Чүй облусу бүт өлкөнүн өнүгүшү үчүн локомотив

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 13:21

Чүй облусу бүт өлкөнүн өнүгүшү үчүн локомотив

12 -2020-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарында республикадагы өнөр-жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнө карата Чүй облусундагы продукциясынын салыштырмалуу салмагы 38,2 %, же 2020-жылы облустун өнөр-жай секторунда 39 млрд. 194 млн. сомдук продукция өндүрүлгөн. Чүй облусу боюнча мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 95,2% аткарылды, башкача айтканда  пландагы 3147357,2 миң сомдун ордуна иш жүзүндө 2996130,6 миң сом болуп бюджетке 151226,6 миң сом кем чогулган. Албетте Чүй областык жетекчилигине келгенине 3 ай боло элек Мирбек Мияровдун экономикабызга, бюджетибизге тыкыр көз салып, «Жөжөнү күздө санайт» эмеспи, 2021-жылдын жыйынтыгында, кем чогулган бюджетти ашык чогултарына шек жок.

Чүй облусу кадрлар «пасьянсына» айланганбы?

-Акыркы мезгилде Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Мияров дайындалган. Жаштык энергиясын талбас эмгекке арнаган Мирбек мырза өнүгүү жагынан бардык аймактарга эталон болгон Чүй облусун жаштык кайрат менен жетектеп келатат. Элден өткөн эч ким жок, эл таразасы так. Ушул сөздүн чындыгына таянып окурмандарыбызга, элибиз үчүн эскирбес эмгек жасаган, келечеги кең жетекчилер тууралуу азын-оолак айта кетпесек болбойт. Алар тууралуу кененирээк жазып эмгектерин элге, жаш муундарга жеткирүү зарыл. Албетте, Чүй аймагында атактуу, залкар улуу инсандар, улуу таланттар, кыргыз эли үчүн алтын тамга менен жазыла турган асыл эмгек жараткандар арбын. Элибиздин таразасын татыктуу баскан Чүй элинин, жалпы эле кыргыз элинин ыйык адамдары борбор жайгашкан Чүй аймагынан көп чыкканы жакшы. Чындыгында эл уулу болуш баарынан кымбат.

Акыркы ирет Чүй облусу Кыргызстан кайрадан мамлекет жаралганда түзүлгөн. Буга чейин ак падышанын учурунда Чүй болуштары бир уездге биригишкен, кийин округ, кантон сыяктуу аймактарга бөлүнүшкөн. Совет маалында 1939-жылы Фрунзе облусу түзүлүп, 1959-жылдан республикага түз баш ийип калган. Ал эми отуз жыл мурун, 1990-жылы Кыргыз ССРинин министрлер Советин жетектеп келген Апас Жумагулов жаңы түзүлгөн Чүй облусун жетектеп, андан соң Чүй облусун вице-президенттен келген Феликс Кулов жетектеп калат. Чүй облусунун губернаторлорунун катарын жыйырманчы кылымдын аягында ушул облустан түз эле өкмөт башчылыкка өтүп кеткен Курманбек Бакиев толуктайт. Ал 2005-жылдан 2010-жылга чейин мамлекетти жетектейт. Тургунбек Кулмурзаев 2005-жылы 24-марттан кийин губернаторлукка келет. Ал 2006-жылы ноябрда Бакиевдик бийликке каршы чыгып, губернаторлуктан кетет. Сагынбек Абдырахманов жана жаштыгына карабай Айбек Азыранкуловдор өнөр-жайлуу Чүй облусун жетектей албай, бул аймакты бийик, зобололуу даражага көтөрө алган жок. Алардан соң Канат Исаев Чүй облусун жетектеп калган. Канат Исаевден кийин Кубаныч Кулматов, Бактыбек Кудайбергенов, Улан Карагулов, Туйгунаалы Абдраимов, Алтынбек Намазалиевдер өз күчтөрүн сынап көрүштү.

Кыргыздар кезектешип президент болгон демократиялуу өлкө

 -Бүгүнкү президенттик шайлоонун айныксыз фавориттеринин бири Садыр Жапаров экени талашсыз. Садыр Жапаров башка президенттерден айырмасы ачууну да, таттууну да көргөн. Биздин акыркы мезгилде мамлекетти жетектегендердин дээрлик бардыгы учурунда эл ишенимине ээ болуп эл жүгүн көтөрүп келгендер.

Кыргыз компартиясын жетектеген баткендик Исхак Раззаков менен Апсамат Масалиев жана нарындык Турдакун Усубалиевдер болгон. Биринчи президент Аскар Акаев чүйлүк, экинчи президент жалал-абаддан Курманбек Бакиев, үчүнчү президент Роза Отунбаева таластык. Төртүнчү президент чүйлүк Алмазбек Атамбаев, бешинчиси оштук Сооронбай Шарипов президент болуп шайланат. Эми көлдүк Садыр Жапаровдун келиши бул кыргыз элинде демократия бар экенине айгине. Садыр Жапаровдун ата-тегин шашпай кеп кыларбыз. Чүй элине эмне кааламакчыбыз. Ата-бабалар тегиз жашаган бизде башка кошуналар сыяктуу кастага бөлүнүп бири-бирин кодулоо болгон эмес. Ак кийизге салып татыктуу адамды бийлик башына алып келген. Жаңылбай татыктуу адамдарды таап алалы. 2021-жылы 10-январда өтө турган президенттик шайлоодо эл үмүтүн актайт деген депутаттардын көрүнүктүүсү, фаворити Садыр Жапаров экени талашсыз.

Өнүгүүнүн модели болгон Чүй облусу бүт өлкөбүз үчүн локомотив

-Борбор шаарыбыз Бишкекти курчап турган Чүй облусунун өнөр-жайы жакшы көрсөткүчтөрдү көздөй өсүп баратат.Бүгүн бүтүндөй өнөр-жайды өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн баса белгилеген. Өнүккөн транспорттук инфраструктура бар, ири рынокторго жана кошуна өлкөлөргө чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк. Чүй облусу аймактарды өнүктүрүүдө лидер болушу керек. Чүй облусу өнүгүүнүн модели жана бүт өлкөбүзгө үчүн локомотив болооруна ишенем. Мында алтымыштан ашуун улуттардын өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашап жатышат. Сары — Өзөн Чүй барыбызды батырып, бизди багып жатканы чындык. 2020 -жылы Чүй облусунун өнөр-жай секторунда 75775,5 млн. сомго продукция өндүрүлгөн. 2020-жылы өнөр жай продукциясын 2019 жылга салыштырмалуу, көлөмүнүн өсүшү төмөнкү түрлөрү боюнча белгиленген: кайра иштетүү өнөр жайы (70658,0 млн. сом) – 1,6 эсеге. Бул негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү 2,0 эсеге, тазаланган мунай затты өндүрүшү эсебинен — 1,2 %га, жыгач, кагаз буюмдар –6,6%, тамак-аш азыктарын – 3,8 %га өсүшү менен шартталган.

Чүй облусу аймактарды өнүктүрүүдө лидер болушу керек

-Региондор өнүкпөсө өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эмес. Тилекке каршы буга чейин мамлекеттин экономикалык саясаты региондордун өнүгүшүнө көмөк болгон эмес. Бюджеттик, салык, акча, насыя саясаты региондордун өзгөчөлүүлүгүн эске алган жок. Натыйжада бир райондо экинчисине караганда турмуш беш эсе жакшы болуп,ички жана тышкы миграция өстү. Ал региондорго карата мамлекеттик саясатты өзгөртүү мезгили келгенин, ошондуктан өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө көп көңүл бөлүнүп жатканын айткан. Чүй облусу боюнча 2020-жылы жеке ишкерлер тарабынан жаӊы 138 кичи жана орто ишканалар ачылып, 908 иш орун түзүлдү. 2020-жылда Чүй облустук өнүгүү фондунун каржылоосунда 29 долбоор 42,3 млн. сомго жактырылып, учурда айыл аймактарында тендер өткөрүү иштери аткарылууда.Чүй облусунда төмөнкү долбоорлор аткарылды:

  • Өнөр жай тармагы боюнча 1555,2 млн. сомго 15 долбоор аткарылды.
  • Айыл чарба тармагы боюнча 100,2 млн. сомго 14 долбоор.
  • Кичи жана орто бизнес тармагы боюнча 240,9 млн. сомго

32 долбоор аткарылды.

  • Социалдык тармак 21 долбоор 290,4 млн. сомго аткарылды.
  • Дене тарбия жана маданият 5 долбоор 53,2 млн. сомго аткарылды.
  • Инфраструктурасын өнүктүрүү 29,3 млн. сомго 11 долбоор аткарылды.

Элеттин өнүккөнү өлкөнүн өнүккөнү

Чүй облусун аймагында өндүрүлгөн айыл чарбасын сыртка экспорттоо өнүктү. Чүй облусунун жетекчилиги ишкер фермер, дыйкандарга бардык шарттарды түзүп берип жатат. Дыйкандар бир гана Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөргө эмес Европа дүйнөлүк соода тармактарына да чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Чүй облусундагы логистикалык борборлор мындай жакшы саамалыктардын ишке ашышына тепкич болуп турат.

Чүй облусу боюнча баардыгы 427,4 миӊ га айдоо жерлери бар. Анын ичинен 320,0 миӊ га сугат 107,4 миӊ га кайрак айдоо жер. 2020-жылдын түшүмү үчүн Чүй облусу боюнча баардыгы болуп 418847 га жерге айыл чарба өсүмдүктөрү себилди, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1271 га көп. Жалпы дан эгиндер 247878 га, анын ичинен буудай 110680 га, арпа 105633 га, сулуу 477 га, жүгөрү 30858 га. Кылкандуу дан эгиндердин ичинен буудайдын түшүмдүүлүгү 28,4 ц/га дүӊ жыйымы 314,3 миӊ тоннаны, арпанын түшүмдүүлүгү 26,7 ц/га, дүӊ жыйымы 281,6 миӊ тоннаны түздү. Ал эми кант кызылчасы 15717 га, май өсүмдүктөрү 9846 га, картошка 11219 га, жашылча 19872 га жана бахча өсүмдүктөрү 4035 га түзөт.

Мамлекеттик саясатта жана күндөлүк турмушубузда регион, айыл деген түшүнүктөр активдүү пайдаланышы керек. Элет –биздин генофондубуз, үрп-адатыбыз жана каада-салттарыбыз, тарыхыбыз. Элеттин өнүккөнү өлкөнүн өнүккөнү.

Суу чарбасы

 2020-жылы суу чарбасынын Чүй мамлекеттик башкармалыгы тарабынан мерчем боюнча 1157,7 млн. м3 суу бериле турган болсо, иш жүзүндө 968.1 млн. м3 суу берилген, же план 84%га аткарылган. Себилген аянттын 78% на суу талап кылуучу айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген, башкача айтканда бардык аянттын үчтөн экисинен көбүн түзүп тургандыгын эске ала турган болсок суу берүүнүн көлөмү 189,6 млн. м3 аткарылбай калган. Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Мияров Мирбек айдоо жерлерин эффективдүү пайдалануунун негизги фактору болуп сугат иштери эсептелинерин, өзгөчө тамчылатып сугаруу тажрыйбасын жайылтуунун зарылдыгын туюп, эмки жылы ушул иштерге көңүл бурарын белгиледи. Сууну туура колдоно турган болсок дан эгиндеринен көбүрөөк пайда табарыбыз белгилүү. Эмки жылы дан эгиндер бардык айдоо аянтынын ичинен (чанактуу өсүмдүктөрдү эсепке албаганда) 263,3 миң гектарды түзөрү бышыкталып жатат, же 64,2%. ( 2020-жылы 254,9 га, же 62,8%). Бүгүнкү күнгө карата облус боюнча дан эгиндеринин дүң жыйымы 385,2 миң тоннаны түзөт, бул былтыркыга салыштырмалуу 295,8 миң тоннага аз. Анын ичинен буудайдын дүң жыйымы 224,7 миң тонна, арпанын дүң жыйымы 110,5 миң тонна өндүрүлөт, облустагы 418,5 миң га айдоо аятынын 7,6 га жери пайдаланылбай калган. Бул жалпы аянттын 1,8 пайызын түзөт. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу пайдаланылбай калган жер аянты 1116 га азайган.

Жолдор ремонттолуп жатканы кубандырат

-Чүй облусунда ички жана тышкы жолдордун абалы начарлап, жол ортосундагы чуңкурлар, айылдарды бириктирген машина өтө алгыс баткактуу аң-дөңдөр оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн быйылкы жылы бутага алынды. Чүй облусунун аймагында 12084, 4 чакырым жолдор бар. Бир гана Бишкек-Ош жолунда 9 авариялык коркунучтуу участоктор болгон. Жыл ичинде кайсы жолдор оңдоп-түзөлүп, капиталдык ремонттук долбоордо канча жолдор турганын «Бишкек-Ош» жана «Бишкек-Торугарт» жолдорунун жана айылдарды бириктирген жолдорунда ремонт иштери жүргүзүлдү. Айрыкча бүткүл республикалык масштабда элди иренжитип турган Кара-Балтадагы жол ремонттолуп калганы кубандырат.

2020-жылы автомобиль транспорту менен жүк ташуунун көлөмү 8729,7 миң тоннаны түзүп, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 2,5 % га өстү. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү 93,7 млн. адамды түзүп, былтыркы жылдын деңгээли менен салыштырганда 0,8%га өстү. Жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташуу 927,6 млн. жүргүнчү-километрди түзгөн, же былтыркы жылга салыштырмалуу 100,8 % түздү.

Электр энергиясы

-Электр энергияга облус боюнча 2020-жылга 3 456,1 млн. кВт.саат лимит бекитилген. Дебитордук карыздын саны 200,0 млн. сом болуп, өткөн жылдын ушул мезгилинде 209,5 млн. сом же 9,5 млн.сомго азайды. Электр энергиясы үчүн бюджеттик мекеме-уюмдардын дебитордук карызы: республикалык бюджет боюнча – 19,1 млн. сом, жергиликтүү бюджет боюнча 17,1 млн. сомду түздү. Учурда Кыргызстан боюнча электр энергиясы эң каат болуп жаткан учур. Ал эми Чүй облусунда кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында “Түндүкэлектр” ишканасы ашыкча жүк менен иштеп келген жогорку вольттогу көмөкчордондордогу күч трансформаторлорду күчтүүрөөктөрүнө алмаштырууну улантууда. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылындагы 35/10 кВт чыңалуусундагы “25-лет Киргизии” көмөкчордонундагы аз кубаттуу (6 300 киловольт-ампер) күч трансформаторун жаңы 10 000 кВА кубаттуулугундагы трансформаторго алмаштырылды. Бул 17,3 тонналык жабдыкты орнотуу үчүн автогидроподъемник, 40 тонналык жана 16 тонналык эки кран колдонулду. Жаңы трансформаторду алууда ишкана өз каражатынан 9,5 млн. сом сарптады. Көмөкчордондун кубаттуулугун жогорулатуунун натыйжасында Аламүдүн районуна караштуу Байтик, Арашан, Кашка-Cуу, Таш-Дөбө айылдарын электр энергия менен камсыздоосу жакшырат. Мурунураак ушул эле райондо жогорку вольттогу “Майская” көмөкчордонундагы күч трансформатору жаңы күчтүүрөөк трансформаторго алмаштырылган. Жабдыктарды алмаштыруу менен Аламүдүн районундагы айтылган көмөкчордондордун кубаттуулулугу 6,1 мегавольт-амперге жогорулап, “25-лет Киргизии”, “Майская” көмөкчордондордун ашыкча жүк маселеси чечилди.

Негизгиси Чүй облусунун райондорунда калкты отун менен камсыздоо боюнча 30 стационардык база түзүлгөн. Алар төмөндөгүдөй райондордо жайгашкан:

  1. Кемин районунда 6 пункт, 1 база бар. Аларда көмүрдүн баасы – 3 миң 500 — 4 миң сом.
  2. Ысык-Ата районунда 5 пункт, 3 база. Көмүр наркы – 3 миң 600 — 4 миң сом.
  3. Аламүдүн районунда 7 пункт, 2 база. Көмүр баасы — Кара-Кече 3 миң 400-4 миң Шабыркуль 4 миң – 4 миң 200 сом.
  4. Сокулук районунда 4 отун пункту бар. Наркы 3 миң 500-3 миң 800 сом.
  5. Москва районундагы 3 пунктта көмүр 3 миң 600-3 миң 800 сомдон сатылууда.
  6. Жайыл районунда 2 база бар, Аларда көмүр наркы 3 миң 500-3 миң 600 сом.
  7. Панфилов районундагы базада кара алтын 3 миң 600-3 миң 700 сомдон сатылууда.
  8. Токмок шаарында 2 пункт иштеп, көмүр 3 миң 500-3 миң 600 сомдон берилүүдө.

Социалдык–маданий тармактарындагы объектилердин, турак- жай коммуналдык чарбаларын жана калкты күзгү–кышкы мезгилге даярдоо боюнча техникалык уюштуруу иш-чара комплекси иштелип чыгып, анын алкагында иштер жүргөн. Облустагы 296 от жагуучу мештерде анын ичинде 146 билим берүүчү мекемелерде, 148 саламаттык сактоо мекемелерде жана мамлекеттик ишкана “Кыргызжилкоммунсоюздун” 41 от жагуучу мештери кышка даярдык көрүп жатат. Ал эми, 2020-жылы Чүй облусунун электр энергиясы менен камсыздалышы 2025,783 млн. кВт саатты түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 252,716 млн кВт саатка көбөйгөн. Учурда облус боюнча айрым аймактардагы авариялык өчүрүүлөрдү эске албаганда, электр энергиясы өчүрүлгөн жок.

Саламаттыкты сактоо

-Коронавирус илдети саламаттыкты сактоо кызматкерлерин ойлонтуп койду. Чүй облусу боюнча 320 мекеме саламаттыкты сактоо боюнча кызматты көргөзөт. Облус боюнча 1261 дарыгер, 3059 орто билимдүү медициналык билими бар кызматкерлер эмгектенет. Чүй облусу боюнча 2020-жылы тейленген калктын саны – 994 083 адам. 2018-жылы 15 467 бала төрөлгөн, төрөлүүнүн көрсөткүчү калктын 1000ине – 16,5. Калктын табигый өсүүсү 1000ге – 12,1. Учурда Чүй облусу боюнча саламаттыкты сактоо мекемелеринде 168 дарыгер жетишпейт (кардиолог, эндокринолог, педиатр, терапевт, акушер-гинеколог, инфекционист, офтальмолог, анестезиолог-рениаматолог, иммунолог, неонетолог ж.б.), анын ичинен 10 дарыгер ооруларды алдын алуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна (эпидемиолог, лаборант, дезинфекционист, энтомолог, иммунолог).

Мамлекеттик жөлөкпулдар жана иш менен камсыз кылуу

-2020-жылы мамлекеттик социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 16457 адамды түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 209 адамга көбөйгөн. Мунун себеби, балдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү менен туулгандыгы, миграциялык агымдын өсүшү. 2020-жылы балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул алуучулардын саны 1680 үй-бүлөнү түздү. 2020-жылдын башынан бери Чүй облусунун аймагында 27 102 чет өлкөлүк жарандар катталган, анын ичинен 1008 адам ишканаларда эмгектенет. Отчеттук мезгилде жумушсуз жарандарга жумушка орноштурууга көмөктөшүүгө багытталган практикалык чаралар ыраттуу түрдө аткарылды. 2020-жылы 5719 адам иш издөө үчүн каттоодо турат. Анын ичинен официалдуу жумушсуз статусун алгандардын саны 4468.

Жарандардын кайрылууларын кароо боюнча

-Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына бардыгы болуп жарандардын 790 кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары келип түшкөн. Келип түшкөн кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын 790 кароого жиберилген, 4 кайрылуу көзөмөлдөн алынды: анын ичинен -1 кайрылуу анонимдүү экендиги аныкталып, 3 — кайрылууну кароону токтотуу жөнүндө арыз ээлери кайрылгандыктан, алар көзөмөлдөн алынды. Көзөмөлгө алынган 786 кайрылуулардын ичинен мыйзам чектелген мөөнөтүндө каралгандары- 739, мөөнөтү бузуу менен 8 кайрылууга жооп берилген, мөөнөтүн узартуу менен – 47 кайрылуу кат каралып, 39 -аткарууда турат.

 Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 13:21

Приемная кампания 2020

Элдик медицина