Чүй дубаны кадрлардын устаканасы

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 11:50

Чүй дубаны кадрлардын устаканасы

Губер Карагулов117 ноябрь, Бишкек. Чүй дубанынын дүбүртү бир гана Кыргызстанга эмес, алыска угулуп калды. Акыркы кырк жыл ичинде Чүй дубанынан Алмазбек Атамбаев, Аскар Акаев мамлекет башчылары болушса, Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Апас Жумагулов, Андрей Иордан, Борис Силаев, Жумабек Ибраимов, Амангелди Муралиев, Николай Танаев, Феликс Кулов, Азимбек Исабеков, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сапар Исаковдор өкмөт башчылары болушту. Чүй облусу Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алган 1991-жылы түзүлүп, Чүйдүн губернаторлору Апас Жумагулов, Феликс Кулов, Курманбек Бакиев, Тургунбек Кулмурзаев, Сагынбек Абдрахманов, Кубаныч Кулматов, Канат Исаев, Бактыбек Кудайбергенов сыяктуу төбөсү кыргыз элине көрүнүп калган адамдар болгон.

 

Кайсы жерге барса да иштин көзүн билген тажрыйбасы бар

 

Совет мамлекети учурунда компартиянын мүчөлөрүнө гана кызмат ордун беришкен. Ошондуктан жөнөкөй кызмат тепкичинен жогорулаш үчүн ВЛКСМдын алдыңкы мүчөлөрүнөн тандап алышчу. 8-декабрда 55 жашка толо турган Бактыбек Кудайбергенов Ысык-Ата районунун айтылуу Сын-Таш айылынын кулуну. Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүткөн соң жаштык жалындуу курагын комсомолдук иштерге арнап борборубуздагы Ленин районунда инструктор, анан комсомолдун Бишкек шаардык комитетинин экинчи катчысы болгон. 1991-жылы СССР мамлекети  тараган мезгилде Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын аппаратын жетектейт, «Ысык-Ата» курортуна директор, Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп, 2015-жылдын июлунан баштап Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалат. 2017-жылдын 10-ноябрында өз арызы менен бул кызматынан кетти. Бактыбек Кудайбергеновдун кайсы жерге барса да иштин көзүн билген тажырыйбасы бар.

 

«Комсомол» жаштарга орун берүүдө

 

Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкен соң компартия менен бирге комсомолдук уюм тараган. Мамлекеттик кызматтарга көбүнчө мамлекеттик администрацияларда иштеп эл сынынан өтүп калган адамдар тартылып калган. Акыркы жылдары жаштарга басым жасоо жогорулап баратат. Айрыкча өкмөт башына Сапар Исаков келген соң өкмөттү жаш кадрлар жетектей баштады. Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Улан Карагулов дайындалды.

Чүй облусу Кыргызстандагы экономикасы күчтүү, өнөр жайга бай облус, ал Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Кемин, Москва, Панфилов, Токмок, Сокулук, Чүй райондару сыяктуу административдик райондорго бөлүнгөн. Чүй облусунда 4 шаар, 5 шаар тибиндеги поселек, 105 айыл өкмөтү, 327 айыл бар. Улан Карагулов 1979-жылы туулган, буга чейин Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп ишке такшалып калган. Ишине ийгилик каалап кетмекчибиз.
«Таза коом» долбоору

 

“Таза коом” долбоору элди жаңы улуттук идеянын айланасында бириктирүү иш аракети болгондуктан, акыркы мезгилдерде ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн жаштардын келип жатышы жакшы жөрөлгө. Бул долбоор боюнча бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү:каттоо, каттоодон чыгаруу, паспорт алуу, виза бастыруу сыяктуулар үйдөн чыкпастан интернет аркылуу көрсөтүлөт. Мунун бардыгы электрондук кезек менен болот. Адамдар менен түртүшүп, тартышып кезек күтүү болбойт. Ар кандай күбөлөндүрүүчү кагаздардын саны кыскарат. Мамлекеттик мекемелер маалыматтар менен он-лайн режимде алмашып, келечекте маалымат базалары дагы бириктирилиши мүмкүн.

Мындан сырткары мамлекеттик мекемелердин ишмердиги ачык айкын жана натыйжалуу болот. Бул “Таза коом” долбоорунун башкы максаттарынын бири. Кыргызстан калкынын теңинен көбү аймактарда жашайт. Айыл шарттарында «Таза коомду» ишке ашыруу пландарын да адистер дыкат талкуулашты. Улуттук стратегия өзү 2040-жылга чейин болгону менен анын айрым бир бөлүктөрүн азыртадан баштап эле ишке киргизүү каралууда. Кыска мөөнөттү талап кылган программаларды жылдап күтүп отуруунун зарылдыгы жок дешет адистер.

Бул технологиялар аркылуу “Таза коом” долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүп гана койбостон, анын сапатын жакшыртуу жагын да карап жатат. Мисалы саламаттыкты сактоо тармагын алсак: диагностика, дарылануу жана башка кызматтардын бардыгы жеткиликтүү болот. Эң башкысы Кыргызстан технологиялар заманын эртерек ыктап, бул долбоор айыл чарба, өндүрүш, энергетика сыяктуу бардык тармактарга киргизилет.

 

Санариптик мамлекет болууну эл жактырат

 

“Таза коом” долбоорунун планы боюнча санариптик тейлөөлөрдү камсыздоо, маалыматтарды ачык кылуу, заманбап инфраструктура куруу, адам потенциалын өнүктүрүү. “Таза коомдун” көп планы менен максаты Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттарына дал келет. БУУнун глобалдык максаттарыны бири маалымат технологияларына жетүүнү жана универсал интернетти камсыздоо.Бул биздин экономиканын абалына түздөн түз тиешелүү. Ал эми 21-кылымда логистиканын артыкчылыгы санариптештирүү. Ага биздин инфраструктура даяр эмес. Эртедир кечтир бул башталыш керек болчу. Айрыкча саламаттык сактоо, билим берүү жана ар кандай справкаларды берчү мекемелерде тейлөөнү санариптештирүү зарылдыгы эбак келген. Анткени жарандардын кезек күтүү, бир кагаз үчүн айылдан шаарга баруу же дарыгердин бейтапты тейлегенге караганда кагаз толтурууга көп убакыт коротушунан көңүлү калып келет.

Ушундан улам санариптик мамлекет болуунун өзүн баары эле жактырат. “Таза коом” маалыматтык киоску жарандардан мамлекеттик тейлөө алууга болгон арызын кабыл алып, иштеп чыга алган автоматташтырылган жумушчу орунду билдирет. Маалыматтык киосктун жабдуусунун курамы компьютер, жарандар үчүн монитор, принтер, сканер, фотоаппарат, электрондук өздүктү аныктоочу карта, кол коюуга планшет. Техникалык камсыздоо Япония жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы 5,9 млн. АКШ долларлык гранттык макулдашуунун алкагында ПРООН аркылуу ишке ашууда.

 

«Таза коом» долбоору Чүй дубанында

 

Чүй облусунда да «Таза коом» санарип трансформациясынын программасынын алкагында калктын мамлекеттик тейлөөгө мүмкүнчүлүк алуусун кеңейтүү максатында ар бир 105 айыл өкмөтүнүн деңгээлинде маалыматтык киоскторду түзүү боюнча долбоор ишке ашырылууда.

Чүй облусунун жетекчилигине бүгүн жаш, демилгелүү Улан Карагулов келди,албетте көп улуттуу Чүй жергесинде «Таза коом» программасы өз жемишин берерине ишенебиз. 20,2 миң чарчы чакырым жерди ээлеп, 900 миң калк жашаган Чүй облусу көп улуттуу облус, муну акыркы мезгилдеги элдердин саны тастыктайт: кыргыздар – 575,359 (64.8 %), орустар – 142,715 (16.0 %), дуңгандар – 57,828 (6.5 %), уйгурлар – 16,999 (1.9 %), өзбектер – 16,459 (1.8 %), казактар – 13,140 (1.4 %), түрктөр – 11,533 (1.2 %), азербайжандар – 11,519 (1.2 %), украиндер – 6,002 (0.6 %), татарлар – 5,866 (0.66 %), немистер – 5,132 (0.57 %), корейлер – 4,023 (0.45 %), тажиктер — 3,240 (0.36 %), чечендер — 1,167 (0.13 %), белорустар — 418 (0.04 %), армяндар — 215 (0.02 %), молдовандар — 185 (0.02 %), түркмөндөр — 136 (0.015 %), грузиндер — 102 (0.011 %) жана башка улуттардын өкүлү бар.

Ички миграциянын айынан Чүй облусунда башка аймактардан келип тизмеге али каттала элек кыргыз жарандары да көп. Тагырагы катталбаган жарандар менен Чүй облусунда миллиондон ашык эл жашайт, Чүй өрөөнүндө борборубуз Бишкек менен кошкондо 2 миллиондой калк жашаса керек.

 

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 11:50

Парламент

Элдик медицина