Чүй обласунун башчысы Алтынбек Намазалиев кызматында иштеп жатат

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 12, 2020 10:38

Чүй обласунун  башчысы Алтынбек Намазалиев кызматында иштеп жатат

3 5-октябрда болгон Ак ъйдъ алуу ызы –чуусу Чүй облусунан дагы айланып  өткөн жок. Облуска Туратбек Мадылбеков баштаган оппозициялар келип, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, облустун  башчысы Алтынбек Намазалиевдин ордун тартып алып, Ысык-Ата райондук кеңештин спикери, Чоң Казат партиясынан депутаттыкка талапкер Азамат Мусакеевди отургузушту.

9-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда облустук мамадминистрациянын имаратынын алдында райондон Алтынбек Намазалиевди колдогон эл келип, нааразычылыгын билдирди. Жыйынтыгында, сүйлөшүүлөргө барып,  Алтынбек Намазалиев өз ордунда калды.

Азамат Мусакеев: 6-октябрдан бери администрацияны эч кимге тийгизбей кармап турдук, эми обустун жетекчиси Алтынбек Абдисаламович өзүңүзгө кайра өткөрүп берип жатам-деди. Алар кол кармашып, элге ынтымакта болоорун билдиришти.

Облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев:

«Учурдагы татаал коомдук-саясий кырдаалдан чыгуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдар кадимки режимде иштеши керек. Имараттарды басып алууну токтотуп, коомго дүрбөлөң түшүрүшбөш керек. Коронавирустун жайылышы күч алууда. Күз-кыш мезгилине даярдыктар кызуу жүрүп жатат», — деди.

Ооба, Кылымдан-кылымга Сары-Өзүн Чүйдүн эли башка облуска үлгү болуп келген жана болушу керек. Алтынбек Намазалиев карапайым калкка жакын, өтө адамкерчиликтүү  жетекчи. Учурдагы абал тынч, Облус жетекчиси кышкыга карата даярдыктар, “Коронавирус” илдетинин алдын алуу иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп жатат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 12, 2020 10:38

Приемная кампания 2020

Элдик медицина