БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Ош шаарына келди

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 12, 2015 08:41

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Ош шаарына келди

15 12 июнь, Бишкек. Кечээ, 11-июнь күнү  Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Пан Ги Мун Ош шаарына иш-сапары менен  келди.

Иш-сапардын алкагында  БУУ  Башкы катчысы Пан Ги Мун Өкмөт мүчөлөрү жана шаар бийлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Ош шаарындагы “Энелердин көз жашы” Мемориалдык комплексине гүл коюшуп, улуттар аралык тынчтыктын, ынтымактын символу болгон «Тынчтык коңгуроосу» кагылып, соңунда премьер-министр Т.Сариев сөз сүйлөдү.

“ Убакыт өткөн сайын каргашалуу Июнь окуясынын кесепеттери айыгып, улуттар аралык мамилелер өз нугуна түшүп калгандыгын белгилөөгө болот. Шаар калкы улутуна, дилине, динине карабай кылымдардан бери бир үй-бүлөдөй жашап келген жана бүгүн да ушул нукта жашап жатышат.

Өз кезегинде мамлекет тарабынан этностор аралык карым-катнашты бекемдөөнүн бардык аркеттери көрүлүп жатат жана мындан ары да улана берээрин ишенимдүү айтууга толук негиз бар”,-деди Өкмөт башчысы.

“Бул каргашалуу окуяда курман болгондорду кайтарып ала албайбыз. Ошондуктан адам өмүрүн алган мындай окуялардын кайталанбашы үчүн бүт аракетибизди жумшашыбыз керек. Менин сезимимди козгогон нерсе бул Июнь окуясында балдарын жоготкон энелердин көз жашы, аталарын жоготкон жаш балдардын абалы. Июнь окуясында жабыр тарткандарга мамлекет ар тараптан камкордук көрүүгө, ал эми бей өкмөт уюмдар аларга психологиялык көмөк көрсөтүп турууга үндөп керээр элем”,-деп белгиледи Пан Ги Мун мырза.

Андан соң, Өкмөт башчы баштаган расмий топ, кезинде  июнь окуясынан жабыр тарткандарга БУУнун өкүлдөрү тарабынан көрсөтүлгөн иш-аркеттери чагылдырылган сүрөт көргөзмөсүнө күбө болушту.

Ошондой эле, БУУ Баш катчысы Ош облусунун жана Ош шаарынын активдери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө, элдердин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөр болду.

 

Акчач Жолдошева, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 12, 2015 08:41

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина