“Чүй баяны” гезитинин кезектеги пайдалуу кеңеши

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 24, 2019 11:07

“Чүй баяны” гезитинин кезектеги пайдалуу кеңеши

15 Жибек РАЙЫМБЕРДИЕВА, үй кожейкеси:

“Кир самын казанды агартат”

Тынымсыз тамак жасалган казандын тышы бат эле карарып майланышып калат. Мындай учурда казан жуучу каражатсыз эле үй шартында тазалап алам. Ал үчүн кадимки кир самынды сүргүчтөн өткөрүп, болжол менен 100 граммдай сода жана бир флакон перекис суусундугун аралаштырып,  бир литр кайнак сууга кошом. Андан кийин майланышып кирдеген идиштердин барын, өзгөчө казандын сыртына керексиз болуп калган майлык менен аралашманы сүртүп жарым сааттай коем. Андан кийин материал менен зымдан токулган идиш жуугуч менен жышып жууйм. Бул жасалган каражат күчтүү болгондуктан желим кол кап колдонууну унутпоо зарыл.

Айжан, ТЫНЫБЕКОВА, студент:

“Баклашка чач жасамга жардам берет”

Көп нерсени интернеттен үйрөнөм. Эки жылдан бери жакшынакай чач жасамды атайы чач тарачтардын жардамысыз эле өзүм жасап алып жүрөм. Кадимки эле бир литрдик “Легенда” суусунун баклашкасынын башын кесип жана капталын узунунан фендин оозу баткыдай кылып тилип койгом. Чачымды жуугандан кийин алгач түптөрүн фен менен көптүрүп кургатып алам. Андан кийин учтарын баклашкага салып, фендин оозун капталындагы тешикке киргизип иштетем. Чач айдаган ысык абадан баклашканын ичинде айланып түгүрүктөшүп кургайт. Эч кимдин жардамысыз эле чачымды жасап алам.

Калбү, ЖАНЫБЕКОВА, пенсионер:

“Жумшак булочка”

Үйүм мектептин жанында болгондуктан көөп бышкан жумшак булочкаларды көп жасап саттым. Азыр небере багып үйдө отурам. Каалоочулар болсо рецебимди айтайын жасап көрүшсүн. Жумшак, таттуу булочканы барыбыз жактырып жейбиз. Бир стакан жылуу сүткө 3 чоң кашык шекер, бир кашык туз, бир чай кашык көптүргүч жана эки чоң кашык сары майды кошуп баарын аралаштырабыз. Андан кийин ун себелеп салып камырга айлантып жууруйбуз. Камыр жумшак жана колго жабышпаш керек. Болжол менен жарым килограмм ун керектелет. Эгер убакыт  тар болсо кадимки эле полиэтилен баштыкка салып оозуп бекитип, жылуу ороп койсо тез ачыйт. Камыр ачыгандан кийин ар түрдүү формада булочка жасап, бетине бир жумурткага сүт кошуп чалып ийип сүртүп, ысыган духовкага салып бышырып алса жыты буруксуган даамдуу булочка болот.

Жамал САГЫНДЫКОВА, тарбиялоочу:

“Гүлдүү тамгалар”

Он беш жылдан бери бала бакчада тарбиялоочу болуп иштейм. Балдардын бала бакчага болгон кызыгуусун арттырып, аларга жакшы маанай тартуулаганга изденесиң. Интернеттен гүлдүү тамгалардын жасалышын үйрөнгөм. Азыр тайпамдагы балдардын туулган күндөрүндө атайы туулган күндү белгилейбиз. Ошондо гүлдүү тамга жардам берип калат. Гүлдүү тамганы жасаш үчүн картон, клей, гупка жана пласмасса гүлдөр керектелет. Алгач картондон тамганы кесип алабыз. Андан кийин четтерин картондун кесиндилери менен клейлеп тосуп, ортосуна гупканы кесип чаптайбыз. Эми гүлдөрдүн сабагын 5-7 см кылып кесип гупкага сайып клейлеп чыгабыз.

Зейнеп, ЖАКШЫЛЫКОВА, дизайнер:

“Эски кийимди жаңыртса болот”

Беш жыл кийим боюнча дизайнердикти окугам. Турмуш шартка байланыштуу иштебейм, бирок үйдө балдарымдын кашында чыгармачылык кыла берем. Жолдошум мамлекеттик кызматкер болгондуктан үйдө классикалык көйнөктөр басымдуу кылат. Кийим жуулган сайын эскирип өңү өчүп же былжырап үтүктөсөң бырышы жакшы жазылбай калганда аны үй шартына ылайыктуу кийимге айлантып коем. Жайдын күнү жеңдүү кийим көп кийилбей калганда жолдошумдун эскирген жука көйнөктөрүнүн эки жеңин кесип, белине чоймо салып коем. Туника болуп калат, жука шымдар менен үйгө кийе берсең ыңгайлуу кийим болот. Ал эми эки жеңин болсо туткуч же башка нерсе тигип алам.

Кыял, ЖУМАГУЛОВА, визажист:

“Айран бетти агартып, тактардан арылтат”

Ар кандай кырдаалдан улам чыккан кара тактарды кетирүү максатында айымдардын басымдуу бөлүгү косметологдорго кайрылышат же кымбат косметиканы алышат. Косметологдун бир жолку кызматы 1000 сомдон жогору, эгер жакса дагы үч же беш жолу кайрылышыңыз керек болот. Кээ бирине жакпай аллергия чакырып, терини ого бетер бузуп алгандар да кездешпей койбойт. Ушунча болуп бетиме кымбат косметика колдонбойм. Айран маска менен бетимди таза жана назик алып жүрөм. Кадимки эле үйдүн айранынан 100 гр айнек идишке куюп, ага аспиринден төрт даана таблетканы майдалап аралаштырам. Тактары бар бетке күнүгө кечинде бир саат маска кылып же жука сыйпап сиңгенден кийин түнү коюп эртең менен кадимкидей эле жуунам. Бул масканы колдонуп көрсөңүз. Бир айдан кийин бетиңиздеги кара тактардын өңү өчүп баратканын байкасаңыз болот. Айран маскасынан кийин бет кургабайт жана майланбайт. Тери назик тартып, бет май жакшы сиңет.

Дамира СААЛИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 24, 2019 11:07

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина