Богот айылы 3 ай аралыгында жаңы машыгуу залына жана футбол аянтчага ээ болот

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 16, 2015 08:48

Богот айылы 3 ай аралыгында жаңы машыгуу залына жана футбол аянтчага ээ болот

1 16 июнь, Бишкек. Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Богот айылы жакынкы 3 ай аралыгында жаңы машыгуу залына жана чакан футбол аянтчасына ээ болот. Анын курулушунун башталышына жергиликтүү тургундар менен бирге СДПК фракциясынын депутаттары жана эмгек, миграция жана жаштар министри күбө болушту.

Масы айыл өкмөтүнө караштуу Богот айылы райондук борборго жакын жайгашканы менен буга чейин булл айылда спорт менен жеткиликтүү машыгууга бир дагы мүмкүнчүлүк болгон эмес. Айыл тургундарынын мындай көйгөйү эми акырындап чечиле баштады. Жергиликтүү тургундардын демилгесин СДПК партиясынын айрым мүчөлөрү колго алган. Жаңы спорт комплексинин курулуш иштери кызуу колго алынып, анын фундаментине капсула коюу аземи салтанаттуу өттү.

“Буга чейин спорт менен машыкканга кызыккан уландар жакынкы жана алыскы аймактардагы спорт залдарына барып машыгып келишсе, эми минтип 3 айдан кийин спорт сүйүүчүлөрү өз короосунда машыгып, жергиликтүү балбандар чоң ийгиликтерди жараткан күн да алыс эмес”, — деген үмүтүн күрөш боюнча машыктыруучу Сапарбек Туркматов айтты.

Мындай спорт комплестерин куруу ар бир айылда болбосо дагы спортту өлкөгө болушунча кеңири жайылтуу иш чаралары мындан ары дагы улана берерин Жогорку Кенештин депутаты Абдыманап Кутушев билдирди. “Дени сак өлкөнү куруунун бирден бир ачкычы – спорт менен машыгуу”, -дейт эл өкүлү.

 

Жакын арада ишке кирүүчү бул спорт комплексинде айыл жаштары күрөш, бокс, кичи футбол жана башка спорттун түрлөрү менен толук кандуу машыга алышат.

 

Салтанат Жакыпова, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 16, 2015 08:48

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина