Бюджеттин сентябрь айындагы кирешеси 10,9 млрд сом, чыгашасы 10,7 млрд сом болору болжолдонууда

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:19

Бюджеттин сентябрь айындагы кирешеси 10,9 млрд сом, чыгашасы 10,7 млрд сом болору болжолдонууда

13 Сентябрь айына карата бекитилген кассалык планга ылайык республикалык бюджеттин кирешелери 10 млрд 949 млн 196,3 миң сом болору пландалууда. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Ошол эле учурда республикалык бюджеттин чыгашалары 10 млрд 736 млн 128,9 миң сомду түзөрү болжолдонууда.

Республикалык бюджеттин бир айлык кассалык планына төмөнкүлөр кирет:

— ай башындагы бюджеттик каражаттардын калдыгы;

— алдыдагы айга карата республикалык бюджетке түшүүчү каражаттардын көрсөткүчүнүн планы;

— өкмөттүн милдеттенмелерин аткаруу менен байланышкан алдыдагы айга карата чыгаша жана төлөмдөрүнүн көрсөткүчүнүн планы.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:19

Приемная кампания 2020

Элдик медицина