Билим – бактылуу турмуш башаты дегендей Бер-Булактагы баарлашуу

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 1, 2019 11:49

Билим – бактылуу турмуш башаты дегендей Бер-Булактагы баарлашуу

 8 Ар күнү жакшы маанай өкүм сүргөн келишимдүү мектепте жакында, 30-январда эле көңүлдөн кеткис өзгөчө иш-чара болуп өттү. Бер-Булак орто мектебиндеги бул баарлашууга Аламүдүн районундагы отуз жети мектептин директорлору катышышты.

-Бизде маанилүү маселелер талкууланган райондук семинарларды ай сайын уюштуруп туруу салтка айланган, -деген эле мындан бир аз күн мурда кыска пикир алышуу учурунда Аламүдүн райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Светлана Орозобаева.

Ошондон бизде борбордон алыс эмес Бер-Булакта, Таш-Дөбө айыл аймагында болуу максаты жаралды.

-Бүгүн сиздердин биздин мектепте болушуңуздар биз үчүн өтө кубанычтуу окуя,- деди эң алгачкы сөзүндө мектептин директору Гүлнара Мамбетиманова кесиптештерине кайрылып. – Ушул күндү, семинардын өтүшүн биздин педагогикалык жамаат чыдамсыздык менен күтүп жаткан. Өз ишибиз, буга чейин топтогон тажрыйбабыз жөнүндө ой бөлүшүү баарыбыз үчүн жагымдуу көрүнүш деп ойлойм.

Бул жолку “Билим жана тарбия берүүдө эриш-аркак иштөө —  сапаттын өбөлгөсү” аттуу семинарда билим берүүнүн жаңы тартиби, өркүндөтүлгөн стандарт менен иштөөдөгү ийгиликтер, окуучуларды ар сабактар боюнча өткөрүлүүчү Олимпиадаларга даярдоо жагындагы иш-камылгалар, аткара турган милдеттер жана айрым көйгөйлөр туурасында сөз болду. Билим берүүдө мыкты сапаттык көрсөткүчтөргө жетишүүнүн маанилүү шарты – бул мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүнө байланыштуу экени баса белгиленди.

II

Семинардын дагы бир кызыктуу бөлүгү – өткөрүлгөн ачык сабактар кызуу талкууларды жаратты. Билим берүүнүн отличниктери, тажрыйбалуу мугалимдер Марипа Кыдыргычованын химия боюнча 8-класстын окуучуларына, Элмира Солтоналиеванын кыргыз тилинен 4-б класска, Гүлнара Кыдыралиеванын орус адабиятынан 6-б класска өткөн сабактары жеткиликтүүлүгү, ынанымдуулугу, көрсөтмөлүүлүгү, окуучуларды эркин ой жүгүртүүгө түрткөн таасирдүү жактары менен кубанаарлыктай сонун ой-пикирлерди калтырды. Кыргыз адабияты боюнча 5-класста болгон, көрүнүктүү жазуучу жана котормочу катары элибиздин эсинде түбөлүк сакталып калган Касмалы Баялиновдун белгилүү “Ажар” повестин жыйынтыктоо сабагы терең, жандуу, элестүү, окуучулардын баардыгынын кызуу катышуусу жана кадимки артисттердей монологдорду көркүнө чыгара аткара билгендиги менен өткөн  ачык сабакка назар салган мектеп директорлору убакыттын кандай өткөнүн байкабай да калышты. Алардын, буга күбө болгондордун чын пейилден айтылган куттуктоо-кубанычы кыргыз тили жана адабияты мугалими, мектеп жетекчисинин окуу иштери боюнча орун басары Элзат Дүйшембиевага, жогоруда аттары аталган устат педагогдордой мугалимдик мыкты чеберчиликти көрсөткөн окутуучу айымга арналды. Жакшы эмгеги, табылгалары, ишке берилгендиги менен мактоого ээ болгон физика мугалими Жылдыз Салманованын 7-б класска өткөн ачык сабагы анын келечекте өзгөчө ийгиликтерге жетишеринен кабар берип турду. Анын изденүүсү айрыкча экени да айтылды.

Ушундай үлгү алчу жактары арбын ачык сабактарды талкуулоого жана “Мугалим, окуучу, ата-эне үчөөбүз – келечектин үмүт көчүн түзөбүз” деген тренинг ой бөлүшүүсүнө катышкан жетекчи-педагогдор бактылуу турмуш башаты болгон билим берүүнүн жаңы стандарттарын жеткилең өздөштүрүп жаткандыктарын ачык көрсөтүштү. Алардын, мектеп директорлору Жанара Шаманованын, Элмира Чавалиеванын, Кымбат Жаамбаеванын, Нурмамат Токтоназаровдун, Анара Абдырахманованын, Гүлмира Асекованын,  Кызылгүл Мамбетованын, Күннур Таласбаеванын, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Мария Узенованын мазмундуу баяндары семинардын кызыктуулугун арттырды.

Өз ара ой-пикир алышуу учурларында райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Бактыгүл Намазбекова, райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Нурлан Сулайманов, Апас Жумагулов атындагы Көк-Жар орто мектебинин директору Жылдыз Турдалиева, семинардын башка катышуучулары бир катар омоктуу ойлору менен бөлүшүштү.

Семинардын ийгиликтүү өтүшүнө ошондой эле устат – мугалим Каныкей Салманова мыкты баяндамасы, техникалык көрсөтүү ишин камсыздашкан мугалим Мээрим Аманкулова, мектептин кызматкери Махабат Белалбаева  ийкемдүү иши, кесипкөйлүгү, мектептин жалпы жамааты жакшы аракеттери менен чоң салым кошушту.
III

Көптөгөн ийгиликтерге жетишкен Бер-Булак орто мектеби 1996-жылы ачылган. 2002-жылы бул мектепке ушул эле районду жетектеп келген, Жогорку Кеңешке депутат болгон, мектеп имаратынын курулуп-бүткөрүлүшү үчүн көп эмгек жумшаган Ормонбек Турсуматовдун ысымы ыйгарылган. Мектептин ишин мыкты деңгээлге көтөрүүдө он төрт жыл жетекчи болуп иштеген өрнөктүү инсан, мыкты педагог Сыйнаш Иманкулова өзгөчө салым кошту. Андан берки тогуз жыл аралыгында Гүлнара Мамбетиманова директор болуп иштеп, мектептин жетишкендиктерин дагы өркүндөтө алды. Билим берүүнүн сапаты кыйла жогорулады. Мектепте түзүлгөн жагымдуу жагдай мында эмгектенген 26 мугалимдин ынтымактуулукта, бири-бирин колдоо, сыйлап-урматтоо, чыгармачылык менен иштей билүүлөрү, мектептин маанилүү маалымат-баяндар жана шарт, жылуулук жагынан жетишээрлик түрдө жабдылышы өзүлөрү гана эмес башкалар сыймыктангандай маанайдын түзүлүшүн шарттоодо. Мектеп окуучуларынын райондук, облустук жана республикалык Олимпиадаларда улам көбүрөөк жеңүүчүлөрдөн болуп жатышы, Манастаануу жана “Акыл таймаш” интеллектуалдык телетаймаштарда, маанилүү дебат сынактарында, спорт жагынан да көп айырмаланышы бекеринен эмес. Мектеп, алар буга зор эмгектин, талыкпаган изденүүлөрдүн аркасында жетише алышкан.

Мектептин өзгөчө ардак-сыймыгы алдыңкы мугалимдер, аракетчил жаштар, КМШ өлкөлөрү боюнча Билим берүүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси Айнуру Алымкулова, Кыргызстандын билим берүүсүнүн сегиз отличниги, ийрим, бирикме, командаларды даярдап-жетектеген үлгүлүү мугалимдер: Сыйнаш Иманкулова, Элзат Дүйшембиева, Жаңыл Деркембаева, Гүлнара Кыдыралиева, Салтанат Тоголокова, Айтолкун Таласпаева, Жылдыз Салманова, Төлөгөн Мырзабеков, дагы-дагы нечен эмгекчил мугалимдер. Анан, албетте, терең билим алууга умтулган окуучулар, окуунун алдыңкылары, Кыргызстандын жана Россиянын мыкты-мыкты жогорку окуу жайларында билим алган жана  аларды бүтүрүп иштеп жатышкан мектептин бүтүрүүчүлөрү, мектепке ар тараптан көмөктөшкөн ата-энелер.

IV

Семинарда  окуучуларды китеп окууга көбүрөөк тартуу маселеси да көтөрүлдү. Аталган мектеп ата-энелерди китеп окууга чакырган иш-чараларды өткөрүү менен окуучулардын китеп окууга болгон кызыгууларын арттырууга жетише баштаган.

Семинардын бир жаңылыгы – “Байчечекей” балдар журналы, Кыргыз эл акыны Токтосун Самудиновдун калеминен жаралган билим-тарбияны өстүрүп-калыптандыруучу, кошумча окуу материалы болуучу китептери жөнүндө кыскача баяндама берилди. Балдар адабиятын колдоо туурасында сөз болду.

Семинарда омоктуу ойлор да айтылды. Булар  мектептерди техника, интернет менен жабдууну жакшыртуу, мыкты эмгеги менен көрүнгөн мугалимдерге сыйлык, наамдарды берүү, мектептерге медкызматкер бирдигин киргизүү, мектеп, мугалимдердин мыкты тажрыйба-иштерин телерадиодо, гезит-журналдарда чагылдырууну колго алуу маселелери.

Бер-Булактагы көп жаңы ойлорду жараткан, билим берүүнү өркүндөтүүгө арналган иштиктүү баарлашуулар дагы башка мектептердин мисал-тажрыйбасында улантылмакчы.

Курманбек РАМАТОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 1, 2019 11:49

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина