Баткен суу үчүн коңшу өлкөлөрдөн көз каранды болбостон камсыз кылынышы керек

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 12, 2015 08:38

Баткен суу үчүн коңшу өлкөлөрдөн көз каранды болбостон камсыз кылынышы керек

8 12 июнь, Бишкек. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров кечээ, 11-июнда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында Баткен облусунун айрым айыл аймактарын таза суу, ичүүчү суу менен камсыз кылуу зарыл экенин белгиледи.

Депутат У.Кочкоров Баткен районунун Боз-Адыр, Ак-Турпак айылдарын ичүүчү суу, сугат суу менен камсыз кылуучу суу сордуруучу станциялар Өзбекстандын райондорунда жайгашкандыктан кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын, бул багытта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү комитети көчмө жыйын өткөрүп, маселени жеринде көрүп, тиешелүү чечим чыгарып бергенин маалымдады. “Эми комитеттин чечими Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип, Өкмөт бул багытта иш алып барса дурус болот эле”, -дейт ал.

Эске салсак, 2015-жылдын 31-май — 1-июнь күндөрү Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү комитети Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрүп, Баткен районунун сугат суу, ичүүчү суу тармактарын кыдырып чыккан.

 

Адилет Туранов, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 12, 2015 08:38

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина