Борбор калааны көчүрүү бүгүнкү күндүн талабыбы?

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 8, 2018 00:48

Борбор калааны көчүрүү бүгүнкү күндүн талабыбы?

13 Парламенттин деңгээлинде борборубузду көчүрүү тууралуу сөз боло баштады. Бүгүн борборду көчүрбөсөк да борбор боло турган жерди чуктап, керектүү имараттарды куруп, Бишкекте үй курганга жери жок инвесторлорго жер берип четин баштай бериш керек. Буюрса кийинки муун улап кетет. Бишкек –биздин мамлекеттеги эң чоң шаар.Борборубуз күн санап өсүп, Чүй өрөөнүнүн эң асыл баалуу айдоо аянттарынын топурактары курулуштун алдында калууда.Топурактарды калыбына келтирүү үчүн миңдеген жылдар керек. Ансыз деле аймагыбыздын көпчүлүгүн айдоо аянтына жараксыз жерлер ээлеп турганда эмне үчүн айдоо аянттарын шаарга салып берип атабыз?

Жаңы борборлор

Көпчүлүк мамлекеттер  борбор шаарларын калкы көп, өнөр жайлуу шаарларына орноштурбай чаканыраак шаарларына орноштуруп келатканы белгилүү. Алсак, Америка Кошмо Штаттарында Нью-Йорк, Чикаго, Филадельфия, Лос-Анжелес, Сан-Франциско, Детройт сыяктуу калкынын саны жер көтөрбөгөн, өнөр жайлуу алп шаарларына карабастан Вашингтонду борбор кылып алган. Мындай көрүнүш Стамбулду эмес Анкараны борбор кылып алган Түркияда, Шанхайды эмес Пекинди борбор кылган Кытайда, Сиднейди эмес Канберраны борбор кылган Австралияда жана да мындай мисалдар толуп атат.

Азыркы мезгилде борбор шаарды көчүрүү же жаңы борбор куруу боюнча жаңы тенденциялар башталды. Бул саамалыкты Бразилия баштап берди. Быкы-чыкы болгон борбор шаары Рио-де-Жанейродо калкынын саны агломерациясы менен 30 миллионго чейин жетиши мүмкүн экен. Бирок Бразилия мындан жарым кылым мурун эле учактын түзүлүшүнө окшоштуруп жаңы борбор куруп алышкан. Жаңы борбор Бразилия шаарында өнөр жайы жок, президенттин резиденциясы, Улуттук конгресс, Жогорку сот, министрликтер сыяктуу административдик мекемелер гана жайгашкан.

Мындай өбөлгөнү биздин коңшулаш Казакстан туура пайдаланып кетишти. Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен эгемендүүлүктү алган соң борбор шаар Алматыдан артта калган Целиноград шаарына көчүрүлгөн. Муну менен «баурдастар» «Бир ок менен эки» эмес,бир топ коён атып кетишти. Биринчи коён, Астана так борбордо болбосо да, Казакстандын эң түштүк-чыгыш чекитинде турган Алматыга караганда башка облустарга ыңгайлуу. Экинчи коён, борбор шаар орус тилдүүлөр көбүрөөк Россияга тарапка жакыныраак,бирок борбор шаардын келиши менен бул жакка туш-тараптан казактар да ыктап келип дисгармонияны сактап калышты.Үчүнчү коён, борбор шаар жашоого ылайыктуу Алматыда калса Алматы шаары дүркүрөп өсүүгө дуушар болмок, Алматыга кеткен акча Астанага кетти. Төртүнчү коён, экинчи борбор статусуна ээ болгон Алматы шаары, биринчи борбор статусу жок эле өсүп баратат. Бешинчи коён, провицианалдык шаардын катарындагы Целиноград шаары, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң кооз борборго айланды.

Дүйнөлүк борбор шаарларда дагы бир тенденция бар. Бул борбор шаарга катарлаш жаңы борбор шаар куруу. Совет мамлекетинин убагында жер титирөөдөн таш-талканы чыккан эски Ташкентке катарлаш, жаңы Ташкент шаары курулган. Россия Федерациясы Москвага катарлаш жаңы административдик Москва шаарын курууга белсенип турушат. Эски Москва шаары Кремль менен кошулуп туристтер шаарына гана айланып калмакчы. Мындай саамалыктарды азыр дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер колдонууда. Алар борбор шаарга катарлаш анча алыс эмес жерлерге административдик борбор куруп жатышат.

 

Эмне кылуу керек?

Биздин мамлекетте деле жаңы борбор тууралуу ойлонууга убакыт жетти. Ошондуктан ар бир кыргыз жараны эмне кылуу керек деген суроого такалса болот. Кээ бир адамдар борборду Ошко көчүрүү керек деп калышат. Бул туура эмес ой. Мунун себептерин айтып берейин. Биринчиден, ооба Ош шаары Бишкектен кийин эң ири өнөр жайлуу шаар, бирок Фергана өрөөнү каалаган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө ылайыктуу, эң асыл топурактуу жер экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бул жердин ар бир чарчы метр жери алтынга барабар. Экинчиден, деги эле Кыргызстандын жалпы жер аянтынын 54,8 пайызы гана айыл чарбасына жарактуу, калганын айыл чарбасына жараксыз аска-зоокалар, тоо чокулары, мөңгүлөр,тоо-таштар ээлеген. Эми айыл чарбасына жарактуу жерлердин  12, 3 пайызын гана айдоо аянттары, мындай эсептегенде жалпы мамлекетибиздин 6 эле пайызга чукулун айдоо аянты ээлегендиктен айдоо аянтын, демография өсүп бараткан ушундай заманда  курулуштун алдына салып  берүүгө жол бергенге болбойт. Келечек кечирбейт. Үчүнчүдөн, Ош шаары мамлекеттин түштүк четинде, демографиялык жактан чыңалып өсүп жаткан опурталдуу Өзбекстанга өтө жакын  жайгашкан. Бүгүн го президент Мирзияев Кыргызстан менен жакшы. турат. Эртең дагы бирдеме болуп кетсе,биз өзбектер эмне болот деп, борбор шаарыбыз Ошто болсо өзбектерге көз каранды болуп калабызбы? Бул Жалал-Абад, Баткен сыяктуу түштүктүн шаарларына борборду көчүрүүгө болбойт деген сөз.

Ысык-Көлдүн экологиясын сактайбыз деген адам, деги эле борборду көл тарапка жолотпош керек. Талас болсо Кыргызстандын четинде. Акылы тайкы киши эле борборду Нарынга алып барбаса, ал жакты ойлоп да койбош керек. Нарындын суугунда Нарынга суутуп коюптурбу. Токмок, Кара-Балта «Ак-Балта» болуп кетсе да асыл топурактуу Чүй өрөөнүндө эмеспи. Бишкектен кандай айырмасы бар асыл топурактар кор болот.

 Кут болсун, Бишкек-2 шаарыбыз!

Азыркы дүйнөлүк катарлаш борбор шаар куруу тенденциядан артта калбай, биздин деле жаңы борбор шаарды куру мезгили жетти. Бул үчүн жанатан бери какшап аткан асыл топурактуу айдоо аянттарын Чүй өрөөнүндө жоготпоштун бир айласы бар. Бишкек шаарынан анча алыс эмес Кыргыз-Ала-Тоосу менен Басбөлтөктүн ортосунда орун алган Байтик өрөөнү бар. Бул өрөөндүн аянты борбор шаарга ылайыктуу 170-180 чарчы километр. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1100-1300 метр, климаты мелүүн континенттик: жайы салкын, кышы абдан суук эмес. Бишкек шаарынан айырмаланып, бул өрөөндө айдоо аянтынан  тышкары адырлар, сайлар,айдоого жараксыз,а бирок бийик кабаттуу үй курууга абдан ылайыктуу таштак жерлер бар. Шагыл,чопо,топурак сыяктуу үй курууга ылайыктуу каалаган курулуш материалдары ушул аймакта. Ата-Бейит, Байтиктин күмбөзү сыяктуу архитектуралык курулуштар жайгашкан.Таш-Дөбө, Чоң-Таш, Арашан, Байтик сыяктуу жана башка көп айылдар бар.Ушул аймакта жаңы борбор шаардын генералдык долбоорун түзүп. Административдик борборду чогуу бир жерге жайгаштырып, калганын жалаң көп кабаттуу үй курууга багыттаса, бул жер тез эле борбор шаарга айланып кетмек.

Шаардын курулушуна акча каражатын кайдан табабыз дештин да кажети жок. Бишкек шаарынын айлана-тегерегинде курулуш жасоого таптакыр мораторий жасап, курулуш обьектилеринин бардыгын жаңы борборго жөнөтүү керек. Жаңы борбордун курулушу башталса чет мамлекеттен инвестициялар агыла баштайт. Казактар деле Алматыдан алыска барып заманбап борбор куруп алышты. Россия да заманбап борборун куруунун камында. Заманбап борбор шаар курууга убакыт келди.

Кокус борбор шаарыбызды куруп калсак атын эмне деп коёбуз деп эмитеден ойлонушубуз керек. Деги эле борбор шаарга инсандын атын берүүгө болбойт. Андан көрө кыргызга кут алып келсин деп Кут шаары деп атап алсак, кыргызга кут түшүп калышы ажеп эмес. Анда эмесе кут болсун Кут шаарыбыз!

 

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 8, 2018 00:48

Парламент

Элдик медицина