Быйыл ипотека 7 % түшүрүлүп, кийинки жылдын баштап 6 % менен берилле баштайбы?

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 8, 2018 14:55

Быйыл ипотека 7 % түшүрүлүп, кийинки жылдын баштап 6 % менен берилле баштайбы?

13 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен «Арзан турак жай” Программасы бекитилген. Аталган Программаны ишкеашыруу алкагында «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» Ачык акционердик коомуу юшулган. Компаниянын максаты Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн механизмдерди иштеп чыгуужана шарттарды түзүү. Компанияны нмилдеттери Кыргыз Республикасынын жарандарын ипотекалык турак-жайлык насыялоо.

Мамлекеттик маанидеги ипотека

 Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алып, «Арзан турак жай» мамлекеттик программасынын иши менен таанышты. Жолугушууда элди жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу маселеси, социалдык турак жай куру жана ипотекалык насыяларды өнүктүрүү боюнча маселелер жана сунуштар талкууланды. Сооронбай Жээнбеков мамлекет элди  арзантурак жай менен камсыз кылыш үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө милдеттүү экенин белгилеп, ириде бул программа ипотекалык насыялоо менен саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, укук коргоо органдары жана социалдык тармактардын ызматкерлери үчүн иштөөгө тийиш экенин эскертти. Кыргызстандыктардын төлөө мүмкүнчүлүгүн жана социалдык-экономикалык абалын да эсепке алыш керектигин президент белгилеп өттү. Бүгүнкү күндө белгиленген 8-10 пайыздык үстөк айрым жарандар үчүн оор.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевди нпрезидентке берген маалыматы боюнча, ипотекалык насыянын жылдык үстөгүн 6 пайызга чейин акырындап төмөндөтүш үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок быйыл ипотекалык насыялоонун үстөгү 7 пайызга түшүрүлүп, кийинки жылдын башында насыялар 6 пайыз менен берилле баштайт.

Шамкеевдин айтымында, мындай төмөн үстөк пайыздар менен насыя былтыр Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда жаратылыш кырсыктарынан жабыркап, үй-жайсыз калган жарандарга берилет. Ошондой эле бюджеттик кызматкерлерге 7 пайыздык үстөк менен быйыл берилле баштайт.

Президент Жээнбеков бюджеттик эмес тармакта иштегендерге да ипотекага турак жай алыш үчүн насыя берү үмилдетин койду. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы мындай категориядагы жарандар үчүн алгач 12-14 пайыз менен берилип жатканын, бирок келечекте пайыздарды төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү караштырыларын маалымдады.

Ипотекалык насыялоо шарттары

Кыргыз өкмөтү «Арзан турак жай» программасын кабыл алган жана анын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн. Компания ушул күнгө чейин жалпысынан 2400дөй адамга суммасы 2,5 миллиард сомдон ашуун насыя берди.

 Ипотекалык насыянын суммасын аныктоо критерийлериУлуттук банктын ченемдик –укуктук актыларынын жана өнөктөш банктардын ички ченемдик документтеринин талаптарына ылайык.

  1. Комиссия төлөмүнүн түрлөрү жана өлчөмү Ипотекалык насыялоо, ошондой эле башка кошумча жыйымдар үчүн кайсы болбосун комиссиялык төлөмдөрдүн жоктугу.
  2. Катышуучунун чыгашалары Ипотекалык насыя алуу үчүн күрөө келишимин ырастоого жана каттоого, ошондой эле турак жайды камсыздандырууга чыгашалар. Насыя маалымат бюросуна чыгашалар.
  3. Насыя линиясын жана ипотекалык насыяны төлөө тартиби Курулуш учурунда Катышуучу берилген суммага кошуп эсептелинген пайызды гана төгөт, мында негизги сумма төлөнбөйт. Ипотекалык насыяны жана пайыздарды төлөө кол коюлган насыя келишимине ылайык ай сайын жүргүзүлөт.
  4. Ипотекалык насыяны мөөнөтүнөн мурда толук же толук эмес төлөөнүн шарттары Ипотекалык насыяны мөөнөтүнөн мурда толук же толук эмес төлөөдө комиссиялык төлөм кармалбайт.
  5. Ипотекалык насыялоону реструктуризациялоонун шарттары Өнөктөш банктын ички талаптарынаылайык жол-жоболор. Ипотекалык насыянын предметин алмаштырууга уруксат берилбейт. Ипотекалык насыялоону реструктуризациялоо үчүн комиссия төлөмү кармалбайт.
  6. Ипотеканын өздүк салымы жана пайыздык чендери Өздүк салым– курулуштун сметалык наркынын суммасынан 20%. Өздүк салым эсебине кийинки чыгашалар кабыл алынат:

-турак жайдын доолбоорун түзүү кызматына кеткен төлөм;

-курулуш сметасын түзүү кызматына кеткен төлөм;

-катышу учун өз эсебинен сатып алынган курулуш материалдары;

Бүтө элек үйдүн курулушуна жумшалган чыгашалар смета түзүү боюнча чыгашалары кабыл алынышы мүмкүн.

Мында чыгашалар милдеттүү түрдө документтер (квитанциялар, чектерж.б.) менен тастыкталууга тийиш. Курулуш мөөнөтүнө карата пайыздык чен – курулуш мөөнөтүнө карата насыя линиясын ачуу жолу менен жылдык 12%. Курулуш иштери бүткөндөн кийин насыя жылдык 8% дык чен менен узак мөөнөтүү насыя катары эсептелет.

  1. Курулушка насыя берүүнүн тартиби жана насыя линиясы боюнчапайыздык чен Катышуучуга насыя линиясы ачылат, анын чегинде, курулуштун белгилүү этаптары бүтүшү боюнча, насыя этабы менен берилет. Мында курулуш учурунда кардар банка ушул учурга карата иш жүзүндө берилген суммага белгиленген чен боюнча пайызды банка төлөйт. Насыя белгилүү курулуш иштери бүтүшү менен, насыя линиясына ылайык, төрт этапта берилет. Ар бир этаптын бүтүшүндө Катышуучу берилген насыялардын максаттуу пайдаланылгандыгын тастыктаган документти берет.
  2. Насыя 15 жылдан ашпаган мөөнөткө берилет
  3. Күрөө тууралуу келишимди ырастоо үчүн өнөктөш банка берилүүчү документтердин тизмеси Документтердин тизмеси: — турак жайга карата укукту тастыктаган документтер; — турак жайдын техникалык паспорту; — жер тилкесине карата жеке менчик ээлигине укук тууралуу мамлекеттик акт; — Кыймылсыз мүлккө карата укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен кыймылсыз мүлк бирдигине карата чектөөлөрдүн бар же жок экендигин көрсөтүү менен көчүрмө; — Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалымат тутумунун (КБМТ) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы үч жыл ичинде кыймылсыз мүлккө карата мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат; — турак жайдын учурдагы ээсинин (сатуучунун) паспортунун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы); — турак жайды күрөөгө берүүгө аялынын (күйөсүнүн) нотариалдык тастыкталган макулдугу.

Катышуучуларды тандоо критерийлери

 Критерий боюнча талаптар

 Катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш

  1. Катышуучунун курагы Катышуучунун курагы насыя алуу учуруна карата 21 жаштан жогору жана ипотекалык насыянын акыркы суммасын төлөгөнучурда жашы 65ке чейи нболуусу.
  2. Катышуучунун үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчик турак жайларынын жок экендиги Катышуучу менен бирге жашап жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчик турак жайларынын жок экендиги.
  3. Үй-бүлөнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгү Үй-бүлөнүн чогуу алгандагы кирешеси, насыя берип жаткан коммерциялык банктын талаптарына ылайык, насыя боюнча ай сайын төлөмдү жабууга жете тургандай болууга тийиш.
  4. Турак жайдын долбоору Долбоор мамлекеттик архитектура органдарынын тиешелүү жергиликтүү өкүлчүлүктөрүндө белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген болууга тийиш. Катышуучу үйдүн мамлекеттик архитектура органдарынын жергиликтүү өкүлчүлүктөрүндө макулдашылган жалпы (типтүү) же жекече долбоорун сметасы менен берүүгө тийиш.
  5. Долбоорго ылайык турак жай курулушуна карата смета Смета курулуштун ар бир этабындагы бардык иштердин жана материалдардын наркы тууралуу кеңири маалыматтарды камтып турууга тийиш.
  6. Курулуштун аякташы боюнча документациялар Курулуш иштери аяктагандан кийин, Катышуучу даяр турак жайга тиешелүү документтерди өз алдынча ырастайт, ошону менен катар эле, бул тууралуу жеке курулуштарды көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү аймактык органга маалымдайт, Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү аймактык өкүлчүлүгүндө каттатат.

Жакында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК жана Казакстан Республикасынын «Турак жай Курулуш Аманат Банкы» АК (“ТКАБ” АК) (“Байтерек” холдингинин туунду мекемеси) ортосундагы кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлду. Бул келишим тажрыйба алмашуудан сырткары Кыргыз Республикасында ипотекалык рыноктун өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт жана турак жай курулуш аманат системасын өнүгүүсүнө салым кошот.

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 8, 2018 14:55

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина