Бишкекте МАИ кызматкерин тебелетип кете жаздаган Lexus LX570 айдоочу Ата Мекенчинин кызы экен

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 1, 2018 22:38

Бишкекте  МАИ кызматкерин тебелетип кете жаздаган Lexus LX570 айдоочу Ата Мекенчинин кызы экен

3 Кечээ элдин үрөөйүн учурган окуя болуп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тескөөчүсүн Lexus LX570 автоунаасы менен тебелетип кете жаздаган айдоочу 43 жаштагы Балтабаева Нүргүл Ташполотовна экендиги маалым болду.

Окуя кечээ, 31-майда Бөкөнбаев көчөсүндө болгон. Жол тескөөчүсүнө баш ийбеген айдоочу унаанын алдында турган кызматкерге карабай жол тандабасты айдоого аракет жасаган.

Айдоочунун аты-жөнүнө караганда, 43 жаштагы аял Жогорку Кеңештин  V-чакырылышындагы «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Ташполот Балтабаевдин кызы болгон. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Lexus LX570 автоунаасынын айдоочусуна карата Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин (бийлик адамына зомбулук көрсөтүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Кийинчерээк маалым болгондой, Бишкек шаарындагы Ленин РИИБдин тергөөчүсү Lexus LX570 автоунаасынын айдоочусун сыртка кетпөө жөнүндө кол кат жаздырып алып бошотуп жиберген.

«Кылмыштын олуттуулугу эске алынып, айып пул салуу же аз убакытка камоо каралды. Ошондой эле, милиция кызматкеринин эч кандай жаракат албагандыгы эске алынып, ушундай чечим кабыл алынды», — деп билдирди Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.

Мындан тышкары аялдын туруктуу жашаган жери жана соттуулугунун жоктугу сырткы кетпөө жөнүндө кол кат жаздырууга өбөлгө түзгөн.

Анын билдиргенине караганда, ошол жерде кайгуул милициясы протокол түзө баштаганы менен, себептерин айдоочуга түшүндүргөн эмес-деген жүйөө айтылат.

Ошондо мындай суроо пайда болот экен. Эгерде, Балтабаева Нүргүл эксдепутаттын кызы, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы башкармалыгынын мурдагы башчысы Алымжан Козубаевдин аялынын ордунда карапайым аял болуп калганда тергөөчү тил кат алып коё берет беле?

Албетте, жок! Дароо камакка алып, ит-акмагын чыгармак.

Эми бул айым МАИ кызматкерин машинеси менен түртүп кеткенин мындайча түшүндүрөт:

«Протокол түзүлүп бүткөндөн кийин мен ага кол койбой турганымды билдирип, унааны айдап кетүүгө даярданып калгам. Бирок инспектор каршылык көрсөтүп, эшиктин кармагычын кое бербей койду. Ал тургай бир маалда капотко жатып алды. Ошондо мен кетмек турсун, унааны четке токтото албай калдым», — деди айдоочу.

Маалыматка караганда, ошол маалда милиционерге ал жерде турган улгайган эркек киши жардам бере баштаган. Балтабаеванын сөзүнө ишенсек, ошол маалда унаадан түшүп, сырттагылар менен сүйлөшүүгө аракет кылган кош бойлуу келинди улгайган адам курсакка анча катуу эмес уруп, орой сүйлөй баштаган.

 

«Мунун айынан Бөкөнбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Турусбековго чейинки бөлүгүн эки сааттын ичинде өттүм», — деген Балтабаева жол инспекторунун аракеттерин мыйзамсыз деп эсептээрин айтты.

Бирок, эксдепутат Ташболот Балтабаев калыстык сөзүн айтты:

«Бул жерде авто инспектор менен айдоочунун ортосунда түшүнбөстүктөр болуптур. Кызым өз үй-бүлөсү менен башка үйдө жашайт. Көп болсо жумасына бир ирет ал-жай сурашабыз. Ошондуктан, бул окуя тууралуу мен дагы ЖМКлардан окудум. Менин кызым болобу, же башка бирөөнүн кызыбы, эгер мыйзам бузган болсо жооп бериши керек. Мен эч кимди негизсиз коргобойм. А балким жол инспектору ага одоно сөз айтып, өзүнөн чыгаргандыр. Эмнеси болсо дагы компетенттүү органдар иликтесин», — деди экс-депутат

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 1, 2018 22:38

Парламент

Элдик медицина