Чүй ИИББнын кызматкерлери эсин жоготуп жолдо калган жаранды сактап калышты

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 27, 2018 15:53

Чүй ИИББнын кызматкерлери эсин жоготуп жолдо калган жаранды сактап калышты

2 2018-жылдын 21-июль күнү Бишкек-Торугарт автоунаа жолунда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын көчмө кабылдамасы жол карта боюнча айланма жол менен чыгышты көздөй бара жатып, автоунаа жолдун 42-45 километринде “Хонда-Стрим” үлгүсүндөгү автоунаа токтоп, жанында аял киши жолдо өтүп жаткан унааларды токтотууга аракет кылып жатканын көрүп, милициянын көчмө кабылдамасында нөөмөт өтөп жаткан кызматкерлер түшүп барышкан. Токтоп турган унаада жолдошу өзүн жаман сезип, эсин жоготуп жатканын айткан аял аны тез арада оорукана жеткирүү керектигин билдирген. Милиция кызматкерлери алгачкы медициналык жардам көргөзүшүп, тез жардам кызматына телефон чалышкан. Бирок, тез жардам кызматы ал жерге жеткенче бир топ убакыт талап кылгандыктан, бейтапты жана анын аялын көчмө кабылдама унаага салышып, кызматкерлердин бири алардын автоунаасын айдап Ысык-Ата районундагы аймактык ооруканага жеткиришкен. Ооруканада дарыгерлер бейтапка дароо медициналык жардам көргөзүшүп, эсине келтиришкен. Ал Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну   Жеӊишбек Солтоев экендиги маалым болуп, ал бөйрөгүндө таш болгондуктан ошонун аркасында өзүн жоготконун билдирген. Ж.Солтоев күтүүсүз эсин жоготуп, жолдо калган учурда жардамга келген милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, өз кесибин сүйүп иштеген милиция кызматкерлери бар экенине кубанып, адамдын башына кыйынчылык түшүп турганда жардам берүү эч качан унутулбасын айтып, ыраазычылыктан башка айтаар сөзү жок экенин билдирди.

Эске сала кетсек, көчмө кабылдамалар жарандардан түшкөн арыз-даттанууларды кабыл алып, аларды ыкчам түрдө чечүүнү колго алып, жардам сурагандарга кеп кеңештерди берүүнү жүзөгө ашырышат. Бул көчмө пункттар 2018-жылдын 5-июлунан тарта ишке киришкен. Аталган пункттар 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктаганга чейин бир автоунаа Аламүдүн районундагы Ленин айылынан тарта “Гавайи” эс алуу борборуна чейинки аймакта күзөттө жүрсө, 2-көчмө кабылдама  “Гавайи” эс алуу борборунан Ысык-Көл облусуна чейинки айланма жолдогу коопсуздукту камсыз кылышат.

                                                                                                 Д.ШАБДАНОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 27, 2018 15:53

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина