Бишкек шаарындагы аба электр чубалгыларын реконструкциялоо иштерин улантууда

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 5, 2019 15:39

Бишкек шаарындагы аба электр чубалгыларын реконструкциялоо иштерин улантууда

9 Северэлектро” ААКы 2019-жылы Бишкек шаарындагы 0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 151,5 чакырымын өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен реконструкциялайт.

Бүгүнкү 27-августка карата жаңы зымдарды монтаждоо жана тартуу иштери дээрлик 70 пайызга аткарылды. Алсак, шаардын чыгыш бөлүгүндөгү 50 чакырым, батыш бөлүгүндөгү 48 чакырым аба чубалгылары өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымга алмаштырылды. Мындан тышкары, эскилиги жеткен жыгач тирөөчтөрдү алмаштыруу иштери да ийгиликтүү жүрүүдө. 2019-жылга мерчемделген 814 тирөөчтүн 523 тирөөчү темир бетон тирөөчтөргө алмаштырылды.

Өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдар кичине салмакта болот жана  кардын жабышып, тоңуп калуусуна туруктуу, катуу шамалдын тирөөчкө болгон таасирин төмөндөтөт. Себеби  көбүнчөсүндө электр энергиянын өчүрүлүшүнө бак-дарактардын бутактары аба чубалгыларга кулап, үзүп кеткендиги себеп болот. Ал эми жамгырда зымдарга тийген бутактар жана сөңгөктөр узатуучуга айланып, ал аркылуу ток жерге агылат.  Бутактардын зымдар менен  тийишүүсүнөн көп учурда учкун пайда болот, бул өрт пайда болуу коркунучун жогорулатат.

“Северэлектро” ААКнын балансында Бишкек шаары боюнча 2 560 чакырым  0,4 кВ чыңалуусундагы аба электр чубалгылары бар, анын 1 164,2 чакырымы 2011-2018-ж.ж. өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарга алмаштырылган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 5, 2019 15:39

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина