Бокстан кимдер утаар экен?

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 24, 2019 10:58

Бокстан кимдер утаар экен?

7 Спорт күйөрмандары көптөн күткөн күн да келип калды. Эмки шаршембиде, 20-февралда  сааттын жебеси күндүзгү экини көрсөткөндө  Кожомкул атындагы спорт жайында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине  арналган эркектер жана аялдар арасында бокс боюнча эл аралык таймаш башталат. Бул чоң мелдеш Бишкекте 43-ирет өткөрүлмөкчү.

Ушуга байланыштуу, белгилүү спорт ишмери, Кыргызстандын улуттук бокс федерациясынын башкы катчысы, Эл аралык үч жылдыздуу калыс Бедалы АЛЫМКУЛОВ биз менен ой бөлүштү.

- Быйылкы мелдештин өзгөчөлүгү бар чыгаар. Ошого токтолуп өтсөңүз?

— Аты эле айтып тургандай  канткенде да эл аралык мелдеш. Дагы бир өзгөчөлүгү, эки күчтүү курама команда катышат. Алар – Россиянын жана Беларустун боксчулары. Муну менен катар Казакстандан, Өзбекстандан, Тайланддан  экиден команда катышарын билдиришти. Бул командалардын, атүгүл Тажикистан менен Түрмөнстандын боксчулар арасында таланттуу, улам өсүп келе жаткан  спортчу-мушкерлер аз эмес. Ал эми Кыргызстандын намысын үч команда коргойт. Айтор, бул турнирге кызыгуу да чоң, жаңылыктары да арбын болот го…

- Биздин боксчулардын даярдыгы кандай?

— Мелдештин деңгээли барган сайын жогорулоодо. Быйыл Россия менен Беларустун биринчи курама командалары катышып жаткандыктан кайсы команда, кайсы оюнчу болбосун  алдыда чоң сыноо турат. Муну эске алуу менен биздин командалардын да жакшы даярдыктан өтүүсүнө камкордуктар көрүлдү. Бир катар спортчуларыбыз жакшы оюндарды өткөрөт деп күтүп жатабыз.

- Кайсы команда жеңишке көбүрөөк жетишет деп ойлойсуз?

— Азыртадан аша чаап, бирөөлөрдү жеңүүчү катары атагым келбейт. Спортчулар үчүн бул оор турнир. Ар бир командада мыкты спортчулар бар. Алдын ала жыйынтык чыгарууга болбойт. Баары  спортчуларга, алардын чеберчилигине, машыктыруучулардын кесипкөйлүгүнө байланыштуу. Жеңүүчүлөрдүн аты турнирдин соңунда белгилүү болмокчу. Биздин командалар артта калбайт деп ойлойм. Күчтүү спортчуларды ийгилик коштоп, медаль-сыйлыктарга ээ болушат. Алардын катарынан биздин боксчуларды да көрө алабыз деген ишенимдемин. Анан да, спорт күйөрмандарын бул деңгээли бийик, мыкты спортчулар арбын катышкан мелдештерди көрүүгө чакырам.

 

- Маегиңиз үчүн ыракмат. Турнирдин ийгиликтүү өтүшүн каалайбыз.

 

Курманбек РАМАТОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 24, 2019 10:58

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина