Бишкектеги кулатуу эр таймашында сокулуктук спортчулар 1-орунга ээ болушту

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 31, 2021 13:38

Бишкектеги кулатуу эр таймашында сокулуктук спортчулар 1-орунга ээ болушту

1 -Чүй облусунун Сокулук районундагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары Бишкек шаарында өткөн кулатуу эр таймашта алдыңкы орундарды багындырышты. Бул тууралуу Сокулук районундагы спорт комитетинин инструктору Жамиля Егимбаева билдирди.

Балдар жана өспүрүмдөр арасында өткөн мелдеште Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан куралган 6 команда ат салышты.

Жыйынтыгында жалпы командалык эсеп менен 1-орунду Сокулук районундагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби багындырды. 2-орунга Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы ээ болсо, 3-орунду Токмок шаарындагы клубдун спортчулары камсыздады.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 31, 2021 13:38

Приемная кампания 2020

Элдик медицина