Балдарды жана үй-бүлөнү коргоого көңүл бурулат

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 22, 2017 11:27

Балдарды жана үй-бүлөнү коргоого көңүл бурулат

сердце22 сентябрь, Бишкек. Чүй облусунун сегиз району жана Токмок шаарынын балдар менен иштөө адистери үчүн эки күндүк семинар болуп өтүп, биринчи күнү Чүй облусунун күн чыгыш тарабын камтыса, экинчи күнү күн батыш тарабын камтыды.

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Ж.Жумабаева бул тармакта эмгектенген адистер менен семинар өткөрдү.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрүнө өткөргөн семинары үчүн ыраазычылыгын билдирип, семинардан алган маалыматтар балдар менен иштеген облустун адистерине пайдасын тийгизет деген оюн билдирди.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 22, 2017 11:27

Парламент

Элдик медицина