Беловодское айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджет талкууланды

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 5, 2021 12:08

Беловодское айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджет талкууланды

1 22- декабрда Москва райондук администрацияда Беловодское айыл өкмөтүнө караштуу Беловодское жана Кош-Дөбө айылынын тургундары, активисттери жана айылдык кеңештин депутаттары келээрки жылдын киреше булагын бөлүштүрүү боюнча жыйынга чогулушту. Ошондой эле жыйында үй-бүлөдө зордук-зомбулуктун алдын алуу Комитетинин 2021-жылга карата аткара турган иш-чараларын дагы талкуулашты. Эске сала кетсек, 2020-жылдын июнь айында Москва районуна караштуу 12 айыл өкмөтүндө үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча Комитеттер түзүлүп, иштеп келишет. Алардын катарында Беловодское айыл аймагында да түзүлгөн Комитеттин иштери туурасында жана алдыга коюлган максаттар, пландар менен Комитеттин төрагасы К. Сыдыгалиев тааныштырып өттү. Ал үй-бүлөдө зордук-зомбулукка жол бербөө үчүн 2021-жылда кандай иштер аткарыла турганын айтып өттү. Мисали, муктаж болгон үй-бүлөлөргө укуктук жардам көрсөтүү, ичимдик жана баңгизатка каршы күрөшүү максатында спорттук иш чараларды өткөрүү.

Андан соң Беловодское айыл аймагынын келээрки жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүмүнө токтолушту. Тактап айтканда, айылдык кеңештин  депутаттары жергиликтүү калк менен биргеликте айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун иштеп чыгышты. Приоритеттүү багыттардын катарында мурунку жылдагыдай эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагы кирет. Былтыр айыл өкмөтү үчүн эң оор жылдардан болгондугуна карабастан калкты таза суу менен камсыздоо маселелери тынбай ишке ашып келди. Андыктан быйыл дагы ал иштердин улануусуна депутаттар акча каражатын бөлүштүрүштү, андан тышкары биринчи катарда жолдорду оңдоп-түзөө иштери турат.

“Бюджетти бөлүштүрүү биздин айыл өкмөтүндө жыл сайын жашоочулардын катышуусунда жана алардын сунушун эске алуу менен жүргүзүлөт. Андыктан быйыл да жергиликтүү элдин көтөргөн көйгөйлүү маселелери сөзсүз көңүлгө алынат”, — дейт Беловодский айылдык кеңештин депутаты Элеонора Сыйданова.

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 5, 2021 12:08

Приемная кампания 2020

Элдик медицина