Балдарга карата зомбулукту токтотуу керек

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 11:51

Балдарга карата зомбулукту токтотуу керек

18 Балдарга карата болгон зомбулук балдардын эле эмес мамлекеттин  келечегине балта чабат. Алардын жашоосуна жана саламаттыгына терс таасир тийгизгенден тышкары зомбулук балдардын эмоционалдык абалына, жашоосунун татыктуу уланышына коркунуч жаратат.

ЮНИСЕФдин маалыматы боюнча Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү таш боор жана тоотпогон мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот.

Учурда зордук-зомбулуктан жана таш боор мамиледен жапа чеккен балдарды социалдык жактан коргоо жана реабилитациялоо үчүн ЮНИСЕФ Өкмөткө балдарды коргогон органдар тарабынан мындай балдарды коргоо боюнча туруктуу система түзүүгө жардам берүүдө. 2011-жылы  өлкөдө балдарга колдоо көрсөтүү боюнча төрт борбор түзүлгөн. Ал жерде балдар – зомбулукту жана таш боор мамиленин курмандыктары социалдык, психологиялык жана укуктук жардам көрө алышат.  

Мындан тышкары балдарга карата сексуалдык зордук-зомбулуктун улам өсүп жатканы бул багытта көңүл бурууну талап кылгандыктан атайын мамлекеттик программалар да иштелип чыгууда.  Зордуктоону жаап-жашыруу, сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгон балдарды аныктоо жана коргоо механизмдеринин адекваттуу эместиги, тартип коргоо органдарынын чара көрбөгөнү, жапа чеккен балдар үчүн түз даттануу механизмдердин жоктугунан Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  учурда республиканын баардык аймактарында балдарга карата болгон зомбулукту алдын алуу үчүн комиссиялар түзүлсүн деген токтом кабыл алган. Премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен 2019-жылы зордук-зомбулукка көп туш боло турган балдардын, эмгек мигранттарынын, туугандарынын багуусуна туш болгон өспүрүмдөрдүн дарегин алардын жашоо-шартын тактап туруучу база түзүлөт. Түзүлгөн база анонимдүүлүктү камсыз кылып, социалдык кызматкерлер, билим берүү жана тартип сакчыларынын ортосундагы балдарга колдоо көрсөтүү механизми болот деп билдирген өкмөт башчы өз сөзүндө. Өкмөт тарабынан бул базага катталган зомбулуктун  жана таш боор мамиленин курмандыктары социалдык, психологиялык жана укуктук жардам көрө алышат. Ал эми бул база тууралуу  маалыматың барбы деген суроого  жарандар төмөнкүчө жооп беришти.

Самат Бакасов, жеке ишкер:

- Негизи мындай балдардын бирдиктүү базасы  түзүлүп жатат дегенди жаңылыктардан  эле көрүп калдым. Жанагы балдарга ошондой мыкаачылык менен мамиле кылгандарга жазаны күчөтсө болмок. Иши кылып база дегени кагаз жүзүндө калып  калбаса болду.

Диана Бекова, чач тарач:

- Менин кыздарым бар, негизи корком, жалгыз-жарым бир жакка жибергенден. Мектепке да өзүм алып барып келип турам. Ата-энеси башка жакта же жок өспүрүмдөрдүкү андан да кыйын болсо керек. Кайсыл социалдык тармакты караба баланча баланы зордуктап кетиптир, сабап салыптыр, ооруканада деген эле сөздөр. Мамлекет  жакшылап көзөмөл кылып, зомбулукту токтотуу үчүн берген убадасын аткарса деп тилек кылат элем. Бул менин эле эмес балалуу ар бир ата-эненин тилеги болсо керек. 

 

Кенже Таалайбек кызы, психолог:

- Бул база иштеп баштагандан кийин  иштеп баштаптыр деп айтпасак, азыр алар эмне иш алып барып жатканы белгисиз. Мындай аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энелеринен алыс жашаган жеткинчектер боюнча маалымат топтоочу атайын мекемелер, базалар башка өлкөлөрдө мурдатан эле бар. Алар конкреттүү жардам бере алышат. Ал эми биздеги түзүлгөн базага кандай кайрылышат, андан эмне жардам болот, эч ким билбейт. Кыскасы, жалпы элде жетиштүү маалымат жок.   Мамлекет элди балдарды коргоо иш-чаралары боюнча кеңири маалымат менен камсыз кылса болмок.

 

Станбек Мамыралиев

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 11:51

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина