Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагалыгына К. Маматов шайланды

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 4, 2016 12:42

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагалыгына  К. Маматов шайланды

140399_14 март, Бишкек. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп Кайрат Маматов шайланды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Аталган кабарга таянсак, кечээ, 3-мартта Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында БШКнын мүчөлөрү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамын бекитти.

 

Жаңы курам өзүнүн биринчи жыйынын өткөрдү.

 

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп кайрадан Кайрат Маматов шайланды.

 

Эскерте кетсек, Маматов аталган кызматта 2012-жылдан тартып иштеп келет.Бул арада ал өзүн жогорку кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 4, 2016 12:42

Парламент

Элдик медицина