Ч.Айтматов атындагы мектепте ата-энелер гимназиянын директоруна нааразы

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 5, 2019 11:23

Ч.Айтматов атындагы мектепте ата-энелер гимназиянын директоруна нааразы

17 Сокулук районунун Ново-Павловка айылында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы №1 мектеп-гимназиясында ата-энелер нааразылык акциясына чыгышты. Алардын айтуусу боюнча гимназия айына ар бир окуучудан 700 сомдон чогултат. Мектеп-гимназияда төрт миңден ашуун окуучу окуйт.

Гимназиянын директору Диляра Абдуллаеванын айтымына караганда, жаңы окуу жылдын башында ата-энелердин жыйыны болуп, ата-энелер атайын комиссия түзүшкөн. Мектеп гимназиянын ички каражаты үчүн 500  сомдон ар бир окуучу төлөөгө келишим түзүлүп, кол коюп беришкен. Биз ар бир тыйынга отчетун бере алабыз, — дейт Д.Абдуллаева.

Ата аталган мектеп-гимназиянын директорунун орун басары Гүлнара Акматованын айтымында, бул акция жөн гана кээ бир ата-энелердин уюштуруп жаткан чагымчылдыгы деп билет. Себеби, анын 40 жылдан ашык эмгек тажырыйбасында мындай окуялар болгон эмес жана республика боюнча алдынкы орундагы мектеп-гимназия болгондуктан, билим берүү сапаты дагы өтө жогору. Ошондуктан окуучулардан алынган акчалай каражаттар мектептин ишмердигине гана каржыланат, — дейт Г.Акматова.

Ал эми ата-энелердин атынан Нургул Аманкулова: Менин эки балам окуйт. Жаңы окуу жылында айла жоктон келишимге кол коюп бергенибиз чын. Өзүңүздөр калыс болсоңуздар, ушундай кыйын заманда айына 1400 сомдон бериш деле ата-энеге кыйын болуп калат экен, –деген пикирин айтат.

Директорду кызматтан алыш үчүн уюштурулган акция деп айтылып жатканы менен ата-энелер тарабынан акчалай каражаттар тууралуу гана сөздөр айтылып, нааразычылыктарын билдирген ата-энелер кийинки айда акча төлөбөйбүз, — деп тарап кетишти.

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 5, 2019 11:23

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина