Беловодсктогу балдар психоневрологиялык интернаты текшерилди

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 28, 2019 14:35

Беловодсктогу балдар психоневрологиялык интернаты текшерилди

4 Чүй облусунун Беловодск айылындагы балдардын психоневрологиялык интернаты толук оңдоодон өтүп, кошумча имарат да курулду. Куруу жана оңдоо иштери аяктагандыктан, тиешелүү кызмат өкүлдөрү жана журналисттердин катышуусунда рейд жүргүзүлдү.

Бүткөрүлгөн ишти кабыл алууда белгилүү болгондой, балдар интернатынын бир бөлүгү толук ремонттолуп, бир бөлүгү бардык шарттары менен жаңы салынган. Атайын адистер текшерүүдөн өткөрүп, ишти кабыл алышууда. Курулуш иштери 2019-жылдагы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.

Эскерте кетсек, Беловодск айылындагы аталган балдар психоневрологиялык интернаты 40тан ашык баланы дарылоого ылайыкталган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 28, 2019 14:35

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина