Балыкчыда окуучулар газга ууланды

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 18, 2017 12:14

Балыкчыда окуучулар газга ууланды

скороя 18 апрель, Бишкек. Балыкчы шаарындагы №3 Абдылдаев атындагы мектепте окуучулар белгисиз газга ууланды.  Ошол эле күнү куткаруучулар тарабынан эки мугалимге жана эки окуучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, 10 окуучу Тез жардам кызматы менен шаардык ооруканага жеткирилген.

Учурда беш окуучу шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, бешөө травматологияда жатат. Эки мугалимге жана эки окуучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 17-апрелде түшкө жуук болгон. Окуянын чоо-жайы боюнча азырынча кошумча маалымат бериле элек. Милиция иликтөө иштерин баштады.

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 18, 2017 12:14

Парламент

Элдик медицина