Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөсү уурулукка шектелип кармалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 21:34

Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөсү уурулукка шектелип кармалды

12 Бишкек шаарында бир нече уурулук фактысына шектелген адам кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турганын бүгүн, 24-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь РИИБге борбордун 40 жаштагы тургуну С.Б. 6-10-июль күндөрү батирине кирип, акча каражатын жана зер буюмдарын уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 164-берененин (уурулук) негизинде кылмыш иш козголгон. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун 1984-жылы туулган тургуну И.А. кармалды. Ал буга чейин бир нече жолу соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо үчүн ыкчам иликтөө иштери жүрүп, тергөө улантылып жатат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 21:34

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина