«Бишкек -Ташкент жана Ташкеннт Бишкек рейс күнүгө саат 22.00 жөнөп турат

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 8, 2018 00:57

«Бишкек -Ташкент жана Ташкеннт Бишкек рейс күнүгө саат 22.00 жөнөп турат

IMG_3336Кыргыз автобекети Мам лекеттик ишканасы 2018 жылдын 5-майынан баштап эл аралык «Бишкек -Ташкент» каттамы боюнча жүргүнчүлѳрдү жѳнѳтүүнү  пландаштырууда. Билет чоң адамдар үчүн баасы 1000 сомдон, 5-12 жашка чейинки балдарга 500 сом. 5 жашка чейинки балдарга акысыз (орун ээлебесе). Багаждын бир орундугу 200 сом. Билеттер «Кыргыз автобекети»  (Западный автовокзал) ишканасынын кассаларында сатылат.

автобустук каттамды Кыргызстандык «Транс Союз Азия » ачык акционердик коом тейлет. Ал эми Озбекистан тараптан OOO  MIRONSHOX GRAND TRANS автотранспорт ишканалары тейлейт.

Ташкент маршруту боюнча темир жол, аба каттам жана авто каттамдар  жөнүндө келишим эки ѳлкѳнүн үзгүлтүксүз  байланышы ачуу 2017-жылдын  13-14-декабрындагы  эки өлкөнүн президенттери нин жолугушуусундагы  тараптуу келишимдерди өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу максатында түзүлдү.

Маалымат ирээтинде айта кетсек. Март айында  №455/456 «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезди Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттап баштады.

Анын расписаниеси төмөндөгүчө: Аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Рыбачьеден кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет.

Тактап айтканда 2018-жылдын 22-мартында бейшемби күнү Ташкент шаарынан чыгып, 23-мартта жума күнү Рыбачьеге келди. Ал эми 24-март ишемби күнү Рыбачьеден кайра жөнөп, 25-март жекшемби күнү Ташкент шаарына жөнөп кетти. Курамында 7 купе вагону, 3 плацкарт вагону жана вагон рестораны бар.

Учурда жүргүнчүлөрдү ташуучу «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезд каттамына билеттер сатыла баштады. Билет баалары: Бишкек шаарынан Ташкент шаарына чейин плацкарт вагонуна 2500 сомдон, купе вагонуна 3378 сомдон жана люкс вагонуна 6432 сомдон.

Эске салсак, алгачкы каттамды Кыргызстан тарап борборубуздагы “Бишкек II” темир жол бекетинде расмий салтанат менен тосуп алды. Алгачкы каттам менен Өзбекстан республикасынан 77 адам расмий делегация менен келди. Алар Балыкчы шаарында болушуп, Кыргызстандын бермети болгон Ыссык-Көл менен таанышып кайтышты.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 8, 2018 00:57

Парламент

Элдик медицина