Бажырайган гүлдөр үчүн апакемдин кеңеши

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 17, 2017 11:10

Бажырайган гүлдөр үчүн апакемдин кеңеши

cvetnic_na_dache6 17 февраль, Бишкек. Ар бир кожейке терезесинде бажырайган гүдөрдүн ачылып туруусун кааласа керек. Кээде тилекке каршы гүлдөр жылы бою көз жоосун алган бариктерди жамынбай көркү кете түшөт же таптакыр гүл ачпай калат. Мындайда апакелерибиз гүлдү бапестеп өстүүнүн сырларын катып келишкен.

-Гүлдү кыш күз айларында эртең менен сугарып ал эми жаз, жай амезгилдеринде кечинде сурагып турса гүлдүн көркүнө көрк кошулуп турат.

-Гүлдүн жабырактарын нымдандырып суу чачууда суу чачуучу идишке ысык суу куюп, эртең менен эрте же кечиндеси чачууну унутпаңыз. Ал эми ысык суу болсо чачыратуу учурунда мээлүүн болуп калат да жалбырактарга доо кетпейт.

-Ачык жана түстүү жалбырактарды кааласаңыз суу чачуудан мурун сууңузга камфор спиртинен кошуп алыңыз. Болжол менен 1 литр сууга 2-4 тамчы кошосуз.

-Гүл отургузууда гүл челекке топурактын арасына балыктын башын кошо салып койсоңуз гүлүңүздүн гүдөшүнө жардам берип түгөнгүс азык болот.

-Кактуска сүт аралаш суу куюп турса өсүмү гана жакшырбастан көркүнө көрк кошулуп саргаруудан алыс болот.

-Гүлдөп жаткан гүлдөрүңүздү айына эки жолу кастор майы аралаш суу менен сугарып турсаңыз гүлдөө мөөнөтү да узарат. Бир литр сууга бир чай кашык кастор майын кошосуз. Жакшылап аралаштырууну унутпаңыз.

-Кышкысын гүлдөргө таттуу жетишпейт десе ишенесизби. Күн нурунун жетиштүү тийбегенине байланыштуу гүлдөр таттууга муктаж болушат, андыктан эки жумада же бир айда бир жолу таттуу суу менен сугарып турууну унутпаңыз.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 17, 2017 11:10

Парламент

Элдик медицина