Бир күн ичинде коронавирус 423 кишиден табылып, 461 адам айыгып чыкты
Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) 423 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте — 130 киши, Ош шаарында — 16, Чүй облусунда — 102, Ош облусунда — 35, Талас облусунда — 17, Нарын облусунда — 11, Ысык-Көл облусунда — 33, Жалал-Абад облусунда — 50, Баткен облусунда 29 адам коронавирус жуктуруп алган.
Ошол эле учурда бир күндө коронавирустан 461 адам айыгып чыккан.
“Бишкекте — 128, Ош шаарында — 26, Чүй облусунда — 78, Ош облусунда — 53, Талас облусунда — 25, Нарын облусунда — 8, Ысык-Көл облусунда — 29, Жалал-Абад облусунда — 61, Баткен облусунда 53 киши айыкты” — деп билдирет республикалык штаб.
Бир күн ичинде коронавирустан 6 киши каза болгон: Бишкекте — 3 киши, Нарын облусунда — 1, Чүй облусунда — 1, Ош облусунда — 1 адам.
Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 2 миң 869 бейтап, үй шартында 3 миң 662 киши дарыланууда.
“Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын 52си канааттандырарлык абалда, 1 миң 958 киши — орточо оор, 750 адам — оор жана 109 киши өтө оор абалда”, — деп айтылат маалыматта.
Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча14 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол эле учурда үй карантининен 8, стационарлардан 3 медицина кызматкери айыгып чыгарылган. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 3 миң 879 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 3 миң 587 медкызматкер айыгып чыкты.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 71 миң 971ди түзөт. Алардын ичинен 63 миң 407 адам айыгып чыкты, 1 миң 262 киши каза болду.