.

Москва району

Калктуу пункттарынын социалдык инфраструктураларын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана кѳрктѳндүрүүдөгү маселелерди оперативдүү чечүү максатында райондук штаб түзүлгөн. Иш-чаралар планы бекитилген.

Көчөлөргө түнкү жарыктандырууларды орнотуу же оңдоо иштери айыл аймактарда – 11 км, жалпы район боюнча — 11 км жүргүзүлгөн. Бак, көчөт отургузуу иштери боюнча, айыл аймактары-23 000 даана, жалпы район боюнча- 23 000 даана отургузулган. Ички жолдор жана тротуарларды ремонттоо иштери айыл аймактар тарабынан 1-кварталга карата жүргүзүлгөн эмес. Санитардык тазалоо, таштанды чыгаруу иштери боюнча, айыл аймактарында-480 тонна, жалпы район боюнча-480 тонна чыгарылган. Айыл аймактар боюнча-70,0 км, жалпы район боюнча-70 км арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Аткарылган иштердин болжолдуу наркы: айыл аймактары боюнча- 2030,0 миң сом, жалпы район боюнча-2030,0 миң сомду түздү.

Жайыл району

Жайыл районунун калктуу конуштарынын социалдык инфратүзүмүн, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыялоо тууралуу 2019-жылдын 13-мартындагы №63-рбуюрмасы кабыл алынган. Буюрманын негизинде уюштуруу комитетинин курамы жана иш-чара мерчеми түзүлгөн.

Парктарды, скверлерди иретке келтирүү боюнча айыл аймактар жана Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлгөн эмес. Көчөлөргө түнкү жарыктандыруу орнотуу жана ондоо иштери айыл аймактар жана Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан жүргүзүлгөн эмес. Айыл аймактары боюнча-3941 даана, Кара-Балта шаары боюна-1357 даана, жалпы район боюнча-5295 даана бак-дарактар, көчөттөр отургузулган. Ички жолдорду оңдоо боюнча айыл аймактар боюнча- 11 км жүргүзүлсө, Кара-Балта шаары боюнча бул багытта иштер жүргүзүлгөн эмес. Санитардык тазалоо, таштанды чыгаруу иштери айыл аймактары боюнча-283,3 тонна, шаар боюнча-150,80 тонна, жалпы район боюнча-434,1 тонна таштанды чыгарылган. Арыктарды тазалоо иштерин айыл аймактары тарабынан-51,9 км жүргүзүлсө, Кара-Балта шаары тарабынан бул багытта иш-аракеттер көрүлгөн эмес. Аткарылган иштердин болжолдуу наркы: айыл аймактары боюнча- 318,0 миң сом, шаар боюнча-346,3 миң сом, жалпы район боюнча-664,3 миң сомду түздү.

Панфилов районунун калктуу конуштарынын социалдык инфратүзүмүн санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча ишембиликтер өткөрүлүүдө.

Ички жолдорду жана тротуарларды ремонттоо иштери айыл аймактар боюнча-3,0 км жүргүзүлсө, Кайыңды шаары тарабынан 1-кварталга карата иш-аракеттер көрүлгөн эмес. Парктарды, скверлерди жасалгалоо иштерин Кайыңды шаары 2 жолукылган, ал эми айыл аймактар бул багытта иш алып барган эмес. Бак-дарактарды, көчөттөрдү отургузуу боюнча Кайыңды шаары тарабынан 630 даана отургузулса, айыл аймактар тарабынан отургузуу иштери жүргүзүлгөн эмес. Имараттардын фасаддарын тазалоо жана тартипке келтирүү боюнча райондо тиешелүү иш-аракеттер көрүлгөн эмес. Санитардык тазалоо, таштанды чыгаруу боюнча айыл аймактары тарабынан-

918 тонна, шаар тарабынан-240 тонна, жалпы район боюнча-1158 тонна таштандыларды чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Арыктарды тазалоо иштерин айыл аймактары-30,9 км, жалпы район боюнча- 30,9 км жүргүзүшкөн. Аткарылган иштердин болжолдуу наркы (миң сом): айыл аймактары боюнча- 1433,5 миң сом, шаар боюнча-144,9 миң сом, жалпы район боюнча-1578,4 миң сомду түздү.

Чүй облусу боюнча аткарылган иштер:

— ишембиликтерге катышкан уюмдардын саны: райондор боюнча-910 уюм, шаарлар боюнча-687 уюм, облус боюнча-1597 уюм;

— катышкан кишилердин саны: райондор боюнча-36 825 киши, шаарлар боюнча-24 354 киши, облус боюнча-61 179 киши;

— бактар, скверлер, бакчалар жасалды: райондор боюнча-4 даана, шаарлар боюнча-4 даана, облус боюнча-8 даана;

— көчөлөргө түнкү жарыктандырууну орнотуу же оңдоо: райондор боюнча-104,5 км, шаарлар боюнча-0,80 км, облус боюнча-105,30 км;

— бак отургузуу (даана): райондор боюнча-57 561 даана, шаарлар боюнча- 10 946 даана, облус боюнча- 68 507 даана;

— ички жолдорду жана тротуарларды оңдоо (км): райондорбоюнча-389 км, шаарлар боюнча- 30 км, облус боюнча- 419 км;

— имараттардын фасаддары тазаланды: райондорбоюнча-109 даана, шаарлар боюнча-17, облус боюнча-126 даана;

— штакетниктерди оңдоо: райондор боюнча-2314 п.м, шаарлар боюнча- 60 п.м, облус боюнча- 2374 п.м;

— санитардык тазалоо, таштанды чыгаруу: райондор боюнча-3944 тонна, шаарлар боюнча- 1798 тонна, облус боюнча- 5742 тонна;

— арыктар тазаланды: райондор боюнча-515,2 км, шаарлар боюнча- 15,5 км, облус боюнча- 530,7 км;

— аткарылган иштердин болжолдуу наркы: райондор боюнча- 8900,6 миң сом, шаарлар боюнча- 1529,0 миң сом, облус боюнча- 10429,6 миң сом.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, белгиленген кемчиликтерди эске алуу менен төмөнкүдөй иштерди жүргүзүү сунушталат:

— Айыл аймактарда, шаарларда жана калктуу конуштарда калдыктарды, таштандыларды көрсөтүлбөгөн жерлерге жергиликтүү тургундар тарабынан ыргытуусу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тийиштүү деңгээлде көзөмөл иштерин, эл арасында түшүндүрүү иштеринин өз убагында жүргүзүлбөгөндүгү дагы себепкер болууда;

— Райондордун, шаарлардын бардык жерлеринде көрсөтүлбөгөн жерлердеги калдыктардын, таштандылардын ирээтсиз орун алгандыгы өзгөчө белгиленет: Аламүдүн жана Сокулук райондорунун аймактарындагы мыйзамсыз орун алган таштандылар менен калдыктар.

— Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” жана “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Мыйзамдарынынжергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү түрдө аткарууга алынбагандыгы. Таштанды таштоочу жайларынын санитардык жана экологиялык талаптарга ылайык мыйзамдаштыруу багытында тез арада тийиштүү иш аракеттерди көрүү;

— Калктуу конуштардын аймактарындагы калдыктарды, таштандыларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз убагында чыгарылбагандыгы;

— Облустун аймагындагы ички жолдорунун начар абалдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү иш-аракеттердин жүргүзүлбөгөндүктөрү;

— Сугат жана ирригация системаларында конкреттүү иш-аракеттердин жасалбагындыгы байкалууда, бул багытта тез арада ишти күчөтүү керек;

— Көчөлөргө түнкү жарыктандырууну орнотуу, имараттардын фасаддарын тазалоо, тартипке келтирүү, арыктарды тазалоо иштери, парктардын, скверлердин абалдары, өз убагында оңдоп-түзөө иштеринин кылынбагандыгы жана райондорду, шаарларды, айыл аймактарды, айылдарды көрктөндүрүү иштери толук аткарылбагандыгы;

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында таштандыларды убактылуу топтоо үчүн атайын жерлердин жоктугу, калдыктар жана катуу таштандыларды кайра иштетүү жаатында тийиштүү иштин жоктугу, көрсөтүлбөгөн жерлерге көмүлүшү көйгөйлүү маселелрдин бирден бири жана бул боюнча иш аракеттерди көрүү.
Коллегиянын жүрүшүндө райондордо таштандыларды тазалоо жана кайра иштетүү иштери пландаштырылып, жашылдандыруу иштери боюнча айтарлык иштер жасалды.
Аймактарды өнүктүрүү боюнча координатор Ж.Калидинов: 2-3 жыл мурда Токмок шаарынын таштандыполигонун кайра иштетүү боюнча Кытайдан инвесторлор келген эле, жыйынтыктары эмне болду  деген суроону Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиевге берди.
— Албетте бул иштин үстүндө иштеп жатабыз. Кытай инвесторлору менен эмне болгонун билбейт экенмин, бирок учурда өзүбүздүн күчүбүз менен долбоорлор иштеп жатат. Кийинки жылга инвесторлор жок болсоөзүбүздүн күчүбүз менен кайра иштетүүчү ишкана курууга аракет кылабыз — деди.

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 26, 2019 11:00

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина