Бишкекте Тез жардам унаасы менен жол тандабас кагышты

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 1, 2018 22:45

Бишкекте Тез жардам унаасы менен жол тандабас кагышты

7 Жол кырсыгы бүгүн, 1-июнда саат 16.15де Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Борбор калаада Lexus LX-570 үлгүсүндөгү машина менен Тез жардам унаасы кагышты.

«Тез жардам Фрунзе көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан. Бул учурда Lexus үлгүсүндөгү унаа Ибраимовдон Фрунзени көздөй кайрылып жатканда, эки көчө кесилишкен жерден кагышып кетишти», — деди күбө.

Бишкек ШИИБдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгы катталганын тастыктап, жаракат алгандар жок экенин билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсык унаа тыгындын кесептинен болгон. Жеринде авто инспекторлор иш алып барууда.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 1, 2018 22:45

Парламент

Элдик медицина