Балдардын реабилитациялоо борбору камкордукка алынат

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 07:52

Балдардын реабилитациялоо борбору камкордукка алынат

20 Токмок шаарындагы республикалык адистештирилген, балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборунда 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата балдарга арналган иш-чара болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн социалдык жактан өнүктүрүү боюнча вице-премьери-министри Алтынай Өмүрбекова, Токмок шаарынын мэри Данияр Амангельдиев, Саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечебаев, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова, реабилитациялоо борборунун директору жана ата-энелер катышышты. Аталган борбордо нерв системасынан жабыркаган, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, төрөлгөндөн баштап 4 жашка чейинки 80 бала көзөмөлдө турат. 1-июнь балдарды коргоо күнү менен куттуктап келген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүркулова балдарга кубаныч тартуулоо максатында белек-бечкектерди жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан борборго 300000 сомдук сертификатын тапшырып жатып баардык балдарды эл аралык балдар күнү менен куттуктап, ачык асман, кең келечек каалап, ошону менен бирге алардын алдыга койгон максаттарынын ишке ашырылышы үчүн болгон аракеттерин жасашарын белгилеп кетти.Мындан тышкары реабилитациялык борборго Саламаттык сактоо министрлигинин атынан хирургиялык электр жабдык белекке берилди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүркулова:

“-Эл аралык балдар күнүнө карата Өкмөттүн атынан Токмок шаарында жайгашкан республикалык адистештирилген, балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна келдик.Биринчиден конкреттүү түрдө бул реабилитациялык борбор эмнеге муктаж экендигин көрүп кетип, бир авариялык имараты бар экен. Өкмөт тарабынан жардам болсун, бир жаңы имарат салып бергиле деп борбордун директору суранып жатат. Мен ойлойм бул жер керектүү, анткени жөн гана балдар интернаты эмес, реабилитациялык борборду жаңылап куруу пландары бар экен. Азыр биздин мамлекетте Жалал-Абад шаарында жана Беловодское айылында эки жаңы инновациялык борбор салынып жатат. Аларга болсо Европа союзунун атынан каражат бөлүнгөн. Ал жакта жаңы социалдык кызматтар көрсөтүлөт.Ошого ылайыктап ушул сыяктуу иновациялык борборлор кандай болуш керек деп жаңы долбоорлорду түзүп жатабыз. Ошол долбоорлордун алкагында дагы Чүй облусуна караштуу ушундай борбор түзсөкпү деп мен ушундай ойго келип атам. Мен сөзсүз түрдө бул тууралуу премьер-министрге айтамын, ал киши да “Бул борбор дагы эмнеге муктаж экенин карап келгиле, биз республикалык бюджет аркылуу ошол муктаждыктарын чечип берүүгө аракет кылабыз”- деп билдирди Өкмөт башчысы.”

Айтмакчы, Токмок шаарында ДЦП диагнозу менен, тактап айтканда шал оорусу менен ооруган үч бала Токмок шаарындагы республикалык адистештирилген, балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборунун камкордугуна алынып, алар үйлөрүндө бул аталган борбордун дарыгерлеринин жардамы алдында үйлөрүндө дарыланууда. Алар бул иш-чаранын алкагында Өкмөт тарабынан дагы камкордукка алынып Өкмөттүн өкүлү тарабынан аларга көп функционалдуу 30 киллограммдык инвалиддик коляска ар бирине өкмөттүн атынан тапшырылды.

Аталган борбордо врач-педиатор болуп эмгектенген Гүлнар Аманбаеваны сөзгө тарттык.

-Бул реабилитациялык борбордо врач-педиатор болуп иштейм. Учурда борбордо нерв системасынан жабыркаган баардыгы 80 бала, алардын ичинен 16 бала Токмоктуку, күндүзү гана биздин көзөмөлдө, кечинде ата-энеси алып кетип турган балдар. Бизде борбордо төрөлгөндөн баштап төрт жашка чейин кабыл алат. Бизге балдар ар бир облустардан көбүнчө ДЦП, синдром Дауна диагноздору менен келишет. Дары-дармектер жетиштүү, массажист, психолог жана башка адистер эмгектенишет. Синдром Дауна диагнозу менен ооруган балдар көбүнчөсү жүрөк оорулуу болуп операцияга муктаж болгондуктан, Бишкек шаарындагы Жал микрорайонунан бекер операциялар жасалат.Жакында бир балага операция жасалды, кудайга шүгүр акыбалы жакшы.

Айнура ЖАНЫШОВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 07:52

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина