Балаты майрамында шыбы түшкөн мектеп оңдоодон өтүп жатат

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 31, 2021 14:01

Балаты майрамында шыбы түшкөн мектеп оңдоодон өтүп жатат

15 Москва районунун Александровка айылындагы Ясыр Шиваза атындагы орто мектебинде оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Маалым болгондой, оңдоо иштерине Чүй облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 3 млн сом бөлүнгөн.

«Кош кабаттуу типтүү мектеп 1962-жылы 900 орунга ылайыкташтырылып курулган. Учурда 54 мугалим 1500дөн ашуун окуучуга билим берет. Басымдуу бөлүгү дунган улутундагы окуучулардан түзүлгөн 42 класс-комплекстин 5 башталгыч класстарында окутуу кыргыз тилинде ишке ашырылган. 59 жылдык тарыхы бар билим берүү мекемесинин эскирген чатыры 2020-жылдын октябрь-декабрь айларында толук алмаштырылып жаңыланды. Ал эми дубалынын алдыңкы жана бир жак капталынын шыбактары көчүп, кайрадан оңдоо иштери жүргүзүлүүдө», — деди мектеп жетекчилиги.

Ошондой эле спорт залдын оңдоо иштери жана терезелерди алмаштыруу жергиликтүү бюджеттен ишке ашырыла турганын айтышты.

Белгилүү болгондой, 2019-жылы жаңы жылдык балаты майрамында спорт залдын шыбынын шыбагы көчүп түшкөн.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 31, 2021 14:01

Приемная кампания 2020

Элдик медицина