Быйыл сумо оюну Көчмөндөр оюндарынын программасына биринчи ирет киргизилди

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 13, 2018 15:05

Быйыл сумо оюну Көчмөндөр оюндарынын программасына биринчи ирет киргизилди

сумо 5-сентябрда, Бактуу-Долонотудагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында биринчи жолу сумо боюнча мелдеш болуп өттү.

Жекеме-жеке чыгып күрөшүүнүн бул түрүнө жалпысынан 14 мамлекеттен келген 18 спортчу катышты. Катышуучулардын бардыгы өз мамлекеттеринин чемпиондору.

Кыргызстандын намысын Азия чемпионатынын байге ээси Алмаз Эргешов коргоду. Ал абсолюттук салмак категориясы (115 салмактан жогору) боюнча ат салышты. Балбан Өзбекстан менен Индиянын спортчуларын утуп, андан кийин россиялык балбандарга алдырып койду.

Мелдештин жыйынтыгында биринчиликти Краснодардан келген Монгуш Айдын ээлесе, экинчи орунга Монгуса Морген (Хакасия, Россия) татыды. Үчүнчү орунду Япониядан келген Суисаки Исуки менен Тывадан келген Түлеш Сайын-Белек алды.

Алтын медаль алганга 75 миң сом акчалай сыйлык каралса, күмүш үчүн 35 миң сом, коло үчүн 17,5 миң сом ыйгарылат.

Турнирдин жеңүүчүлөрү:

 

1-орун — Монгуш Айдын – Россия (Красноярск крайы);

2-орун — Монгуса Мерген – Россия (Хакасия);

3-орун – Суаисаки Иисуки (Жапония);

3-орун – Тилеш Сайын –Белек – Россия (Тува).

Байге фонду 140 миң сомду түзөт.

Алтын медалдын ээси 70 миң сом алат. Күмүш байгенин ээси – 35 миң сом жана коло медалды багындыргандар 17 миң 500 сомдон алышат.

Сумо – жапон элинин улуттук күрөшү.

Таймашка эки балбан чыгат. Атаандашын атайын белгилеген аянттан түртүп чыгарса же анын таманынан башка дене мүчөсүн жерге тийгизсе утушка ээ болот.

Команданын курамы – 2 киши: 1 спортчу, 1 машыктыруучу.

Мелдешке 18 жашка толгон жана андан улуу спортчулар катышууга уруксат берилет. Мелдеш эркектер арасында абсолюттук салмактык категорияда өткөрүлөт. Мелдеш Эл аралык сумо федерациясынын эрежелери боюнча өткөрүлөт.

Абсолюттук салмактык категорияда жеңүүчү болгон спортчу «Көчмөндөрдүн улуу күрөшү» мелдешине катышууга укук алат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 13, 2018 15:05

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина