Бишкекте Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны өттү

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 13:12

Бишкекте Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны өттү

11 Борбор калаабыз шаарындагы  «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны болуп өттү.

Бул Президенттин бир жылдык ишмердигинде алгачкы маалымат жыйыны десек болот. Жыйынга бардыгы болуп 84 ММКдан 179 журналист каттоодон өткөн, алардын ичинде жергиликтүү жана эл аралык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да бар. Бүгүнкү жыйында ар бир журналист эки суроодон берүүгө мүмкүндүк алды.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн 5,5 млрд.сомду кайда жумшалаарын айтты

Жыл башынан тарта июль айында ачылган атайын эсепке 5,5 млрд. сом которулган. Үстүбүздөгү жылдын июль айында ачылган атайын эсепке 800 млн.сом келип түшкөн.

“Бүгүнкү күндө Чүй облусу менен Бишкекте активдүү ички миграцияны байкап жатабыз. Мындан улам социалдык объектилердин, мисалы балдар бакчасы менен мектептердин жетишсиздиги пайда болууда. Буга байланыштуу атайын эсептеги каражаттар Бишкек менен Чүй облусунда жаңы социалдык объекттердин курулушуна жумшалат”, — деди президент.

Мамлекет башчысы Бабановду президенттик шайлоо астында дебаттардан көргөн

“Өмүрбек Бабанов боюнча эч кандай эки жактуу жана үч жактуу сүйлөшүүлөр болгон эмес. Андан кийин аны көргөн жокмун. Мурунку президент менен эмнени сүйлөшкөн жана экөөнүн ортосунда кандай келишимдер бар экендиги мага белгисиз. Менин артымдан кандайдыр бир келишимдер барбы, жокпу мен ал жөнүндө билбейм. Бул менин көйгөйүм эмес. Ал ошол сүйлөшкөндөрдүн маселеси», — дейт Жээнбеков.

Президент белгилегендей, ал өзүнүн шайлоо программасында көрсөткөндөй, элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгын эң биринчи орунга коет.

“Мен элдин көйгөйүн билем. Мен элдин жыргалчылыгы үчүн иштейм деп сөз бергенмин”, — деди ал.

Бишкектеги абанын булганышы боюнча маселе чечилет

Бишкек шаарындагы жана анын аймагындагы абанын булганышы боюнча маселеси өкмөттүк деңгээлде чечилет, — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында.

Президент борбор калаанын экологиясына терс таасирин тийгизген факторлор боюнча маселе өкмөт менен өкмөттүк органдардын күн тартибинде турганын айтты.

“Премьер-министр ар бир мекемеге Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча тапшырма берди. Бул алдыда чечиле турчу маселе. Аталган багыт боюнча катуу чаралар көрүлүп, алдыдагы келечекте иш-чаралар аткарылышы керек”, — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал бул маселе көзөмөлдө болуп, тиешелүү органдар жооп бере тургандыгын кошумчалады.

Жээнбеков шайлоо алдында өзүнүн штабынын короткон каражаттары тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдында өзүнүн штабынын короткон каражаттары тууралуу айтып берди.

Бишкекте өтүп жаткан жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент КСДПнын политтехнологу Алексей Василивецкий менен таанышкандыгы жана ал менен болгон мамилеси тууралуу маалымат берген.

“Алексей Василивецкийден баштасак. Мен бул киши менен губернатор болуп иштеп жүргөндө таанышкам. Ал кишини мага апрель окуялары боюнча маек алганга жиберип, интервью берип коюмду суранышкан. Мен ошондо да бул кишини кайдан табышкандыгын сурадым эле. Мен ал учурда Василивецкий чет өлкөнүн жараны экендигин билген эмес элем. Ал ошол кезде Фарид Ниязовдун жакын адамы жана кеңешчиси болчу. Мен өкмөт башчысы болуп турганда, мага Ниязов чалып Василивецкий жакшы адис экендигин айткан. Мен ошондо ал мага жарабайт, анткени менин программам чет өлкөлүк адистер үчүн жазылган эмес экендигин айтканмын. Мен ошол программаны өзүмдүн басып өткөн жолумдун негизинде жазгам. Ал (Василецкий-ред) 170 миң доллар алгандыгы тууралуу айткан. Эгер ал ошол акчаларды алган болсо, анда эмнеге качып кетти? Келсин, келип жооп берсин. Азыр иликтөө жүрүп жатат”, — дейт президент.

Мамлекет башчысы кабарлагандай, бул маселе боюнча биринчи кезекте Фарид Ниязов жооп бериши керек. Анткени ал КСДП штабынын башчысы болчу.

Жээнбеков билдиргендей, ал премьер-министрдин кызматын август айында таштап, аймактарда элдер менен жолугуп баштаган. Бишкектеги штабга үч жолу гана: дебаттар болгондо, маек жана мурунку вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жаназасына келген.

Президент Райым Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө убада берди

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү текшерүүгө алынат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Маалымат жыйынында журналист маркум Уланбек Эгизбаев Матраимовдун мүлкү боюнча иликтөө жасаганы айтылып, бул маселе боюнча реакция болобу деген суроо айтылды.

Мамлекет башчысы эгер фактылар болсо, анда чара көрөрүн билдирди.

“Анын үйлөрү менин маалымда курулган эмес. Бирок биз текшеребиз”, — деди ал.

Мындан тышкары президент С. Жээнбеков Райым Матраимов ал президенттикке келгенге чейин эле Бажы кызматында иштегенин белгиледи.

“8 жыл аралыгында ага көңүл бурулган эмес. Мен президенттик кызматка киришкенде эле ал менин жакын адамым деп айта башташты. Ал мага чейин иштеген. Жакында ал кызматтан бошотулушу боюнча соттошуп, утуп алды. Эми бул чечимге менин тиешем бар деп жатышат. Бир тууган Матраимовдор КСДП партиясынын пайдасына 15 жыл аралыгында ак иштеп берип, эми жагымсыз болуп калды. Мурда ал жакшы болсо, мен президент болгондон кийин ал жаман болуп калды. Ойлонсоңор, бул логикага туура келеби?”, — деди президент.

Президент Текебаев кайрылса, анда мунапыс берүү маселесин кароого даяр экендигин билдирди

КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков мыйзамдын чегинде мурунку депутат Өмүрбек Текебаевдин маселесин карап чыгууга даяр. Бул тууралуу мамлекет башчысы өзүнүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, Текебаевдин иши боюнча баардык инстанциядагы соттун чечими бар. “Мен ал чечимдерди бузуп, кийлигише албайм. Текебаев мунапыс сураса, мен ал маселени мыйзам чегинде карап чыгууга даярмын”, — дейт Жээнбеков.

Аймактарда муктаж болгондорго жардам берүү максатында атайын эсеп ачылат

Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү иш-чарасынын алкагында жер-жерлерде атайын эсеп ачылып, ал кайрымдуулукка коротулат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, атайын эсепке түшкөн каражаттар аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге колдоо жана жардам катары берилет.

Мамлекет башчысы аларга өз чарбачылыгын жүргүзүү үчүн керектүү буюмдар же кой алына тургандыгын билдирди.

Кыргызстандын Россиядагы элчиси алмашат

Кыргызстандын Россиядагы элчиси алмашат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы Россиядагы элчиликтин иши тууралуу келип түшкөн нааразычылыктар тууралуу айтты.

Анын айтуусунда, ал РФда мекендештер менен жолугушкан.

“Азыр Россиядагы элчи алмашып жатат. Ал жакка компетенттүү элчи барып, биздин мекендештер менен тыкыр иш жүргүзөт. Ал жакта чындыгында көйгөй көп. Биздин 800 миңден ашуун жарандарыбыз миграцияга чыгып, анын көбү Россияда эмгектенет”, — дейт ал.

Мамлекет башчысы кабарлагандай, учурда эң негизги максат – чет өлкөдө жүргөн мекендештер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

“Россия тарап “кара тизмеден” биздин жарандардын көбүн чыгарган. Мурун ал тизмеде 104 миң адам болгон болсо, азыр алардын саны 64 миңди түзөт. Андан тышкары жумушка орношуу маселеси боюнча биздин мекендештер Россия жарандарыныкындай эле укуктарга ээ. РФнын жетекчилиги бизге абдан жакшы колдоо көрсөтүүдө”, — деп кошумчалады ал.

Менин башкы максатым — парламенттик шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүү

“Менин башкы максатым парламенттик шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүү”, — деди президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны учурунда.

Мамлекет башчысы шайлоого катыша турган баардык партияларга бирдей шарттар түзүлөрүн белгиледи.

“Мыктылар гана депутат болушу зарыл. Учурда биз шайлоо кодекси боюнча иштеп жатабыз. Биз ага өзгөртүүлөрдү киргизүүдөбүз. Ал өзгөртүүлөр шайлоону таза өткөрүүгө жардам берет”, — деди ал.

Ошондой эле президент партиялар өздөрү да тазаланышы керектигин кошумчалады.

“Алар партиясына демократия принциптерин киргизиши кажет”, — деди ал.

Кол тийбестиктен ажыратуу жеке Атамбаевге тиешелүү эмес

Конституцияга президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси жеке бир адамга тийиштүү эмес. Бул тууралуу учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында берилген суроого жооп берип жатып, президент бул демилге бир гана экс-президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси болсо мындай өзгөртүүлөргө каршы болорун белгиледи.

“Бул жеке Атамбаевге тиешелүү эмес. Эгер бул маселе ага эле катыштуу болсо мен каршы чыкмакмын. Убактысы келгенде мен да мамлекет башчы кызматын өткөрүп берем. Ошондо мыйзамдын бул бөлүму мага карата иштейт. Мыйзам алдында бардыгы бирдей жооп бериши зарыл”, — деди ал.

Мындан тышкары ал айрым иштер боюнча жоопкерчиликке тартылып жаткандар анын демилгеси менен эмес, конкреттүү факт жана мыйзамга ылайык болуп жатканын кошумчалады.

Президент кандай учурда иниси Асылбек Жээнбековго карата чара көрөрүн айтты

Президент Жээнбеков иниси Асылбек Жээнбеков мамлекеттик кадр маселелерине кийлигишип жаткан фактылар болсо чара көрөрүн билдирди.

Президенттин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында “Апрель” телеканалынын журналисти мамлекет башчыга шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө анын бир тууган иниси, ЖКнын депутаты Асылбек Жээнбековдун кабылдамалары ачылып, ал жерде мамлекеттик маанидеги жана кадрдык маселелер чечилип жатканын айтты.

Аталган маселе боюнча президент ЖМК өкүлдөрүн бул маалыматты фактылар менен тастыктап, көрсөтүүгө үндөдү.

“Сиздер журналист эмессиңерби, ошол кеңселерге барып, тартып көрсөткүлө. Эгер ал мамлекеттин кадрдык маселелерине кийлигишип жатса, ошондой фактылар болсо мен чара көрөм”, — деди ал.

Мамлекет башчысы өзүнүн күн тартиби тууралуу айтып берди

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында күн тартиби тууралуу айтып берди.

Анын айуусунда, ал жумушка 7:30да келет.

”Аппараттын кызматкерлери келгиче өзүм иштейм. Бир саат китеп окуп, даярданам. Андан кийин аппарат менен иштейм. Кетээрде маалыматтарды алам”, — дейт ал.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, үй-бүлөсүн көрүүгө убакыты жок.

“Мен алар тууралуу ойлобойм. Алар өзү менен өзү. Биз бир гана учурашып, анан бирге кечинде тамактанабыз. Ошондой эле мен мурун той, аштарга көп барсам, азыр убакыт жетпейт”, — деп кошумчалады ал.

Жээнбеков коррупция тууралуу: “Мен пара берген да, алган да эмесмин”

“Мен пара берген да, алган да эмесмин”, — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле диний адам болуп туруп, атеистерге кандай карай тургандыгы тууралуу суроого жооп берди.

Президент белгилегендей, көп Кудайга жакпаган иштерден аны дин сактайт.

“Мени көптөр абдан эле диний адамсың деп айтышат. Бир Кудайга ишенүү мени көп нерседен сактайт, коргойт. Дин мени мыйзамды тепсеп кетүүдөн сактайт. Ошондой эле дин мени коррупциядан сактайт. Кудайдан корккондор жаман иштерге барбайт”, — дейт президент.

“Мен баардык кыргызстандыктарга алардын динге болгон көз карашына карабастан бирдей карайм. Биз биримдикте жашашыбыз керек”, — дейт Жээнбеков.

Президент кытайдагы кыргыздар маселесине карата  Кыргызстандын позициясын билдирди

Бул өтө аяр маселе. Бул маселени этият жана таразалап-дипломаттык жол менен чечиш керек”, — деди президент.

Ал Кыргызстанда тергөөдө Кытайдын үч жараны бар экенин, алар анын айланасында мындай катуу ызы-чуу көтөрбөгөнүн,, себеби алардын жараны чет жерде жүргөндө башка мамлекеттин мыйзамдарына баш ийерин түшүнөрүн белгиледи.

“Кытайда жашаган биздин мекендештер алардын мыйзамдарына баш ийет жана биз алардын ички иши менен тартибине түз кийлигише албайбыз. Биз көп улуттуу мамлекетпиз. Бирок бул нерсе биз коркобуз дегенди түшүндүрбөйт. Мындай маселе бизде да болсо башка тарап өздөрүнүн жарандарын түз коргоп чыга албайт. Бул жагынан биз мамлекеттик кызыкчылыктарыбызды коргоп, коңшулар менен алдыдагы мамилелерибизди ойлонушубуз керек”, -деди мамлекет башчы.

Мындан тышкары президент ушул жылы Кыргызстанга 11 миң 966 киши келгенин, кыргыз жарандыгын Кытайдын 268 жараны алганын билдирди. Алардын ичинен 171си кыргыз, 6 казак, 2 уйгур, ошондой эле дунган жана кытай улутундагылар болгон.

Президент журналистерге фактыларга таянып, кесипкөй этиканы карманып жазсаңыздар-деди

“Мен иним экөөбүз тууралуу жазылган бардык маалыматтардын жана жаңылыктарды окуйм. Мен түшүнөм, силер бирөөлөрдүн буйругун аткарасыңар. Бирок маалымат таратууда журналисттер бирөөнүн айтканына эмес, реалдуу фактыларга таянса деп ойлойм. Анын кадр башкарууга тийгизген таасири тууралуу мага фактыларды көрсөткүлө, анан мен аны текшерейин. Куру сөздөр менен ырастабай, фактыларга таянып, кесипкөй этиканы карманып жазсаңыздар”, — деди Жээнбеков.

Президенттин 3,5 саатка созулган маалымат жыйыны аяктады

Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны аяктады.

Мамлекет башчысынын маалымат жыйынына 84 массалык маалымат каражаттарынан, анын ичинде чет элдик жана аймактык 172 журналист аккредитациядан өтүштү.

Башында 2,5 саатка созула турган маалымат жыйыны суроо берүүгө үлгүрбөгөн журналисттердин өтүнүчү менен дагы бир саатка узартылды. Алардын ар бирине эки суроодон берүүгө уруксат берилип, 40 журналист суроо берүүгө жетишти.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 13:12

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина