“Чүй баяны” гезитинен пайдалуу кеңештер

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 12:13

“Чүй баяны” гезитинен пайдалуу кеңештер

22 Тоок этинен Удон кесмеси

Түштөнүүгө жеңил жана тез даярдалуучу тамактын рецебин издеп жатасызбы? Анда биз менен бирге түшкү тамакты даярдаңыз.

Сизге керектелүүчү азыктар: Кесме 150 гр, сабиз 80 гр, пияз 80 гр, сары түстөгү болгар калемпири  80 гр, сарымсак 3 тиш, имбир 1 чай кашык, селделей 1 тал, суу 120 гр, өсүмдүк майы 2 аш кашык, татымына жараша туз.

Даярдоодо: Сабиз менен пиязды тазалап, төрт чарчы кылып туурайсыз. Казанга бир кашык майды ысытып, сабиз менен пиязды кызарта кууруп аласыз. Ушул учурда болгар калемпир менен селдерейди орточо узундукта кылып туурап аласыз. Ал эми сарымсак менен имбирди майдалап туурайсыз. Баарын аралаштырабыз. Экинчи кашык майды кошуп дагы бир жолу бир мүнөттөй кууруйсуз. Андан кийин соя соусу менен сууну кошуп аралаштырасыз. Тооктун төш этин төрт чарчы кылып туурап ысык майга кызарта кууруп аласыз. Кесмени туздуу кайнаган сууга салып бышырып муздак суу менен чайкап аласыз. Эми куурулган жашылчаларга кесмени аралаштырып жай отко 5-7 мүнөт демдейсиз.

Жумшак жылдыз курт оюнчугу

Балалуу үйдө түгөйү жок байпактар сөзсүз болот. Аны эмне кылам деп ойлонуп, ыргытууга колуңуз барбай жатабы? Анда кичинекейиңизге жылдыз курт жасап бериңиз. Ага байпак, жип же резина, кебез керектелет. Байпакка кебезди салып тоголок кылып ар жеринен байлап алабыз. Көздүн ордуна кара же байпакка карама-каршы келген түс жип менен саймалап алабыз.

Бантиктүү түймө топу

Жип токуганды билесизби? Анда кызыңызга бантиктүү топу токуп берсеңиз болот. Эч кандай кыйынчылыгы жок. Болжол менен кызыңыздын башына ылайыктап илмек илип аласыз. Эки жипти оң, эки жипти сол алып тыкыз токуйсуз. 10-15 см.ге келгенден кийин баарын оң кылып 50 см ашыкча токуйсуз. Топунун баш жагынан 5 см  бантикче кылып бүрөбүз. Ал эми шуру же ар кандай таштар менен өзүңүз каалагандай кылып кооздоп койсоңуз болот.

Айымдарга сыр сабак

-Идиш-аяк жуучу каражаттарды ашыкча колдонбоңуз, андагы химиялык синтетикалар терини кургатып, кол шуудурап, тез бырыш түшөт.

-Жашылча-жемиштерди сууга бышырарда сууну кайнатып алып жемиштерди туздап салып жай отко кайнатыңыз. Катуу кайнаган отто адамга керектүү витаминдер, элементтер калбай калат да тамагыңыз пайдасыз болуп калышы мүмкүн.

-Жаштыгыңызды сактап калам десеңиз аз убакыт ичинде ашыкча салмак таштабаңыз. Денедеги май катмарлар терини кургатпай кармайт. Бул териге бырыш түшүүнү азайтат.

-Желатиндүү тамактарды күнүмдүк тамактанууга көбүрөөк кошууга аракет кылыңыз. Килкилдек тамактардын курамында сиздин тырмагыңыз менен чачыңызга керектүү азыктар көп.

Чычырканактын касиети

Кечкисин ашыкча тамактанып же даярдалган тамак сизге күчтүү болуп ашказаныңыз иштебей калдыбы? Үйдө ашказанга жардамдашчу дары-дармек жок болуп жатабы? Анда кадимки чычырканак кыямы менен кайнаган суу же ысык чай ичип койсоңуз, тамагыңыз тез аш болот. Мындан сырткары, ашказанда жара же башка оорулар болсо дастарконуңузга чычырканак кыямын коюну унутпаңыз.

Баклашка  — жардамчы кулак

Үйдө телефондогу музыканы катуу коюп уккуңуз келип, бирок экинчи бөлмөгө жакшы угулбай калып жатабы? Анда кадимки баклашканын эки башын кесип, ортосун телефон баткыдай кылып кесип коюңуз. Эми телефондун музыка чыккан тарабын баклашканын ичине каратып салып коебуз. Бул баклашканын жардамы менен  сиз каалаган музыкаңызды жаңыртып уга бересиз.

Асынма сумка

Балдарга жана жаш балалуу энелерге асынма сумка чоң жардамчы эмеспи. Сизге да ушундай сумка керек болуп бирок сатып алууга мүмкүнчүлүгүңүз болбой жатабы? Анда колго тигип алабыз. Алгач калың чүпүрөк, жумшак токулган жип, кайчы, кол машина керектелет. Бул сумканы тигүү анчалык деле оордук жаратпайт. Алгач кездемени экиге каттап үч тарабын тигип аласыз. Оозун болжол менен 10-15 см кылып ичкери бүрүп, эки катар тигебиз. Эки катар кеткен тигиштин ортосунан токулган жипти өткөрүп алабыз. Эми эки учун сумканын эки бурчуна бекитебиз.

Дамира СААЛИЕВА

 

 

 

 

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 12:13

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина