Бирок биздин арманды ким угат?

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 11:04

Бирок биздин арманды ким угат?

12 10-март күнү Москва районунун Беловодск айылындагы борбордук базарда соодагерлер Москва райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына жана Беловодск айыл өкмөтүнө, базар ээлерине нааразычылыгын билдирип чыгышты.

«Беловодск айылынын борбордук базарындагы «Крепость» дүкөнүнүн жанында 40тан ашуун адамдар соода кылабыз. Көпчүлүгүбүз кийим-кече сатып, жашообузду жүргүзүп келебиз. Арабызда майыптар, дудуктар, жалгыз бой энелер, пенсионерлер жана башкалар бар. 10-март күнү таңкы саат 05:00дө базарыбызды талкалай башташты. Мындай окуяны укканда жетип келдик. Автоунааларга жүктөп алып кетип жатышыптыр. Биз аларга каршы чыктык. Айрымдарыбыз колдорунан тартып, талкалоого мүмкүнчүлүк бербедик. Бирок биздин аракетибиз орундалган жок. Ошондо баарын түшүндүк. Өткөн жылдардан бери түрдүү «имиштер» айтылып келе жаткан-дейт акциянын катышуучуларынын бири.

«Бул базар мыйзамсыз экен» дешсе, экинчиси: «Бул жер жеке менчик. Эч ким силерге тийише албайт. Соодаңарды кыла бергиле» дешкен. Чын-төгүнүн билбей, күндөлүк көр оокатыбызды жүргүзүп келгенбиз. Эми айлабыз кетип турган чак. Көпчүлүгүбүз насыяга акча алганбыз. Батирде жашагандар да бар. Аны кантип төлөп, балдарыбызды кантип багабыз? Айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылдык. Алар башка жактан базар ачып берүүнү убада кылышты. Аны тез арада аткарышса эле болгону. Айлап-жылдап созулса, насыябыз төлөнбөй, батир акысы чогулуп, бизди азапка салганы турат. Эптеп соода-сатык менен жан багып, жашообузду улантып жүргөнбүз. Кимдир бирөөнүн туура эмес жер тилкесин сатып алып, көп жылдан бери бизди түрдүү амалдар менен алдап келе жаткандын кесепети ушул болду. Биз түшүнүп турабыз. Бул жердеги дүкөндүн айланасы жашылдандырылып, көрктөндүрүлөт экен. Жол алдынан жөө адамдар өтүүчү жол салынат тура. Мына, таштар төгүлүп, иш да башталганы турат. Бул жакшы дейли. Бирок биздин арманды ким угат? Күндө топтолуп, өйдө-төмөн ээрчишип жүрө беребизби?», — деди соодагерлер.

Ал эми айрымдары караманча каршы чыгышты. Жанаша жайгашкан базардын жетекчисин чакырып, «Бизге жер бер. Канча метрден бересиң?» деп соодалашууга өтүштү.

Мындай окуянын чоо-жайын Москва райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы Улан Нуралиев мындайча билдирди.

«Биз жеке менчикте турган базардын ээсине 4-5 жолу кабарлоо бергенбиз. Өткөн жылдан бери ызы-чуу токтобой келет. Тиешелүү кагаздарга караганда гүл сатуу дүкөнүнө караштуу жер. Мыйзам боюнча бул жерде соода-сатык жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Ага уруксат алынган документтер жок. Соодагерлер өз алдынча эле базар уюштуруп алышкан. Биз Беловодск айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте эртеден бери айтып түшүндүрө албадык. Бул жер көрктөндүрүлөт, жашылдандырылат. Райондун борбору болгон соң иретке келип, айлана-чөйрө заманбап көрккө келүүсү керек. Ар ким: «Меники туура. Болбосо жазабыз. Жогору жакка кайрылабыз. Арызданабыз» деп эле иштөөгө мүмкүнчүлүк бербесе, мыйзам ченемдүүлүк кайда калат? Баса, өткөн жылдарда Жогорку соттун чечими чыккан. Анда да соода-сатык жүргүзүү мүмкүн эместиги көрсөтүлгөн. Бардык адамдардын укугу бирдей. Соодагерлерди талаага таштабайбыз. Аларга жергиликтүү бийлик менен биргеликте жардам беребиз. Бирок дайыма келечекти ойлой жүргөн жакшы. Жакынкы күндөрү ызы-чуу пайда кылган жер гүлгө айланып, жашылданып, көрктөнүп турса, зыяны барбы? Аймактарды өнүктүрүү ызы-чуу менен эмес, биримдикте, келечекти түшүнүү менен аткарыла турган аракет», — деди ал.

Бул күнү соодагерлерге айыл өкмөтү тарабынан базар курула турган жерлер сунушталды. Алар түшүнүү менен кабыл алышып, жергиликтүү бийликтен жардам күтүштү. Окуянын жүрүшүн РИИБдин тартип сакчылары толук көзөмөлгө алып, коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 11:04

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина