Боронов мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тармагы менен таанышты

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 11, 2018 23:26

Боронов мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тармагы менен таанышты

1 Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 11-июлда мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тармагындагы бир катар автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын иши менен таанышты.

Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директору Калысбек Жумаканованын айтымында, Үзгүлтүксүз ишти камсыздоо үчүн 90 бирдик компьютердик жабдуу сатып алынып, орнотулуп, адистер тиешелүү окутуудан өтүштү. Бүгүнкү күнү автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолуучу ветеринардык көзөмөлгө тийиштүү товарлар үчүн 600дөн ашуун ветеринардык сертификаттар берилген. Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө тутумунун арты менен объекттерди, субъекттерди каттоо аяктады. Республика боюнча идентификациялоодон 1 млн 676 миң баш ири мүйүздүү мал өткөрүлүп, маалыматтык тутумга 1 млн 598 миң ири мүйзүдүү мал киргизилген.

Боронов белгилегендей, көрсөтүлгөн платформаларды бузуулардан таасирдүү коргоо тутумун түзүү зарыл.

Анын айтымында, белгиленген программаларды ишке киргизүү жана ийгиликтүү иштетүү ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттук потенциалга оң таасирин берет. Продукцияларды экспорттоодо документтердин тизмеси талап кылынат. Анын ичинде ири мүйүздүү мал кандай шарттарда өскөн, кандай ылаңдар менен ооруган, кандай дарылоо жүргүзүлгөнү каралат. Автоматташтырылган тутум малдын башынын тутумун таанууга шарт түзөт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 11, 2018 23:26

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина