Бишкекте бир жума ичинде 39 мас айдоочу кармалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 20, 2020 13:41

Бишкекте бир жума ичинде 39 мас айдоочу кармалды

15 Бишкекте 12-19-июль күндөрү 539 жол эрежесин бузуу учуру катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Бир жума ичинде катталган жол эреже бузуулар:

— мас абалында унаа айдап кармалгандар — 39 айдоочу;

— алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып алгандар — 4 айдоочу;

— айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар — 21 айдоочу;

— башка жол эреже бузуулар — 475.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 169 унаа айып аянтчасына коюлган — алардын ичинен 79 унаа эвакуатор менен чыгарылган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 20, 2020 13:41

Приемная кампания 2020

Элдик медицина