Бишкекте эмчек рагына каршы «маалымат троллейбусу» жүрө баштады

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 14, 2017 11:58

Бишкекте эмчек рагына каршы «маалымат троллейбусу» жүрө баштады

2017-04-13_12-18-24_793807_w14 апрель, Бишкек. Бишкекте эмчек рагын алдын алуу боюнча оригиналдуу маалыматтык өнөктүк башталды. Шаардын түштүк четинен чыгып, бир нече борбордук көчөнү аралап өтүүчү №10 троллейбуста бул илдет тууралуу маалымат толук берилүүдө.“Эргене” коомдук фонду Швейцариялык фонддордун колдоосу менен эки ай бою эмчек рагы боюнча маалымат таркатуу ишин жүргүзөт. Демилгенин максаты — залалдуу шишикти эрте аныктап, дарыланууну убагында баштоо» дешет уюштуруучулар. Көкүрөк рагын аныктоо үчүн кайсы жерге барыш керек жана кимдин кеңешин алуу зарыл деген сыяктуу жөнөкөй маалыматтар троллейбус бетинде ачык берилип турат. Учурда Кыргызстанда көкүрөк рагына чалдыккан аялдардын 39 пайызы оорусу өтүшүп кеткенде адиске кайрылышууда. Бул оорунун айынан жылына 600дөн ашуун аял бул ооруга кабылып жатат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 14, 2017 11:58

Парламент

Элдик медицина