Бишкекте эки күндө 900гө жакын жол эрежесин бузуу катталды

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 21, 2020 12:18

Бишкекте эки күндө 900гө жакын жол эрежесин бузуу катталды

8 18-19-сентябрь күндөрү жол кырсыгынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жол эрежесин камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Бишкекте 871 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Алардын ичинен:

-Мас абалында унаа башкаруу – 33;

-Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 6;

-Документтери жок унаа башкаруу – 30;

-Ар кандай эреже бузуулар – 802.

-Атайын айып унаа токтотуучу жайына 104 унаа токтотулган.

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жолдо сак болууга жана жол кыймылынын эрежесин так сактоого чакырат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 21, 2020 12:18

Приемная кампания 2020

Элдик медицина